КУЛАТУУ СПОРТУ: УРУП КУЛАТПАЙ, ТҮРТҮП КУЛАТ

Кулатуу кадимки панкратион менен кунг-фудан, таэквондо менен күрөштөн эмнеси менен айырмаланат? Канча жылдык тарыхы бар? СССРде эмне үчүн таэквондого урусат жок да, кулатууга бар эле? Кулатуу спорту боюнча 21-ирет Өлкө чемпиондугу старт алар алдында ушундай суроолорго жооп издеп көрдүк.

Темир Турусбеков, кулатуу спортунун негиздөөчүсү, КРнын Кулатуу федерациясынын президенти: «КЫРГЫЗ СПОРТУ ЖАҢЫЛАНЫП ТУРУШУ КЕРЕК»
– Саламатсызбы, Темир ага? Негизи, кулатуунун идеясы кандайча жаралган?
– Мен 10 жашымдан кылыч кармадым. Башынан эле спортко жакын болгондуктан, спорт түрлөрүн сыртынан карап жүрчүмүн. Москвадагы окуу жайда окуп жүргөндө таэквондо спорту менен машыга баштагам. 1978-жылы Бишкекке келип, Кыргызстанда биринчи болуп Таэквондо федерациясын түздүм, бирок кийинчерээк таэквондо спорту жакпай баштады. Ошол эле учурда СССРде уруш түрүндөгү спорттор менен машыгууга тыюу салынды. Карап көрсөм, байыркы спорт түрлөрү менен гана келатыптырбыз. Анан жаңы спорт түрлөрү керек деген ойдо 1985-жылы
эрежелерин иштеп чыгып, ишке ашырдык.

– Бул спорт түрүндө канча спорт искусствосу камтылган?
– Өзүм таэквондо менен машыккандыктан, анын ичиндеги ыкмаларды жакшы билем, ошол эле ыкмаларды биздин спортко ылайыктадык. Эң негизгиси, «урба» деген сыпайылыкты сактап, түртүп жыгууга туураладык. Кулатууда таэквондо, самбо, күрөш, панкратион сыяктуу бир катар спорт түрлөрүнүн үлгүсү бар. Ошондой эле кадимки кытай кунг-фусуна да окшоштурса болот.

– Айтсаңыз, кулатуу кандай жайылып жатат? Ал эл аралык спорт түрүнө айланабы?
– Азыр кулатууну жайылтуу аракетин көрүп жатабыз. 7 дубанда атайын федерациялар ишке кирди. Бизде машыккан Эмил Токтогонов, Павел Федотов, Улан Эралиев эл аралык ири мелдештерде байге алып жүрүштү. Айрым окуучуларыбыз чет өлкөлөргө кетип жатышат. Эң негизгиси, массалык түрдө эмес, миграциянын эсебинен акырындык менен жайылууда. Ушинтип жайыла берсе, эл аралык спорт түрүнө да айланат. Негизи,
кулатууну аскердик окутуунун биринчи баскычы болсун деп да сунуштап көргөнбүз. Кулатууда куралы жок өзүн коргоого үйрөнсө болот.

АДАМАЛЫ ОСМОНАЛИЕВ, Кулатуу федерациясынын вице-президенти:
– Адамалы ага, сиз кулатуу менен кандай таанышып калдыңыз эле?
– 1979-жылы Темир агайдын колунда таэквондо боюнча машыкчумун. Кийин ал секция жабылган соң кулатуу негизделип калып, кулатууга ооп кеттим. 1990-жылы Кулатуу федерациясы түптөлгөндөн тарта вице-президент болуп эмгектенип келем.

– Кулатуунун эл аралык аренага чыга албай жатканына эмне себеп?
– 1990-жылы кулатуу кыргыз улуттук оюндарынын катарына кирген. Ал эми 1997-жылдан тарта Дене тарбия жана спорт академиясында (ред. ал кезде институт болчу) окутула баштады. Ошол мезгилдерден тарта эле кулатууну эл аралык спорт түрүнө айлантуу боюнча сунуштар байма-бай түшүп келет. Бирок каражат маселесинин тартыштыгынан жайылта албай жатабыз. 2008-жылы Канадада Кулатуунун бүткүл дүйнөлүк борбору ачылган. Ага 24 мамлекет мүчө болуп кирип, ишин жакшы баштаган. Биз ал жакка виза ача албай койдук, азыр Орусияга гана колубуз жетип, ошол жактын мушкерлери менен тыгыз байланыштабыз.

– "Канадалык бир жигит кулатуу менен катуу машыгып жүрөт" дедиңиз эле...
– Ооба, тиги Майк Маркелди айтасыңбы? Ал жигит панкратион боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Билсеңер, Кореяда өткөн ири мелдештердин биринде Павел Федотов (ред. учурда Валентина Шевченконун машыктыруучусу) чемпион аталып, жеңишинин сыры катары кулатууну тааныштырган. Маркелге бул спорт түрү жагып калып, бизге байланышкан. Дээрлик бардык эрежелери менен таанышып, өздөштүрүп жүрөт.

КУЛАТУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Кулатуу – кыргыз элинин күрөш, жоокердик кармаш өнөрү. Кулатуу башка чыгыш оюндары сыяктуу өздүк эрежелерге, ыкмаларга бай. Бул спорт аркылуу кыргыз жаштары ден соолугун, рухий дүйнөсүн жана адамгерчилигин тазалай алат.
Кулатуу чыгыштын жекеме-жеке таймашууларынын контакттуу багыттарына кирет. Жоболору да чыгыш күрөштөрүнүн негизинде үйрөтүүнүн контакттуу ыкмасына туураланып иштелген. Бул спорт түрүндө "уруп жыкпай, түртүп жык" деген боорукерлик принцип да катылган.
Сабактарда машыктыруучу менен окуучу анатомиялык куралдар менен денелерине, моюндарына жана баштарына тийгизип түртүп иштейт. Түртүп, ордунан жылдырып же кулатып жыгуунун чеберчилигине карата упай берилет. Кулатуу – кол менен салгылашуунун кыргызча түрү.
Кулатуу – бул чыгыш жекеме-жеке таймаштарынын ичинен тийгизип кулатуу багытына кирет. Анда кол, бут аркылуу атаандаш менен таймаштардагы жумшак жана катуу тийип кулатуулары үйрөтүлөт. Жумшак тийип кулатууда түртүү, анын түрлөрү, катуу тийип кулатууда сокку жасоо ыкмалары бар. Кулатууда соккунун жана түртүүнүн теориялары окутулат.

КУЛАТУУНУН 4 ВЕРСИЯСЫ БАР:
1. Түртүшүү версиясы. Бул версияда гумандуулук алдыңкы орунга чыгып, атаандаштар бири-бирин түртүп жыгып, упай алышат. Уруп-согууга тыюу салынган.
2. Таймаш. Таймаш версиясында да уруп-согууга болбойт. Атаандаштар күрөштүн ыкмалары менен жыгууга, муунтуу, оорутуу менен утууга тийиш.
3. Мушташ. Үстүнө кимано кийип, кур курчанган спортчу күрөш, самбо жана дзюдонун ыкмалары боюнча мушташ өткөрүлөт. Бул кармашып мушташуу спортуна окшоп кетет.
4. Эр таймаш. Кадимки панкратионго окшош версия. Болгону, эр таймашта атаандаш жерде жатканда кол менен гана чабууга болот. Панкратиондон айырмасы, бул версияда тизе, чыканак менен сокку узатууга тыюу салынат.

PS: 4 версияда тең мушкерлер жылаңач кол менен мушташат. Айрым учурда манжалардын учу ачылган мээлей кийилет.

САЛГЫЛАШУУ СТИЛДЕРИ
Кулатууда эң негизги 7 согуштук стиль бар. Анын баарын өздөштүргөн киши "Ажыдаар" наамына ээ болот. Алар: «Найзачы» («Найза кол»); «Канжар кол» («Кылыч кол»); «Келтекчи» («Келтек кол»), «Алп кара куш» («Куш», «Сыйкырдуу куш); «Жаачы»; «Жылан» («Жыланчы»). «Ажыдаар» – кулатуунун бардык стилдеринин жандама образы. Окутуп үйрөтүүдө да дал ушул күжүрмөн образдар, кыймылдар, чабуул, коргонуу, каршы чабуул жана каршы коргонуу ыкмалары колдонулат
.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Уруп кулатпай , түртүп кулат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Abylbek
2013-06-25 17:12:30
Salamatsyzdarby.Mende suroo bar a Kulatyyda kata barby ? karatedegidei ?

0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан