Берилген рецепттерди окуган айрымдар мурдун чүйрүп, “кызык, чөп жеп?..” деп айтышары бышык. Минтип ойлогондор чоң жаңылышат. Анткени мөмө-чөмө, жашылчалар бышканга чейин дал ушул чөптөр бизди табигый витаминдер менен камсыздай алат.
«УНИВЕРСАЛ» ТУУРАМЖЫБул туурамжыны «универсал» деп атап койдум. Анткени ушул эле туурамжыдан бир нече даамды жасоого болот.
1. Алгач чөптөрдү 3-4 жолу муздак сууга жууп алабыз.
2. Аларды майда туурап, казанда 5-6 мүнөткө демдейбиз. Чөптөрдүн өзүнөн шире бөлүнүп чыккандыктан, эч кандай май, суу кошпоңуз.
3. Демделген чөптөр бир аз муздагандан кийин сыгып алабыз. Ачуу даам ширеси менен чыгып кетет. Буга куурулган пиязды кошуп аралаштырсак, туурамжыбыз даяр болот.
Туз-мурчу жок кандай туурамжы деп таң калдыңызбы? Чөптөрдүн дарылык касиети көбүрөөк болсун дегендер дал ушундай ыкмада жасашат. Айрымдар табитине жараша мындай туурамжыга туз, мурч, куйрук, эт, жумуртка, картошка кошуп жасаары белгилүү. Апаларыбыз адамдын ден соолугуна карап, ысык-суук тамак деп бөлүп, даамдардын түрлөрүн жасап келишкен. Мисалы, чабаты, самсаны ысык, ал эми чүчпара, оромону суук тамак катары пайдаланышкан. Камыры кадимки мантыныкындай эле жуурулат.
ЧҮЧПАРА
Жасоо ыкмасы:
1. Камырды жука жайып, 3Х3 өлчөмүндө чакмак түрүндө кесип алабыз.
2. Ар бирине туурамжыдан салып, чүчпара түйөбүз.
3. Эми кайнап жаткан сууга бир аз туз жана өсүмдүк майынан куюп, бышырабыз. Даяр болгон чүчпараны каймак менен берген ылайыктуу.
ОРОМО
Жасоо ыкмасы:
1. Камырды жука жайып, бетин каймак менен майлаңыз.
2. Андан соң бетине туурамжыдан себелеп, ороп, манты касканда 30 мүнөт бышырып
алыңыз.
3. Бышкан оромону кесип, атайын чыктар, кетчуп, каймак менен берүүгө болот.
ЧАБАТЫ ЖАНА МАЙ ТОКОЧ
Жасоо ыкмасы:
1. Камырды майда бөлүктөргө бөлүп, ар бирин тегерек кылып жайып алуу керек.
2. Камырдын бир бурчуна даяр туурамжыдан салып, четин бекитүү абзел.
3. Казанды бир аз майлап, кызыган соң алгач токочтун бир жагын, андан кийин экинчи жагын кактап бышырыңыз. Бул камырды кызыган майга салып, май токоч да жасасаңыз болот.
4. Чабаты ысык кезинде үстүнө бир аз сары майдан же каймактан сүйкөп дасторконго койсоңуз болот.
ЧӨПТӨРДҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
ЧАЛКАН – гемоглобиндин санын көбөйтөт жана кандын курамындагы кантты азайтат. Мындан тышкары анемияда, бөйрөк, табарсык, боор, өт ооруларында кеңири пайдаланылат.
КААКЫМ – холециститте, боордун циррозунда, шишиктерде, муун оорусунда жана башкаларда пайдаланылат. Сергитүүчү, иммунитетти чыңдоочу каражат.
АТ КУЛАК – тамак сиңирүүгө пайдалуу жана канды көбөйтүүчү касиетке ээ. Жаш балдардын боюнун өсүшүнө да жардам берет.
АЛАБАТА – тырмак жана чачтын өсүшүн жакшыртат, тиштин бүйлөсүн бекемдейт. Калориялуу, адамды ток кармайт.
ЖАЛБЫЗ – жүрөк айланган учурда жакшы даба болуп берет. Эт ысыганда, муундар ооруганда жана депрессиядан арылууда колдонулат.
КОЙЧУ БАШТЫК – залалдуу шишикте, ич өтүүдө, кызыл жүгүрүктө, жүрөк, боор жана муун оорусунда пайдасы чоң. Өт жана бөйрөктү тазалоочу, организмден шлактарды чыгаруучу да касиетке ээ.
БЕДЕ – канды тазалап, өттүн, жүрөктүн жана ичегинин иштешин жакшыртат.
Эскертүү! Дары чөптөрдү өз алдынча колдонуудан мурда дарыгерден кеңеш алуу кажет.
ТУУРА ТАНДАҢЫЗ!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg