Көптөр, Жалал-Абадда жашагандар деле шаарда жайгашкан аэропорттун абалы менен жакшы тааныш эмес. Келиңиз, бул жолу чогуу Жалал-Абад шаардык аэропортуна саресеп салалы.
Аэропорт 1975-жылдары курулуп бүтүп, колдонууга берилген. Жалпы аянты 79 гектар. Жалпысынан алганда 10 кызматкер эмгектенген жай өтө чоң эмес болсо да, тыкан. Аэропорттун жетекчиси ЗАКИР МАМАСЕИТОВДУ сөзгө тарттым. – Бул жерде жетекчи болуп иштегениме 20 жыл болду. Бир бөлүм аэродромдук кызмат бөлүмү аталып, учуп-конуу тилкесин тазалап туруу менен алектенишет. Ал эми учак конуусун текшерип турган адамдардын тобун кошумча бөлүм деп коёбуз. Андан тышкары коопсуздук бөлүмү бар, алар жүргүнчүлөрдү кароодон өткөрүп, алып өтүүгө
мүмкүн болбогон жүктөргө текшерүү жүргүзүшөт. Техника боюнча кароо, кароол бөлүмдөрү да күчтүү тартипте кызмат кылышат.
– Учактарды кароодон өткөрүү да сиздердин милдетке киреби?
– Жок. Базалык аэропорт Бишкекте болгондуктан, бизге ошол жактан кароодон өткөрүлгөн учактар кызмат кылат.
– 20 жылдан бери иштейт экенсиз, кооптуу учурлар болду беле?
– Техника бар жерде кооптуу кырдаал болот. Бирок мен бир жолу гана учак кырсыгына күбө болгом. 1997-жылы учак учуучу тилкеден чыгып кетип, аварияга учурап, бактыга жараша жүргүнчүлөр аман калышкан, бирок учак жарактан чыккан.
– Кандай учактар кызмат көрсөтүшөт?
– Учурда Швеция өлкөсүндө чыгарылган SAAB-340 үлгүсүндөгү 34 орундуу, бардык талапка жооп берген учак менен бир жумасына 4 жолу каттам болот. Жалал-Абад-Бишкек багытында 4 каттам жумасына жана Жалал-Абад-Казарман каттамы бир айда 2 жолу жүргүзүлүүдө.
– Жүргүнчүлөргө кандай ыңгайлуулуктар бар?
– Бардык шартты камсыздап бергенге аракет кылабыз. Өзүбүз демилге көтөрүп чыгып, намаз окуучу жай даярдатып койдук. Ошондой эле балалуу аялдар отуруучу жай бар. Негизинен, биздин аэропорттун шарты эл аралык стандартка жооп бербесе да, аракет кылып эл үчүн ыңгайлуулуук түзүүгө күчүбүздү жумшап келебиз.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg