Улуу муундар «баракелде, ушу кыздын таланты бар. Чырайы да келишкен, комузда кол ойнотуп, үнү бир мукамдуу» деп Кундуз теледен чыгып калса сөз кылышат экен. Бир эле улуулар эмес, жаштарга да ырлары кенен жайылып, мактоого арзып келаткан ырчы айымдын жашоосу тууралуу кеп кылабыз.
КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Туулган күнү, жылы – 12-ноябрь, 1983-жыл
Туулган жери – Талас облусу, Манас районунун Чоң-Капка айылы
Билими – Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын элдик ыр бөлүмүн аяктаган
Репертуарындагы ырлар – «Сакта», «Түшүмө кирдиң түндө сен», «Күтүлбөгөн жаз» жана башкалар
Учурда – «Камбаркан» фольклордук ансамблинин ырчысы
– Кундуз, кандайча салттуу музыкага аралашып калгансыз?
– Негизи, канымда бар. Чоң атам Жакып Таштаналиев Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиев менен Жалал-Абадда чогуу иштешип жүргөн киши болчу. Кийин гана чыгармачылыгын таштап, айылга баса бериптир. Мага талант чоң атамдан өтсө керек.
Кичинекей чагымдан ар кандай кароо-сынактарга катышып жүрдүм. Мунун баарын байкаган атам ырчы болушума мүмкүнчүлүк түзүп берди. «Кыз кишинин өнөр жаатында жүргөнү кандай болуп калат?» деп айткандар да көп болду. Анда мен жашмын да, сөздүн төркүнүн деле түшүнбөптүрмүн.
– Демек, кийин тандаган кесибиңиздин оорчулугун көп эле тарткан экенсиз?
– Көп кыйынчылык болду, кайсы бирин айтайын?! Курбу кыздарым сейил бакка же кечеге кеткенде жалгыз калып кыялданып, ойлонгонду жактырчумун. Түйшүк тартып, өзүмдү-өзүм таба албай кыйналган күндөрүм да болду. Кийин ойлосом, мындай адаттар чыгармачыл адамдарга көбүрөөк таандык экен. Кандай түйшүк болбосун, өнөрдүн арты менен кантип чыдаганымды билбей деле калдым.
– Балалык кез кандай өттү?
– Мен башкача жан болуп чоңойдум. Узун кийимдерди кыркып өзүмө чактап кийип, окшошсо-окшошпосо да бекитип оюма келгендей тамак жасамай хоббим болчу. Бир күнү убакытты туура эмес эсептеп тамак баштап алган окшойм, капыстан апам келип калды. Шашканымдан казанды шкафтын түбүнө катып коюп жатпаймынбы. Ал болсо полду күйгүзүп, айтор, кызык эле болгон. Айылда тамакты очокко жасайсың да, «кылмышымды» билип калган апам «чачыңды өрттөп аласың, атаң билсе мени соёт, жөн жүр» деп көп урушту. А бирок мектепте жалаң мактоого арзыган алдыңкы окуучулардан элем.
– Активист кызды мектепте көп эле балдар жакшы көрүшсө керек?
– Мектепте мен балдарга анча деле сүйкүмдүү болбосом керек. Тескерисинче, дайым талашып-тартышып, урушуп чоңойдум. Кыз киши катары «звезда» деле болгон жокмун.
– Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү назик дешет. Сизде да ошондой сапат барбы?
– Мен абдан сезимтал болсом керек. Анткени коомдогу болуп жаткан нерселерге да таасирленип, ооруп калчу адатым бар эле. Атам «ушу сен эле ооруй бересиң» деп көп айтып жүрдү. Андан сырткары ар кандай жагымсыз нерселер болуп, көп эле ыйлап калам. Бирок жүрөктү сактабаса күч келип кетет экен.
– Өнөр артынан эмне таап, эмне жоготтуңуз?
– Аздыр-көптүр элге таанылып, ичимдеги күчтү элге чачып, жеңилдеп калдым. Албетте, турмушта жоготуулар, табылгалар көп болду.
– Уулуңуз Канат канча жашка чыгып калды?
– 3 жашка кадам шилтеп, бала бакчага барып жүрөт. Уулумдун кылык-жоруктары мени кубандырып, жашоого күч берип турат. Жумуштан келгенимде чарчаганымды жазат.
– Чыгармачылык үй-бүлөлүк жашооңузга кедер тийгизди деп ойлойсузбу?
– Чыгармачылыктын жакшы жагы – элдин кишиси болуп, мактоого арзыйсың. Бирок үйүңдө болбойсуң. Мени азыр үйдө жоктоп, сагынган балам бар. Анын жанында көпкө болбой калсам, кадимкидей ыйлап-туткактап калат. Ошого колумдан келишинче ага убакыт бөлгөнгө аракет кылам.
– Келечекте дагы турмуш курайын деген оюңуз барбы?
– Бул буйруктан, өзүмдүн оюмду, ниетимди, баарын жакшы кылганга аракет кылам. Кудай оомийин десе, буюрган нерселер болот го.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg