Кечигүүнү айтпайм деп чечтим. Анткени кечикмей сахна артындагы «мына жеттим. Пробкада турам» деген концертке келчү коноктордун адаты, шылтоосу. Мындайда концерт койчу ырчыны күнөөлөш туура эмес. Гүлжигит Сатыбековдун концертин сахнага батпаган бийчилер ачты. Улам ар кайсы ырга бийлеп, бири чыгып, экинчиси кирип отуруп 10 мүнөт бийлешти. Баарынан «Айда» отурган алпаруучу Нурзат Токтосуновага боорум ооруду. «Айда» дегеним, сахнанын төбөсүндө 15 мүнөттөн ашуун бутун салаңдатып отуруп, акыры «Күндөн бүткөн балаңар Гүлжигиттин концертине Айдан түшпөсөк болбой калды» деп түшүп келди.
Ырчылар концертинде «жаңы ырдын бет ачары, бүгүн эле жаза койдум» деп мактанышат. Гүлжигитте андай болбоду, биринчи бөлүгүндө асылзаттар тууралуу ырларды аткарды. Анысы жакшы, бирок элге алынган ырларын «десертке» сактабай, башында аткарса болмок.
Көңүлүн кыя албай конокторду толтуруп алабыз да, анан «жеке концертим» деп жар салмайыбыз бар. Муну менен «бул ырымдын аранжировкасын жазып берди эле, бул мага жардам кылды эле, чыга албай жүргөн баланы жакшы таанышымдын көңүлүн кыйбай чакырып коё берейин» деген артисттерге тиешелүү көрүнүштү айткым келди. Калкка ыры менен жакшы таанылып, же тескерисинче, ошол концертте өнөрүн көрүп «оо, өсө турган ырчы экен» дегидей болсо, анда кеп башка болмок. Нурзат айтмакчы, Гүлжигиттин концертине шоу-бизнестин 80 пайызы келишти.
Сахнада кимдин кантип, кандай кыймыл менен ырдаарын артист калкы менен аралашып жүргөн жаным билип бүткөм. Сыймык Бейшекеев шыпты тиктеп көзүн жумган боюнча берилип ырдайт. Расул Маматкулов «и жониңдан кана, кана» деп чакырык таштаса, жаш ырчылар «укпай жатам, Бишкек!» деп кыйкырышат. Эң эле оригиналдуусу Бактияр Токторовдун былкылдап-шылкылдап бийлегени. Асел Турдалиеванын сахнадан түшө калып элди кыдырып кетмей адаты бар. А Гүлжигит Сатыбековдун сахнанын сол капталынан жылбай ырдап, монолог айтып жаткансып ырынын тарыхын баяндаганын бүгүн көрдүм.
Гүлжигиттин ар бир ырында бир окуя камтыларын жана өзү жазарын билем, анысында кеп жок. «Сынды укканча мен ыр чыгарганым жакшы, жеңил ырды эл угат» деп айтканы да бар, анысына бир чети кошулам. Бирок кыргыз илгертен сөз баккан, сөзгө маани берген эл. «Жүгөрүнү мака дейт, байке дебей аке дейт» деп ырдаганына деле көз жумса болот, жеңил, тамашалуу ыр деп. Анткен менен «аа, тамашалуу ырлар көпчүлүккө жагат» деп темирден каарман издегенибиз туурабы өзү? «Чоңойгондо Жип болом, азырынча мен балакай Тико, Матиз деген акем бар, Дамас деген жеңем бар». Ооба, «тамашалуу ыр, не болуптур?» деп ийин куушуруп же жактырып ырдап күлөбүз. Бирок темирди жеңе, байке деп салыштырып ырдагандан кыйратып тарбия албайбыз.
Тарс эткендин баары тамаша. Ушул сөзгө жамынып, кээде аша чаап кеткен адат калбайт тура. Бизге эмне, күлө беребиз, боорубуз эзилбесе да ошондой түр көрсөтүп же чын жүрөктөн. «Чыныгы куудулдун тез таанылганы – ал ооз ача электе элдин оозу жалжайып калат» деген экен бирөө. Ошонусу чын, анткени куудулдар Абдылда, Күмөндөр, Тынар сүйлөй электе быкшыйбыз, анткени билебиз, алардын тамашасы күлкүлүү болорун. 1-апрель күнү – Алдамчы күн дейбизби же күлкү күнү дейбизби билбейм, айтор, концертке куудул кызды чакырыптыр. Билишимче, «Беш кемпир» деген Рахман Разыков түзгөн куудулдар тобунан чыккан Гүлжайна деген айым. Бир жигитти кызча кийинтип алып чыгып, анан экөө абысын айтыш кылып, кайненесин жамандаган тамашасы бар экен. Өткөндө бир концертте да ушул тамашасы менен чыкты эле, отургандар кызарып кеткенбиз. Эмнеге дейсизби, анткени бул айым адегенде эле «белден ылдый» сөздөр менен сүйлөйт. Машина менен келинди салыштырган «пошлый» тамашасы деги бир жакпады. Биздин катардагылар «ий, бетим», «тантыган неме экен го», «аял кишиге да ушинтип сүйлөгөн жарашабы» деп отурушту. Айрым эркектер айт-уйт болуп колдоп-коштоду, аларга жактыбы же эмне болду айталбайм. Анан да «Беш кемпирбиз картайган...» деп ырдап жатып эле «фигурабыз ниф...» деп «маданияттуу» сөгүнгөн сөзүн улам кайталап ырдаганда оозум ачылды. Ушул сөздүн эмнеси күлкүлүү, Кудайга тобо?!
Концертте Тико үлгүсүндөгү машинаны ойнотмок. Бир убакта Нурзат «Тикону утуп алам дегендер билетиңиздерге аты-жөнүңүздөрдү, телефон номериңиздерди жазып, сахнанын оң жагындагы урнага сала бериңиздер» деп койду. Сахнада Нурзат тааныштырган «көптөгөн фестивалдардын жеңүүчүсү» Арстан Абдылдаев деген ырчы ырдап жаткан. Эми элестеткиле, 1500 адам келген дейли, анын 300ү ары-бери билет салганы өткөндө эле кандай «бардак» болорун. Байкуш жигит ырдай берди, эл урнага билетин таштаганы жогорудан ылдыйды көздөй агыла берди. Акыры чыдабады көрүнөт, ырынын музыкасы бүтө электе ырчы сахнадан чыгып кетти. Концерттин бул күнүндө Тико ойнотулбай калып, экинчи күнүндө ойнотулду. Сахнага кичинекей кызды чыгарып, урнанын ичине салып туруп билетти сууруп чыкты. Тикого чүйлүк бактылуу көрөрман ээ болду.
Кыскасы, ак көйнөк, ак байпакчан Гүлжигит акчаны да, алакандан чыккан алкышты да жакшы эле таап кетти.
Толик сынчы
star@super.kg