Сулайман-Тоонун башында жайгашкан музейден түшүп келе жатканда кичинекей өтмө жол бар, ал жерге чапталган сагыздар зыярат кылып жүргөн ар бир адамды иренжитпей койбойт. ОшМУнун студенттери ошол жерге топтолгон сагызды тазалоо үчүн чыгышып, төрт саатта өтмө жолдун эки капталынан 2 килограмм сагыз топтошту. «Сагыз көп жылдан бери чапталып келе жаткандыктан, тазалоо кыйын экен. Баарын тазалоо үчүн бир күн кечке активдүү иштөө талап кылынат окшойт. Божомолубузда, бул жерден 20 килограммдай сагыз чыгат»,- дейт тазалоого чыккан студенттердин бири Нурсултан Закиржан уулу. «Сулайман-Тоо», «Ак-Буура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жыргалбек Жээнбековдун айтуусунда, бул жерге 80-жылдардан баштап сагыз чаптала баштаган. Зыярат кылып келген жарандар музейди айланып түшүп келе жатып ооздорундагы сагызын ошол жерге чаптай түшүүнү адатка айлантышкан. «Кыжырды келтиргени менен, бул адат эч жерде кездешпеген, өзүнчө эле бир сагыз коллекциясы болуп калган» деп кошумчалады Жыргалбек Жээнбеков.