КЫРГЫЗСТАН 1 ЖЫЛДА 90 300 ТОННА МУНАЙ ӨНДҮРГӨН...

  • 2013-жылдын 3 айында Ош шаардык мэриясына 784 КАЙРЫЛУУ түшүп, алардын көпчүлүгү турак жай маселеси боюнча болгон.
  • БАХТИЯРЖАН ФАТТАХОВ Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.
  • Борбор шаарга күнүнө 30-40 МИҢ автоунаа кирип-чыгат. Аларды 94 май куюучу бекет тейлейт.
  • Ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү үчүн жол картасын даярдайт. Бул тууралуу КРнын Экономика министри ТЕМИР САРИЕВ билдирди.
  • 2012-жылы өлкө боюнча 90 300 ТОННА мунай өндүрүлгөндүгүн Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов маалымдады.
  • 3 айда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 584 АДАМ кайрылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.
  • ӨКМ билдиргендей, 30-марттагы жер көчкүдө Жумгал районундагы жети айыл 2 МИЛЛИОН сомдой чыгымга кириптер болду.
  • АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 3-апрелде «Манас» аэропортундагы аталган өлкөнүн аскердик базасын жабуу талабы менен митинг өттү.
  • Учурда Кыргызстанда 819 БАЛА БАКЧА иштеп жатат. Өлкө боюнча 116 миң бала мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге барууда.
  • 7-АПРЕЛЬ КҮНҮ Ош облусунун ар кайсы райондорунда жана айыл жерлеринде спорттук мелдештер жана салтанаттуу оюн-зооктор өткөрүлөт.
  • Ош шаардык мэриясынын астында түзүлгөн Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан шаардын эс алуу жайларына АКЫСЫЗ ИНТЕРНЕТ колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Түштүк-чыгыш кичи райондорунда жайгашкан студенттердин эс алуу аллеясына, Алымбек датка этнографиялык комплексине жана «Чынар терек» эс алуу жайларына 10-апрелден баштап акысыз WI-FI интернети уланат.
  • 1-апрель күнү Бишкек шаарындагы «Нур» корпорациясы тарабынан Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу МЕЛИСБЕК МЫРЗАКМАТОВГО Алымбек датка, Барсбек каган, Манастын эстелигин кургандыгы үчүн «Барсбек каган» ордени ыйгарылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
TolonturCN
2013-04-12 17:21:12
Ata mekendik ondvrvsh, mamlekettin bailygy kaida ishtetilip jatat?
0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан