ТАЛАСТА «СУПЕР-ИНФО» ОКУРМАНДАР МЕНЕН БАК ТИКТИ

«Супер-Инфонун» Талас облусунун өкүлчүлүгү 28-мартта өз демилгеси менен көрктөндүрүү акциясын өткөрдү. Акцияга «Жаштар үмүтү» коомдук уюмунун жетекчиси жана волонтёрлору, гезитибиздин окурмандары да катышып, шаарды жашылдандырууга өз салымдарын кошушту. Тагыраак айтканда, Талас шаарындагы Кеңешбек Нуржанов көчөсүнө 250 көчөт тигилди.
Ынтымактуу иштеген жаштар бири-бирин тамашалап жатып, убакыттын өткөнүн да сезишкен жок. Буюрса, көчөттөр бой салып өсүшсө, көчөгө көрк берип, абанын таза болушуна салым кошмокчу. Демилгени шаардын мэри колдоп, көчөттөрдү бөлдүрүп бергенин айта кетели.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
erali
2013-04-08 13:04:25
Мындай жоролгону Гулчодо да уюштурбайлыбы.
0
konfetka_love
2013-04-08 16:03:46
biroonun kozun karabai ozunor ele uuyshturup algyla da, bul koldon kele turgan nersego
+1
dikeii
2013-04-09 13:45:41
кичи мекеним. таласым алтын бешигим, оркундоп осо бер ылайым.
0
snejinka
2013-04-10 12:11:41
Азаматсынар да супер-Инфо!!! ушундай иш-чараларды жасап элдин батасын алып журо бргиле
0
TolonturCN
2013-04-12 17:03:04
Mamlekette koidoi jaiylyp jvrgon jumushsuz jashtar emne kylat? parkta, es aluu bakchalarynda jvrgon. onvkkon mamlekettin elderin karasa kochoodo, parykta jvrgon jashtar korboisvn, jalan ishke jarabagan kartandar es alyp jvrot, jashtardyn baary ishteit. ishtesh kerek. babalar tikken bak urpaktar vchvn koloko.
0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан