Талас облустук биргелешкен ооруканасынын абалы, көйгөйлөрү тууралуу билмекке директор ШЕРШЕНБЕК ЖУМАШАЛИЕВди маекке тарттык.
– Ооруканага тиешелүү 2 корпус бири-биринен алыс экен, бул иштегенге тоскоол эмеспи?
– Абдан тоскоол болот. Корпустардын бири эски, бири жаңы. Экөөндө биригип 20 бөлүм бар жана дарыгерлер, пол жуугуч, кароолчу болуп жалпысынан 473 адам эмгектенет. Корпустардын ортолорундагы аралык 2 чакырымдан ашык. Бизде колдо болгону 2 эски машина. Ооруканага келип түшкөн оорулууларды диагнозуна карап бирин тигил корпуска, экинчисин бул корпуска, кээсин Бишкекке ташуу керек. Машиналар бат-бат бузулуп, ооруларды ташуу азап. Аларды оңдоп-түзөөгө да акча өтө аз бөлүнөт.
– Жасалма бөйрөк аппараты жетишпей кыйналгандар көп экен...
– Бизге 4 жасалма бөйрөк аппараты 2010-жылы алынып келинип, ошондон тарта колдонулуп келет. Ал аппараттар 4 сменде иштетилип, 26 оорулуу тейленүүдө. Учурда 2 адам дарылануу үчүн кезекте турушат. Аппараттар бузулганда врачтарга оорчулук келип, күнү-түнү тынымсыз иштеп калып жатат.
Бизде магниттик-резонанстык томография жок, көптөгөн оорулууларды Бишкекке жиберүүгө аргасызбыз. Талас облусу боюнча бирөө болсо жакшы болмок, бул боюнча айтылган, бирок өкмөттөн каражат бөлүнбөй жатат.
– Оорукананын канализациясы дале Талас дарыясына кошулуп жатабы?
– Көп жылдар бою ооруканадан чыккан булганыч суу, кан-жиндин баары Талас дарыясына түз куюлуп турганы чындык. Борбордук канализацияга кошулгандан бери суу булганбай калды.
– «Төрөт бөлүмүндө иштегендер коррупцияланып жатат» дегенге жообуңуз?
– Бул мен жетекчи болгонго чейинки көрүнүш болушу мүмкүн. Бизде азыр коррупция менен күрөш жүрүүдө. Анонимдик телефондор, кутучалар иштейт. Оорулуулардан өзүбүз да сурап турабыз. Төрөт бекер жүргүзүлөт.
– Боюнда барлардын патологиясы бөлүмүнө аялдар батпай калып жатыптыр. Себеби эмнеде?
– Ушул жерден бир кызыкты айтып берейин. Кээ бир боюнда барлар кайненеси же күйөөсү менен урушса эле «бөйрөгүм же боорум ооруп жатат» деп келип жатып алышууда. Анан орун жасалма түрүндө жок болуп калат да. Текшерүүдө алардын оорусу жоктугу далилденсе, чыгарып жиберип жатабыз.
Кээ бирөөлөрдүн чынында бир жерлери ооруйт, бирок керектүү башка бөлүмгө жатсам төлөп калам дейт да, патология бөлүмүнө бекер дарылануу үчүн жатып алууга аракеттенет. Ушулардын баарын түшүндүрүп айтып келатабыз.
– «Балдарды алып барсак кабыл алгылары келбейт» дешкендер бар экен?
– Муну айрым өзүн актагысы келгендер айтышы мүмкүн. Себеби мында. Эреже боюнча, ооруган баланы алгач үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна алпарып көрсөтүүлөрү керек. Эгер алардан жардам болбосо, анан бизге жолдомо менен алып келүүлөрү керек. Бирок айрым үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагылар муну ата-энеге айтпагандан улам ата-эне билбейт. Дагы жөнөкөй эле нерсе, дене табы көтөрүлгөндө укол саюудан мурда баланын денесине арак сыйпоону да үйрөтүшпөгөн болуп чыгат. Ушул жана башкалардан улам аларга ишеним артпагандар же аларга барып отургуча деп бизге түз алып келгендер чыгат. Биз, албетте, абалы жеңил балдарды жаткыза берсек, оор абалда келгендерди кайда батырабыз? Анан ошентип кабыл алгылары келбеди дешет. Антип айтуудан мурун башка катуу ооруган балдарды ойлонушса жакшы болмок.
– Маегиңизге рахмат.
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg