Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева, профсоюздун облустук кеңешинин төрагасы Адылбек Кайбылдаев жана Иш берүүчүлөрдүн облустук бирикмесинин төрайымы Гүлмира Бейшекеева атайын келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык, алар Талас шаарында өнөр жай секторун, ишкерликти, туристтик тейлөө кызматтарын өнүктүрүүнү колго алат. Профсоюздар калктын саламаттыгын чыңдаса, иш берүүчүлөр бирикмеси жумушсуз адамдарды иш менен камсыз кылууга аракеттенет.
Түзүлгөн келишимге ылайык, 2015-жылдын аягына чейин Талас облусунда 22 000 адам иш менен камсыз болот.