ДАЙЫР КАЛП АЙТАРЫН ЖАШЫРБАСА,НАЗИРА ПИАРГА МУКТАЖ ЭМЕСМИН ДЕЙТ

«Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» деген сөздү кыргыздар көп колдонобуз. Андыктан макалдан алыстабай, айрым өнөр ээлерине тиешелүү суроолорду узатып көрдүк.

Чылым чегип, ичимдик менен «дос» болгон айымдар тууралуу оюңуз?

Токтобүбү Черикчиева:«АЙЫМДАРДЫН ИЧИП-ЧЕККЕНИНЕ КАПАМЫН»
– Ичсе иче беришсин, бирок акыл-эси менен. Мас болуп көчөдө тентип жүргөндөргө караманча каршымын. Биз улуу муундун өкүлү болуп калгангабы, мындай нерселер көзгө аябай өөн учурайт. Чылым чеккени биякта турсун, улууларды көзгө илбей кучакташып-жабышып алганына не дейсиң?! Азыркы кыздарда намыс деле калбай калды. Мен, мисалы, азыр деле улуу адамдардын алдынан кесип өтпөйм. Ал эми жаштар жолун кесмек түгүл жөөлөп кетишет. Бул нерсе ар бир адамдын дээринен, үйдөгү тарбиясынан да. Анан да кээде той-кечеге барып калганда улуу айымдардын ичип-чегип, мааниси жок сүйлөп отургандарын көргөндө капа болуп кетем.

«Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей, өзү тууралуу ар кандай сөздөрдү чыгарып таанылгандарга кандай көз караштасың?

Назира Бердигулова:«ПИАР ҮЧҮН ӨЗҮ ТУУРАЛУУ УШАК ЧЫГАРГАНДАРДЫ ЖАКТЫРБАЙМ»
– Менимче, андай жолго өзүнө ишенбеген адам барышы мүмкүн. «Чёрный пиар тоже пиар» демекчи, бизде пиар менен популярдуулукка жеткендер көп, ар кандай сүрөткө түшүп, бир нерсени чыгара калып дегендей... Аракет кылсак, пиары жок эле ийгиликке жетишүүгө болот. Мен ошол өз эмгеги менен ийгиликке жеткендердин катарындамын. Атайын пиар үчүн ушак чыгарганды жактырбайм.

 

«Калптын казаны кайнабайт» дегенди кандай түшүнөсүң? Сенде калп айткан учурлар болду беле?

Дайыр Исмадияров:«ТАКЫР КАЛП АЙТПАЙМ ДЕП «АНГЕЛ» БОЛБОЙМ»
– Калп айтсаң, качан болсо да билинет. Эгер бир жалган айтып алсаң, артынан аны жашырыш үчүн кайра башканы сүйлөп, айтор, уланып кете берет. Калптын зыянсыз түрү бар. Мисалы, досторум урушуп кетсе, аларды жараштыруу максатында жалган айтып коюшум мүмкүн. Такыр калп айтпайм деп «ангел» да болбойм. Кээде сөздү туура түшүнбөй шашып же бир жакка баргым келбей жалкоолуктан жалган сүйлөгөн учурлар болгон. Бирок, чынында, мен калпты жакшы айта албайм. Анткени аягына чейин чыкпай эле билдирип салам.

 

«Ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат» дейт, ойлонбой сүйлөп алган кез болгонбу?

Санжар Мыкыев:«СҮЙЛӨӨР АЛДЫНДА ЖАКШЫЛАП ОЙЛОНУШ КЕРЕК»
– «Айтылган сөз атылган ок» деп коёт го. Ошол сөзгө толугу менен кошулам. Эмнени сүйлөсөң да ойлонуп сүйлөш керек. Бул өзгөчө мырзаларга тиешелүү. Менде окуучу кезде ушул сыяктуу учурлар болгон. Бирок азыр мындай көрүнүш кездеше элек, ыңгайсыз абалга түшө элекмин. Калп айткан кандай жаман болсо, ойлонбой туруп сүйлөп коюу дагы ошондой эле жаман адат. Калп эле маанисиз сүйлөй берсең, ишеничтен чыгып да каласың.

 


«Саны бар, сапаты жок ырчылар көп» дешет. Ошол боюнча пикириң...

Асел Кадырбекова:«ЫРЧЫЛАРДЫ СЫНДАГЫМ КЕЛБЕЙТ»
– Негизи, мен эч кимди сындабайм, андай адатым жок. Анткени ар бир адам болгон аракетин жумшап, жакшы максаттары менен чыгып жатса, алардын шагын сындырып коюу туура эмес. Мен дагы жаңыдан чыгып жатам, мага да мындай сындардын айтылуусу толук мүмкүн. Албетте, бул нерсе мага катуу тиет. Менин, чынында, чыгармачылыктан башка эч нерсе колумдан келбейт. Андыктан бул чөйрөдөн кетип калууну ойлоп да көргөн эмесмин. Чыгармачылык мен үчүн бүтүндөй жашоо.

 

Сизди Гүлнур Сатылганованын ырдоо стилин туурайт дешет...

Роза Шакирова:«ГҮЛНУР ЭЖЕНИН ЫРДАГАНЫН ЭМЕС, СҮЙЛӨГӨНҮН ТУУРАЙМ»
– Жок, анын ырдоо стилин туурап ырдабайм, жөн гана сүйлөгөнүн бирөөлөргө туурап коём. Ошентип туурап сүйлөп койгонумдан чыккан сөз болсо керек. Негизи, менин анча-мынча элдерди туурап коймой адатым бар. Көбүнчө өзүмө жаккан адамдарды. А өзүңө жаккан адамдарды тууроого неге болбосун? Ал эми Гүлнур эже экөөбүздүн ырдоо стилибиз эки башка.

Гүлжамал Бөрүкулова,
Гүлназ Атантаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Д. Исмадияров калп айтарын жашырбайт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
tatar1103
2013-04-08 11:37:01
Укмуш суроолор берилиптир макалды эске алганда.
0
best-life
2013-04-08 15:14:04
Суроолордун да жаны бар сыяктуу,Толик даярдап бербеди бекен)))
0
TUMAN1
2013-04-09 03:00:21
Мин уккандан........................
0
mahabat.
2013-04-09 04:21:51
эч ким туура так чын жооп берген эмес.пиар деп журуп назира санын корсоткон.аселди тааныбайм.дайырдын ырлары кыйратпайт.токтобубу эже такыр эле асмандан тушкон тартиптуу ангелмин дейт ко.ООООО Роза Шакированы чын дилимден сыйлайм.талантынызга таазим Роза эжеке!!!!
0
Jamalym
2013-04-09 23:26:14
mahabat., санын корсоткон пиар эмес.
0
mahabat.
2013-04-10 02:45:04
Jamalym, пиар эмес,реклама дебепсин да, анча болду
0
prezent
2013-04-10 09:25:50
Jamalym, санын корсоткон пиар экенин билип кой замандашым))санын корсотуп суроттордо журот анан албетте "чондордон" заявкалар тушот да(((эми ал жагын озу билет дечи ,бирок ото эле публиканы суйот,центр внимание болуп жургонду жактырган немего,мен тааныбайм мисалы
0
Jamalym
2013-04-12 04:34:59
prezent, интернеттен изденип окусаныз.
0
nuka77
2013-04-09 09:24:23
Баарына оздоруно ылайыктуу суроолор берилиптир.
0
altinim
2013-04-09 12:36:26
эшегине жараша тушагы, соз оз ээлерин тапканго . Супер Инфо мадалессинер да точкасына урупсунар
0
Orbit_bezsahara
2013-04-09 19:20:00
altinim, Вха ха Сиздин билдирүүлөрүңүз жагатта. Кыраатын келтирип жазып таштайсыз! Маладессиз! :)
0
altinim
2013-04-09 19:46:38
Orbit_bezsahara, раахмат Толиктин панатымындаа дебейимби хи хи
0
jipara86
2013-04-09 17:37:52
Атайын даярдагансынарго суроолорду,соз ээсин тааптыр.
0
kgul
2013-04-10 01:11:25
санжар оюна келгенди еле тантырай берет, созу маанисиз
0
MiSSi_SiPi
2013-04-10 07:05:24
Назира менен Санжардын жообу боорду эзетко.
0
admin_superstan
2013-04-10 10:38:11
alirun, altyshka21, Jamalym, NurAngel, Titi, сиздерге эскертүү!
Бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга тыюу салынат!
0
admin_superstan
2013-04-10 10:40:47
aikera1992, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга болбойт.
0
mahas
2013-04-11 10:13:38
ха ха сонун болуптур ээ
0
Nyr4ik
2013-04-11 14:04:48
Ozumdun oiumdu koshup ketpesem bolbolboit. Dayir tyyralyy aitsam, kalp aitpagan adam jok je siler kun saiun chun suiloisunorbu? Nazira maga da jakpait birok eldin oozyna alynyw ychyn piayr jolyna barsa kerek kozgo korunyktu jeri jakchy oinoit roldy birok byl nerse menen aluska ketpeisin. Asel suluu kyz azyrky kebir yrchylar menen salushtyrmaluu 100%suluu adamdy ozuno tartatyrgan sapatary bar. Iigilik
0
mahabat.
2013-04-17 07:40:38
санжар жакында эле ойлонбой суйлоп алып мирландан кечирим сурады эле го.бат эле унутуп калат тим эле.же бизди тупой коруп атабы
0
Mario92
2013-05-13 01:20:49
калп айткандарда ушул даражага жетмек беле,
0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан