«Мактасаң сулуулукту жазда макта» деп созуп ырдаган бакыраң көз Аида Кулуева менен жаздын күнүндө сулуулук, чыгармачылык жана турмуштук жагдайлар тууралуу баарлаштык.
– Аида, кандайсыз?
– Жакшы, рахмат.
– Репертуарыңыздагы ырларыңыздын темасы өзгөрдүбү, балким, башка темага ыктагандырсыз?
– Баягы эле сүйүү жөнүндө, өзгөргөн деле жок. Бирок мурун кайгылуу ырларды көп ырдасам, азыр маанайды көтөргөн ырларга басым жасоодомун. Өзү ырчы бардык темада ырдай алыш керек. Келечекте жакшы обончулар менен иштешип, менин жан дүйнөмө, үнүмө же болбосо келбетиме туура келген ырларды аткарсам дейм.
– Өзүңүздүн талантыңызды сынап чет өлкөгө сынак-фестивалдарга катышуу оюңузда жокпу?
– Мен сынак-фестивалдарга кичинемден катышып көнүп калгам. Учурда сунуштар болууда, ойлонуп жатам. Бирок азырынча барууну көп деле каалабай элемин. Өзүмдүн талантыма ишенем, андыктан кароо-сынактарга баруунун деле кажети жок деп ойлойм.
– Кепти жеке жашооңузга бурсак. Кыялыңыздагы ханзаадаңызды таптыңызбы?
– Тапкам. Жүрөгүм бош эмес.
– Жакшы,той качан?
– Билбейм, эркек болсом дароо айтмакмын, «ушул айдын ушул күнү» деп. Кыз киши болгондон кийин алдын ала айтуу кыйыныраак экен. Буюрган күнү деп турайынчы. Жаш кезде сүйүнүчүң ичиңе батпай, баарын айтып кубанычыңды бөлүшкүң келе берет. Ал эми азыр көптү түшүнүп, билип калбадымбы. Жашооңду элге ачык айтсаң, ушак сөздөргө кабылып, ортодо уруш чыгарганга кандайдыр бир деңгээлде жол ачып берип коёт экенсиң. Андыктан жеке жашоону коомчулукка алып чыкпай эле коёюн. Учурда мен бактылуумун, ошол мага жетиштүү.
– Сыртыңыздан бир караганда тергөөчү же адвокаттай көрүнөсүз...
– Кичинемден сот, прокурор болууну кыялданчумун. Окууну бүткөндө да ушул багытка тапшырам деп жүрдүм. Бирок атам «өзүң эркек мүнөз болсоң, биротоло эркек болуп калбайсыңбы» деп каршы чыккан. Ошондо да болбой БГУнун мамлекет башкаруу тармагына тапшырып салгам. Ал факультетте мырзалар көп окуйт. Кеп айымдар же мырзалар көп окугандыгында эмес, жөн гана көңүлүм каалаган кесипте окугум келчү. Учурда ырчылыкка ооп кетпедимби, бирок кийинчерээк кесибим менен иштесемби деген ойлор бар.
– Биздин шоу-бизнесте көрө албастык күчтүүбү же атаандаштыкпы?
– Көрө албастык күчтүү. Анткени көрө албастыктын айынан көп көңүл калуулар болгон.
– Атаандаштыкчы?
– Атаандашкандарды толук кандуу өзүнө ишенбеген адамдар деп эсептейм. Ичинде кандайдыр бир комплекси барлар атаандашат, ошолор көп тырышат, жан талашат. Мен эч качан бирөөгө атаандашкан эмесмин. Анткени өзүмө, келбетиме, талантыма ишенем. Ар бир адамдын өзүнө гана тиешелүү «изюминкасы» болот. Бирөөнүн эмнесине атаандашам, сулуулугунабы? Атаандашсам деле баары бир андай сулуу боло албайм, алар мендей боло албайт дегендей. Атаандашсам, ички «мен» деген «личностту» жоготуп коём.
– Бирок атаандаштык бар жерде өсүү болот деп коюшат го?
– Туура айтасыз, кошулам, балким, ошондуктан мен ушул күнгө чейин жеке концертимди бере элекмин. Атаандашсам, балким, мындан көп клиптерди тарттырып, ыр жаздырмакмын. Мен качан эргүү келип, өзүм каалаганда гана ырдап коюп жүрбөйүмбү.
– Сизди башкалардан айырмалап турган кайсы сапатыңыз бар?
– Сырды бекем тутам. Кийин мага жамандык кылып, канчалык көңүлүмдү калтырса да айтпайм, анткени сыр ошонусу менен сыр да. Айрымдар катташпай калгандан кийин баарына айтып, жайып салышат го.
– Кыздар ортосундагы достукка ишенесизби?
– Ишенем. Бирок кыз менен мырза ортосундагы достук бекем болот деп ойлойм. Алар жакшынакай көйнөк кийип алсаң да чын дилинен комплимент айтышат, көрө албастык, кызганыч, ичи тардык деген жок. Ал эми кыздар арасында баары бир көзгө көрүнбөгөн кызганыч болот, сөзсүз. Бирок менин курбуларымдын баары өзүмө окшош эркек мүнөз, чынчыл, сөзүнө тургандар.
– Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?
– Албетте, келбетиме эч кандай дооматым жок.
– Сиздей эркек мүнөз айымдарга бир аз жумшагыраак мырзалар жагабы дейм?
– Жок, жоош болуп турса башына чыгып кетебиз го. Бардык эле аялзаты өзүн назик сезгенди жакшы көрөт. Өзүн андай сезиш үчүн жанында сөзсүз күчтүү мырза болуш керек. Күчтүү десе муштуму менен эмес, жүрүм-туруму, мамилеси менен катуу кармаган эркек болсо.
– Бугуңузду бардык эле аялзаты сыяктуу көз жаштан чыгарасызбы?
– Көз жаштан чыгарган убактар да болгон. Айрым сыртынан катуу көрүнгөндөр да баары бир алсыз болот. Сырткы мүнөзүм – жөн гана менин сырткы кабыгым, ичимде такыр башка адаммын, ак көңүлмүн, жумшакмын дегендей. Бугумду ыр аркылуу чыгарам. Үйдү жаңырта ырдап жеңилдеп алам.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg