«Мен Казакстанда кул болуп келген Мирзат Исмановмун. Азыр бир көчөдө турам, мага жолуксаңыз, башымдан өткөн окуяны төкпөй-чачпай айтып берем» деп жаш жигит телефон чалды. Окурмандарыбыздын тагдырына кайдигер карабагандыктан, ал айткан дарекке жөнөп калдык.
«300 СОМ БЕРСЕҢ СҮЙЛӨП БЕРЕМ»
Болжошкон жерге барганда бизди кир кийимчен, бир аз ичип алган жаш жигит тосуп алды. Көрсө, ал мындан 2-3 жыл мурда Казакстанга барып 4 жыл кул болуп, андан соң Кыргызстандын элчилиги аркылуу мекенине кайтып келе жатканда чек арадан дайынсыз жоголгон жигит экен. Мындай маалымат менен ал коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн. Мени көрүп эле «300 сом берсең тагдырымды баяндап берем, болбосо эч нерсе айтпайм» деп соодалашып кирбеспи. Акыры Мирзат кепке келди.
«АРГАСЫЗДАН СЕЛСАЯККА АЙЛАНДЫМ»
– Өзүм 1987-жылы Нарындын Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында туулгам. 2008-жылы ата-энеме таарынып, үйдөн чыгып кеткем. Шыбак иштерине шыктуу болгондуктан, курулушта иштеп акча табуу максатында Казакстанга жөнөдүм.
Алгач иш жок Капчыгай деген жерде орустардын чочкосун багып жүрдүм. Көп өтпөй Алматыга барып, ал жактагы кыргыз элчилигине «жумуш таап бергиле» деп кайрылдым. Алар мага жакшы мамиле жасабай, «сүрөткө түшүп кел» деп кайра келген жолума салышты. Элчиликтен чыгып, сүрөткө түшөйүн деп баратсам, полиция кызматкерлери кармап алып 2 суткага камап ташташты. Бир көңүл калгандан кийин болбойт экен, чыккандан кийин кайра элчиликке барбадым.
Анан оюмдагыдай жумуш таппай, казактарга бекер иштегенге мажбур болдум. Кээ бирде сабашат, ар кайсы жумушту жасатышат. Акыры чыдабай качууга туура келди. Андан соң ачыгын айтсам, селсаяктык кыла баштадым. Бир ирет көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы гараждын үстүндө уктап жаткан элем. Аңгыча жаныма бир баңги келип, «бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» деп мени бычак менен бутка сайып, качып кетти. Эртеси ооруканага барсам бутумду дарылап, гипстеп беришти. Ооруканадан чыккандан кийин кайра эле көнгөн адатымча көчөдө күн өткөрдүм. Бир жолу гипсти чечсем, бутум айыкмак түгүл чирий баштаптыр. Эптеп жер төлөгө жатып бутумду дарылай баштадым.
«АТА-ЭНЕМ ҮЙДӨН КУБАЛАП ЧЫКТЫ»
– Күндөрдүн биринде баткендик бир жигитке жолуктум. Ал иш таппай, элчиликти издеп жүргөн экен. Көрсөтүп коёюн деп аны ээрчитип, элчиликке бардык. Мени ошол жерден кармашты. Көрсө, Кыргызстандан жоголду деп интернетке чыккан экем, элчиликтегилер издеп жатышыптыр. Анан бир автобуска консул өзү алып келип салып, «Кыргызстанга барганда ТИМдин кишилери тосуп алат» деди.
Биз түшкөн автобус жолдон бузулуп, кайра башка автобуска которушту. Ал чек арага келгенде бир аз кармалып, токтоп калды. Ошондо мен эшикке чыгып, нары-бери басып жүргөм. Анан бир казак полиция кызматкери жолугуп, жакын арадагы айылдардын бирине алып барып 2 күн уй кайтартып койбоспу. 2 күндөн кийин ошол жердеги казактар жол көрсөтүп, газ өтүүчү түтүк аркылуу чек арадан өттүм. Бул жакка келгенде бутумду дарылатып, андан кийин үйгө барсам, ата-энем урушуп, мени кабыл албай, кайра үйдөн кубалап чыгышты. Ошондон бери минтип жумуш жок, ачка, арак ичип көчөдө жүрөм.
«ТУУГАНДАРЫМДАН КЕЧИРИМ СУРАЙМ»
– Иштейин дейм, бирок элден уялам. Баары эле «баягы кул болгон сенсиңби?» деп сурай беришет. Иштесем айылдаштарым, классташтарым, туугандарым көрүп калабы деп тартынам. Мечиттерге барып уктайын десем, жолотпой кубалашат. Акыры жакында бир дин жолунда жүргөн адамга жолуксам, ал жакшы кеңешин айтты. Эми аракты таштап, аны менен дааватка чыгып келейин деп жатам... Ушундай тагдырга туш болуп, туугандарымды уят кылганым үчүн алардан кечирим сурайм.
Маектешим сөзүнүн аягына чыккан соң коштошууга туура келди. Анын алты саны аман туруп иштегенден уялып, жапжаш кезинде селсаяк болгондон уялбаганы таң калтырды. Эми оңолсо тиричилик кылып кетет деген үмүттө кайттык.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg