Миразиз Абдиев менен жогорудагы каарманыбыз Мирзатты салыштырып болбойт. Миразиз тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да ыр жазып, шахмат боюнча мыкты оюнчу катары Ош шаарында таанылган адам. Тагдырдын сыноосуна моюн сунбай, өз эмгеги менен жашап, атактуу адам болууга ниеттенет.
«АПАМ КАЗА БОЛГОНДО ЖАШОО ТОКТОП КАЛГАН ӨҢДӨНДҮ»
– 1983-жылы Кара-Суу районунун Мөнөк айылында тубаса майып болуп төрөлгөм. Баспай калганым, так сүйлөй албаганым болбосо, ден соолугум жакшы эле. Кээде жүрөгүм сыздап ооруп калат. Ошондон корком. Кандай диагноз коюшканын так билбейм, бутум жакшы өөрчүбөй калган. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчисимин. 26 жашымда мени айыктырууга болот деп дарыгерлер бутума операция жасашты. 3 ай гипсте жаткан кезимде апам айыкпаган оорудан каза болду. Эң жакын адамымдын, мени түшүнгөн, мен деп жашаган адамдын дүйнө салып кетиши мага өтө оор тийди. Ошондон кийин жашоо токтоп калгандай сезилди. Андан кийин да гипсте 2 ай жаттым. Бирок айыкпадым.
Башымдан оор күндөр өттү. Атам, иним үчөөбүз эле калдык. Ооруканада жатканда Гүлмира аттуу дарыгер кыз менен таанышып калган элем. «Мен сени өзүм карайм, өзүм дарылайм» дечү. Бирок ал кызды кийин башка балдар ала качып кетишти. Таежем мага Майрамгүл аттуу кыз таап, ошол кызга баш коштум, азыр ортобузда эки кызыбыз бар.
«АДАМ ЭЧ НЕРСЕГЕ ЧӨКПӨШҮ КЕРЕК»
– Улуу кызым Гүлшайыр төрөлгөндө «мен кайраттуу болушум керек, кызыма керекмин» деген ой пайда болду. Өзүмө тиешелүү 48 сотых жерге жүгөрү сээп дыйканчылык кыла баштадым, дүкөн ачтым. Үч жылдык тапкан каражатыма машина сатып алдым. Азыр ошол унаам менен таксист болуп иштеп, күнүнө 200 сомдон 500 сомго чейин акча табам. Кардарлардын кээ бирлери мени көрүп коркуп кетет. Бирок «сени биринчи жолу көрүп жатабыз, жакшы айдайт экенсиң» деп коюшат. Рулга отурганыма бир жылга жакындап калды. Эч нерседен кооптонбойм.
Тагдырдын сыноолорунун бирине да басынбаш керек. Кол шилтеп же оңой тамактын жолун издебеш керек. Жашоо ушунчалык эле кыйын болуп баратса, аны жолго салганга жардам бергенге дос-жар, тууган-уруктар бар. Жума намазынан калбайм. Мен майыпмын деп эмгек кылбай жатып алгандарга же дени-карды соо туруп жаман жолго баргандарга таң калам.
«ШАХМАТ БОЮНЧА РАЙОНДУН ЧЕМПИОНУМУН»
– Мектепке барган эмесмин. Бирок 2 жыл араб тилин окудум, мугалимдер (медреседен) атайын үйгө келип окутушту. Жогорку окуу жайынан окуп, депутат болсом деген ниетим бар. Буюрса, жакында Индира аттуу эже менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берип, алар менен баарлашып туруучу борбор ачалы деп жатабыз. Себеби алардын көбү «биз эч кимге керек эмеспиз» деп жашоодон кол үзүп, азаптанып күн өткөрүшөт. Аларга жакшы кеңештерди берип, күн алыс оюн-зоокторду уюштуруп туруу ниетибиз бар.
Ыр жазам, ал талантым жаш кезимде эле пайда болгон. Ошол ырларымды топтоп китеп чыгарсам деп жүрөм. Куудулдар Талант Анарбаев, Канат Шанаев менин сатираларыма обон жазып, жакында эл алдына алып чыгышат.
Досторума ыраазымын, мени тойго чейин көтөрүп алып барышып, катарларынан чыгарышпайт. Шахмат боюнча Кара-Суу районунун чемпионумун. Ушинтип талантым, аракетим менен эл алдында аз да болсо кадыр-барк топтоого жетиштим. Буюрса, атактуу адам болсом деген ниетимди ишке ашырам.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg