ФАНАТ ЖЕ АШЫНГАН КҮЙӨРМАНДАР

«Фанат» деген сөз латындардын «fanaticus» (бир нерсенин таасири астында) деген сөзүнөн алынган. Фанаттар – кайсы бир адамга өтө кызыгып, аны идеал тутуп жашаган адамдар. Алар "чектен ашпаган" жана "ашынган" болуп экиге бөлүнөт.

«ФАНАТИЗМ – ООРУ СЫЯКТУУ»
Фанатизм – оорубу же сүйүүбү? Бул суроого «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берет:
– Фанатизм 3 топко бөлүнөт. Динге, спортко жана искусствого кызыгуу. Бул оору сыяктуу, тагыраак айтканда, психологиялык жактан чектен чыгып кетүү болуп эсептелет. Көбүнчө жаш балдар фанат болушат. Чектен чыккан күйөрмандыктын акыры суицид менен да аякташы мүмкүн. Көбүнчө турмуштан орун таппай, башка адамдарды Кудай катары көрүп, алардын жашоосу менен жашагандар мындай "илдетке" кабылат. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн реалдуу жашоосу менен өмүр сүрүшү керек.

МАЙКЛ ЖЕКСОНДУН АРТЫНАН 12ДЕН АШЫК ЖАН КЫЙЫЛГАН
Күйөрмандарынын санынын көптүгү боюнча белгилүү ырчы Майкл Жексондун алдына эч ким чыкпаса керек. Жексондун: «Кай бирде атактуу болгонума өкүнүп кетем. Мен деле адаммын. Мен дагы эл катары көчөдө ээн-эркин сейилдеп басып, дүкөндөрдү кыдыргым келет»,- деп айтканы бар. Албетте, ал бул сөздү жөн жеринен айткан эмес. Себеби кайсы жерге барбасын артынан жүздөгөн журналисттер менен күйөрмандары ээрчип жүрчү.
Майкл тирүү кезинде ар бир концерти кандай өтчү эле? Стадионго эл батпай, баары кумиринин сахнага чыгышын күтүп чуру-чуу. Аңгыча сахнанын жарыгы жалп өчүп, бир саамдан кийин тарс этип от чачырап, көз-ачып жумгуча Майкл сахнанын алдынан атып чыкчу да, ырдап баштачу. Ошондо 5 мүнөткө жетпей күйөрмандардын, өзгөчө кыздардын эси ооп кулай баштаганын көрүп алыңыз...
Анын аншлаг менен өткөн концерттеринде канчалаган фанаттары тепсендиде калып көз жумду. Майклдын концертине билет алуу үчүн үй-жайына чейин сатып жиберген күйөрмандары да болгон. Ал каза болгон күнү эле артынан «Майклсыз жашоо кызыксыз!» деп дүйнөнүн булуң-бурчунан 12 (бул официалдуу сан, мындан да көп болушу мүмкүн) ашынган күйөрманы өз жанын кыйган. 2010-жылы июнь айынын соңунда япониялык коллекциячы Хироюки Такарума Майкл Жексондун тирүү кезинде колдонгон буюмдарын, кийимдерин чогултуп Токио шаарында көргөзмө-акция уюштурган. Ал көргөзмөнүн ачылышына
300 миң киши келген жана каалоочулар Майклдын буюмдарынын жанында 1 түнгө 1000 доллар төлөп түнөшкөн.

КУМИРДЕН КУЛАК АЙЛАНСЫН!
Көпчүлүк күйөрмандар кумирине гүл же жумшак оюнчуктарды белекке беришет эмеспи. Ал эми актёр жана «30 Seconds to Mars» тобунун ырчысы Жаред Летого бир ашынган күйөрманы өзүнүн кесилген кулагын белекке берип дүйнө жүзүнүн оозун ачырган. Летодон журналисттер «ал кулакты эмне кылдыңыз?» деп сурашса, «тешип, ага жип өткөрүп бир нече күн кулон катары тагынып жүрдүм» деп айткан.
2011-жылдын 6-ноябрында Түндүк Ирландиянын Белфаст шаарында өткөн «MTV Europe Music Awards-2011» сыйлык тапшыруу аземи учурунда бир кызык окуя болгон. Элдин арасынан энеси эгиз туугандай кубанып, дырдай жылаңачтанып алган бир жигит чуркап чыккан. Андан соң ал сахнада турган Голливуд актрисасы Хайден Панеттьеринин жанына басып келип, анын фанаты болорун айтып, миңдеген кишинин көзүнчө арзуусун арнаган. Анан «жылаңач баатыр» ошол жерден кумирине салтанат аяктагандан кийин чогуу сыра ичүүнү сунуштаган.

318 КИШИНИН ӨМҮРҮН АЛГАН ОЮН
Азыркы күндө спорт күйөрмандары да укмуштуудай көп. Өзгөчө футбол сүйүүчүлөрүнүн беттерине кызыл-тазыл кылып желек тарткандан тышкары дагы көптөгөн «эрдиктерине» күбө болуп келебиз. Дүйнөлүк тарых барактарына үңүлсөк, фанаттардын пикир келишпестигинин айынан оюн бүткөн соң эки жаат болуп мушташып, натыйжада көптөгөн адамдар курман болгон учурлар толтура. Мисалы, 1964-жылы 25-майда Перунун борбору Лима шаарында Олимпиадага тандап алуу турунда Аргентина курама командасы менен Перу курама командасы беттеш өткөргөн. Мелдеш бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда перулуктар киргизген голду калыс эсептебей койгон. Ошол замат нааразы болгон күйөрмандар оюн талаасына чуркап чыгышып, баш аламандык башталган. Жыйынтыгында 318 адам каза таап, 500 киши жаракат алган.
Ал эми 1993-жылы немис теннисчи айымы Штефи Графтын ашынган фанаты кумири менен беттешип жаткан сербиялык теннисчи Моника Селешти кортко чуркап чыгып, бычак менен далыга сайып жиберген. Бактыга жараша, сербиялык теннисчи тирүү калган.

АЛ ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДА
Бир кездерде орусиялык ырчы Дима Биланды, корей актёру Ли Мин Хону кумир тутуп, аларды туурап чачтарын өстүргөн мырзалар өлкөбүздү каптады эле. Ошондой эле дүйнөнү дүңгүрөткөн жосунсуз жорукту жасабаса да, сүйүктүү кыргыз ырчысы дегенде ичкен ашын жерге таштап, күн-түн дебей кумирин шыкаалап аңдып жүргөн кыздар да арабызда көп. Ал эми мырзаларга келгенде, алар көбүнчө футболдун алмашкыс фанаттары. Мисалы, жеке ишкер Аскар Салымбековду алалы. Өзүнүн айтымында, ал 1990-жылдан тарта дүйнө чемпионаты кайсы өлкөдө болбосун калтырбай барып, көрүп келет. Анан да жөн гана сырттан сүрөп гана келе бербестен, кумирлери менен эстеликке сүрөткө түшүүгө да үлгүрөт экен.

  • Легендарлуу ырчы Элвис Преслинин бир тутам чачы аукциондон ашынган бир күйөрманына 15 миң долларга сатылган.
  • 2002-жылы поп ырчы Бритни Спирстин чайналган сагызын бир күйөрманы 14 миң долларга сатып алган.
  • Атактуу Голливуд актрисасы жана ырчысы Мэрилин Монронун көкүрөгү тартылган 3 даана рентген кагазы үчүн бир күйөрманы 45 миң долларын аяган эмес.
  • Таттуу түгөйлөр Брэд Питт менен Анжелина Жолинин дем алуусунан чыккан аба менен толтурулган бөтөлкөнү 530 долларга сатып алган фанатка айласыз күлөсүң.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
КИМДИН ФАНАТЫСЫЗ?

Мирбек Калмамбетов, соодагер:
– Мирбек Атабеков жаңы чыкканда эле ырларын жакшы көрүп укчумун. Концерттеринен калбай барып жүрүп, кантип ал ырчынын фанаты болуп калганымды билбей калдым. Мирбек кандай жаңы ырды жаздырды дегиче калбай угуп келем.

Гүлзат Эралиева, үй кожойкеси:
– Мен эс тарткандан бери эле Гүлнур Сатылганованын фанатымын. Ырчынын ырлары, баскан-турганы, айтор, бүт нерсеси жагат. Аны туурап кийинип да алам. Концерттери канча сом болбосун, жолдошумду кыйнап болсо да ээрчитип барам.

Жеңишгүл Өзүбекова, акын, драматург:
– Фанат күтөбү же жокпу ал адамдын өз эрки. Мага окшогон адамдар четтен табылса керек. Дегеним, менин бирөөгө түздөнүп, таасирленгидей кумирим жок. Эч качан болгон эмес, болбойт дагы.

Азамат Нуралиев, дизайнер-верстальщик:
– Мен азыркы "Барселонанын" күйөрмандарынан өзгөчөмүн. Анткени 2000-жылдары «Барселона» өтө алсыз болчу. Ошого карабастан, он жылдан бери жаным-алым калбай сүрөп келем. Команданын ар бир оюнун спорт барлардан кууп жүрүп, калтырбай көрөм.

Рита Сартбаева, эсепчи:
– «Күүгүм» тасмасы чыккандан бери Эдварддын (Роберт Паттинсон) фанатына айландым. Ал актёр, мырза катары абдан жагат. "Күүгүмдүн" бардык бөлүгүн көрүп чыксам да кайра-кайра көрүүдөн тажабайм. Эми алтынчы бөлүгүн күтүп жатам.

Саламат, ырчы:
– Менин кумирим легендарлуу мушкер Мухамед Али. Мен аны мушкер катары гана эмес, адам катары да баалайм. Себеби ал кайрымдуулук иштерин көп өткөрүп келет. Ал жөнүндө жазылган китептерди, маалыматтарды калтырбай окуп чыккам.

Айжан Газиева, ырчы:
– Адамдардын улуулугуна, сулуулугуна, ийгилигине карап кимдир бирөөнү жактырышы туура эле. Бирок фанат болууну туура эмес кабыл алам.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
sasik
2013-04-08 11:57:15
Мен апамдын фанатымын! Апам ырдаганда ооиий айтпай эле коёюнчу
+3
aiza11.3
2013-04-08 15:02:19
кимдин фанатысыз?не смешите меня
+1
Gazik
2013-04-09 02:21:25
oy duyno kayda baratat, bul jakta jeerge nan tappay ertenki kundu kantip otkozom dep oygo batkan jetim baldar, jakyr uy buloolor, kary adamdar, kozgo, kolgo, butka muktaj bolgon adamdarga jardam berbeylibi. kayaktagy bir adamdy kumir kylbay, al dele bir kunu olot, any dele oo duynodon jolukturasyn, barar jeribiz bir da
+2
Kg.lady
2013-04-10 15:16:45
Оо, мээн менен жерге кир!!!Бироонун оозундагы сагызды сатып алганы неси,ботом:(
0
Titi
2013-04-11 10:56:58
Мен Алланын Кудайдын фанатымын, жараткан алла тааладай эн таза , калыс болгум келет
0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан