2010-ЖЫЛДЫН 7-АПРЕЛИ...

Ал күнү аксакал аталар, кутман кары энелер ыйлашты. Анткени кыргыздын жаш жигиттери сырттан бастырып кирген душманы жок эле, өздөрү шайлап, өздөрү бийликке алып келген адамдардын буйругу менен окко учуп, жан берип жатышты. Алардын болгон күнөөсү – жакшы жашоону эңсеп, өлкө жетекчилигинен мыйзамдуу укуктарын талап кылып чыгышканында эле...

Өмүрбек Текебаев, ЖКда «Ата Мекен» фракциясынын лидери:«АБАКТАН ТИРҮҮ ЧЫГАР БЕКЕМ ДЕП ОЙЛОНУП ЖАТТЫМ»
– Бакиевдер бизди камай тургандыгын күн мурунтан эле билгенбиз. Үй-бүлөмдү туугандардыкына жөнөтүп, эртең менен партиянын кеңсесине барып документтерди, компью­терлерди башка жакка жеткирттим. Кечирээк үйгө келдим. 3-4 мүнөттөн кийин эле эшиктин коңгуроосу басылды. Ошондо саат 21:50 чамасы эле, мени алып кетишти. Эшикти жөн эле ачканыма кубанам, анткени Атамбаевдин дарбазасын болгарка менен кесип ачышыптыр.
Спорт кийимчен болчумун, камерага киргизерде бут кийимимдин боосун чыгарып калышты. Үй-бүлөмдү ойлодум. Кеминде 15 жылдан соттолушат деп жатышты. Тирүү чыгамынбы, чыкпаймынбы деген ойлор келди. Кичүү кызым ошол кезде эки жашта болчу, тирүү чыксам Айсарам 17ге толуп калат экен деп ойлоно баштагам. 7-апрелдин таңы атканын кичинекей терезеден түшкөн нурдан улам билдим. Күн бүркөк экен. Бир кезде сыртта «гүү-гүү» деген үн угулду. Бул үндүн жаратылышын түшүнбөгөндүктөн, эмне болуп жатканын билген жокмун. Улам басылып, улам кайталанат. Күн күркүрөп жаткан сыяктуу да сезилди. Көрсө, ошол кезде эл Бакиев менен алышып жаткан тура. Бир кезде түрмөнүн эшиктерин ачып, бизди чыгарышты. Коридорго Турсунбек Акун жүгүрүп кирип келди. Бизди сыртка чыгарышты. Сыртка чыкканда эле эл мени колтуктай аянт жакка алып жөнөштү. Бут кийимимдин боосу жок, улам түшүп калат, улам бирөө эңкейе калып кийгизип коёт. Ошентип, аянтка келдик. Ал жерде үн күчөткүч жок экен, бир аз сүйлөдүм. Элди эч ким уюштурбаганы, бул акция эмес экендиги ушундан билинип турат, микрофон да жок экен. Азыркы өкмөттүн имаратына барып, Роза Отунбаеванын кичинекей кабинетинде Убактылуу өкмөттү жарыяладык. Убактылуу өкмөт бийликти эмес, жоопкерчиликти бөлүп алдык. Анткени бийлик кулады, Конституция күчүн жоготту, өлкөдө өзгөчө оор кырдаал. ИИМге Болот Шерди, УКМКга Кеңешбек Дүйшөбаевди жетекчиликке дайындадык. 8-апрель күнү Убактылуу өкмөт Конституцияны, ошондогу бийликти жокко чыгарган биринчи декретти кабыл алды.

Темир Сариев, КРнын Экономика министри:«ӨЛҮМГӨ БЕТ АЛГАНЫМДЫ БИЛИП ЭЛЕ КЕЛДИМ»
– 2010-жылдын 5-апрелинде Москвага кеткем. Эртеси Кыргызстандын оппозиция лидерлерин бийлик камакка алганын уктум. Өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү, партиялаштар мага «ошол жакта турсаң, эл аралык билдирүү жасаганга ыңгайлуу. Бул жакка келсең, сени да камап коюшат, келбе» деп жатышты. Бирок өлүмгө бет алганымды билип туруп эле намыс үчүн, эл үчүн келе бердим. 7-апрель күнү Бишкекти көздөй учтум. Учактагы төрт саат ичинде эл, үй-бүлөм, айылым, туугандар көз алдыман чууруп жатты.
План боюнча мен учуп келгенде эле аэропортто эл жыйналып, Бишкекти көздөй жөө жүрүш жасамакпыз. Бирок мени аэропорттон абакка алып кетишти. Сурак жүрүп жаткан учурда сыртта ызы-чуу эле. Жактоочумдан «бир нече кишини атып салышты» деген билдирүү келди. Мен тергөөчүдөн Суталиновго жолуктуруусун өтүндүм, ал министрдин Ак үйдө экендигин айтып, мени Марат Бакиевге алып барды. Ага «Атаңа айт, токтотсун! Эл кырылып жатат!» дедим. Ал телефондо сүйлөшүп, анан «Сариевди алып кете бергиле» деп койду. 2005-жылы да Айдарга келген элем, «токтот, эл менен сүйлөшкүлө» дегениме макул болбогон. Аягы эмне болду? Марат Бакиевге аны да айттым.
Бир кезде эл УКМКга келип, бизди чыгарды. Иса Өмүркулов экөөбүз башкалардан эрте чыкканбыз. Ак үйгө Данияр Үсөнов менен сүйлөшүүгө бардык. Ак үйдүн биринчи кабатында толтура куралчандар жашиктеги куралдарды октоп жатышыптыр. Данияр Үсөнов менен сүйлөшүп «Ак үйдүн үстүндөгү снайперлерди алгыла, атууну токтоткула, оппозиция лидерлерин бошоткула» деген талаптарды койдук. Ал «эл тосмодон алыс турсун, айткыла, биз снайперлерди алалы, аткылоону токтотолу» деди. Сыртка чыкканда дале аткылоо болуп жатыптыр. Ошол каргашалуу күнү эл бийлик менен кечке алышты. Мындай кан төгүлөт деп ойлогон эмеспиз. Акыры Бакиев бийлиги жеңилди, оппозиция лидерлери Убактылуу өкмөттү түздүк, жоопкерчиликти мойнубузга алдык. Убактылуу өкмөт өзүнө алган жоопкерчиликтерди акырына чыгарды. Референдум өткөрүп, жаңы Конституция кабыл алынганда бийликтен баарыбыз кетебиз дегенбиз, кеттик. Ошол кырдаалда саясий-экономикалык абалга жараша чечимдер кабыл алынган. Эми кайсы бир чечимдерди башкача кабыл алсак болмок экен деп ойлоносуң, бирок ал учурда бизде ойлонгонго шарт да, убакыт да жок эле.

Азимбек Бекназаров:«7-АПРЕЛДЕ ЭЛДИ АТУУГА ЖООПТУУЛАРДЫН ЖАРЫМЫН ЭЛ ӨЗҮ ЖКГА ДЕПУТАТ КЫЛЫП ШАЙЛАП АЛДЫ»
– Максатыбыз бийликке келиш эмес, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу системин жок кылып, мамлекетти демократиялык жолго салуу, элдин үнүн угуу болчу. Революциянын максаттарынын ишке ашканына ыраазы болом. Тарыхый окуялардын кыймылдаткыч күчү – карапайым эл, жаштар. Кыргыз улуту бул окуяны оң жагынан тарыхта калтырышыбыз керек. Баңгилердин же бейбаштардын аркасы менен болгон окуя деп атаганга болбойт. Эч ким акча берип, революция жасап элди көтөргөн жок. Революцияда эл жеңди, Кыргызстан эли кулдук доордон кутулду.
Убактылуу өкмөт эл алдында берген өз убадасын аткарды. Биз электр энергиясына болгон бааны арзандаттык, уюлдук байланыштагы ар бир чалуудан төлөнүүчү 60 тыйынды жок кылдык. 7-апрелде элди атууга күнөөкөрлөрдүн жарымы издөөдө жүрсө, жарымын эл өзү Жогорку Кеңешке депутат кылып шайлап алды. (Гезитибиздин №439 санына (1-7-апрель, 2011-жыл) берген маегинен).


Эмил Каптагаев, Убактылуу өкмөт тушунда аппарат башчысы:«ОШЕНТИП, БАКИЕВДИК БИЙЛИК КУЛАДЫ, АК ҮЙ ЭЛДИН КОЛУНА ӨТТҮ»
– 2010-жылдын 7-апрель күнү бардык аймактарда элдик курултайлар өтмөк. Жер-жерлерде штабдар түзүлүп, даярдык көрүлүп жаткан. 6-апрель күнү кечинде оппозиция лидерлерин камакка алууну башташты. УКМКнын тергөөчүлөрү атайын жоокерлердин коштоосу менен келип, Кеңешбек Дүйшөбаев, Иса Өмүркулов, Туратбек Мадылбеков төртөөбүздү «Медиа Форум» имаратынан кечки сегиздерде СИЗОго алып кетишти. Мага кылмыш иши козголду, коюлган беренелер
боюнча 25 жылга чейин эркимден ажыратыла турганымды да эскертишти.
7-апрель күнү СИЗОнун камерасында жалгыз отурдум. Сыртта жамгыр жаап жатты. Бир аз көзүм илинип кетиптир, көчөдөн угулган элдин чуусунан ойгондум, тура калып тыңшасам, көп кишинин чуусу. Аңгыча эле тарса-турс болуп гранаталар жарылып, автомат атыла баштады. Чуу басылып калат, кайра күчөйт, кайра тарсылдак, кайра жымжырт. Ошентип канча убакыт өткөнүн билбейм, тарсылдап мылтык атылганы күчөдү, элдин топуру короодон угула баштады, кыязы, тосмодон ичкери кирип кетишти көрүнөт. Бир маалда камеранын эшиктери шарак-шурак ачылып, баарыбызды дегдеңдетип коридорго чыгарышты. Андан ары короого чыктык. Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Дүйшөн Чотонов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Анвар Артыков болуп чогуу чыктык. Ал жерде күзөт кызматын шаштырып, «ачкыла эшикти» деп кыйкырып акыйкатчы Турсунбек Акун жүрүптүр. «Батыраак чыгаргыла, эл кырылып калды» деп, өзүнүн да башы канжалап жүрдү. Жалгыз адам сыяр камерада саат кайдан? Канча экенин деле билбей отургам, кеч кирип калыптыр. Ал жерден эл ар бирибизди колу-буттан алып көтөрүп, түз эле «Ала-Тоо» аянтына алып келишти. Аянтта эл толтура. Ак үй жактан тарсылдап автомат атылып жаткан.
Саат сегизден өткөндө Бакиев Ак үйдөн качты. Жөн качпай түндүк жак дарбазанын жанында турган элди автомат менен аткылап кырып кетти. Саат тогузга жакын Данияр Үсөнов өкмөт отставкага кеткени тууралуу арызын жазып берди. Алардын арызын колмо кол алуу үчүн Роза Исаковна менен Темир Сариев ичкери киришти. Ошентип, Бакиевдик бийлик кулады, Ак үй элдин колуна өттү.

Болот Шер, ЖКда депутат:«ЭГЕР АМАН КАЛСАМ, 70 ЖАШТАН ӨТҮП АБАКТАН ЧЫГАТ ЭКЕНМИН ДЕП ОЙЛОДУМ»
– 2010-жылдын алтынчы апрелинде кечки саат алты чамасында Талас облустук администрацияда теледен Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, «Болот Шернияз кармалды, биз абалды жөнгө салдык» деп опурулуп жатканын көрдүм. Он беш мүнөт өтпөй Акылбек Жапаров чалды. Бул чалуу «контрольный» экенин түшүнүп турдум. Үсөнов кармалды дедиби, демек, жакын арада мени кармап кетишет. Ойлогонумдай эле көп өтпөй келип, колума кишен салып алып чыгып кетишти. Бишкекке апкелип УКМКнын камерасына камап коюшту. Туурасы алты карыш, бир керебет сыйган камера. Түнү бою ал кенедей камерада басып чыктым. Мурун да «мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет жасады» деп мага кылмыш ишин козгошкон. Бул экинчиси болчу. Демек, жыйырма жылдан ашык мөөнөткө камашат. Эгер аман калсам, 70 жаштан өтүп абактан чыгат экенмин деп ойлой баштадым. Тышта эмне болуп жатканын билүү мүмкүн эмес болчу.
Таластагылар да тынч гана тарап кетишмек эмес. Тагдырдын тамашасын кара, «Таласты тынчытам, Шерниязды камакка алам» деп жүздөгөн милиция кызматкерин баштап барган Молдомуса Конгантиевди мен өзүм каарданган элдин колунан бошотуп, бул жакка алдырдым. (Гезитибиздин №400 санына (2-8-июль, 2010-жыл) берген маегинен).

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
7-апрель. Бакиевдердин акыркы саясий курмандыктары...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Aidai2010
2013-04-09 10:44:34
Мага бийликтин, байлыктын кереги жок. Эгер керек болсо үйүмдү, эски машинамды ала беришсин... Мен ушул бийликти кулатып, акыйкаттык орносо эле болду" деген. Анан эмне болду?
7-апрелден кийин күч структураларынын куратору болбодубу. Эмнеден гана акча жасаган жок. Жада калса өлгөндөрдүн, жарадар болгондордун денесинен чыккан снайпердин окторунун ар бирин Бакиевдерге 100 000 доллардан сатпадыбы. Эми ушунун баардыгын кылып алып, суйлобой эле ко
0
Aidai2010
2013-04-09 10:46:15
сун
0
narunduk
2013-04-09 11:34:03
Кыргызстан 2010-жылы тарыхындагы эн бир орчундуу, унутулгус, бутундой, элдин тушунугун бурган улуу кун болду. Мурда, ар кандай жолдор менен элди алдап кое алган бийлик эми элден коркуп калды, эми эл менен эсептеше баштады. Эл мамлекеттеги озунун ордун татыктуу тастыктады. Багытыбыз толугу менен озгорду. Муну канчалык тансак да барыбир, агарып аткан тандай, айкын болуп турат. Бакиевчилер, учурда куноону мойнуна алгысы келбей, ар кимди куноолоп жатышат, бирок анын баары суу кечпей кала беруудо...
-1
sagun
2013-04-09 12:03:19
7-апрель кыргызстан учун унутулгус кун болуп калды. Бул кундун баркы дагы жылдар жылган сайын ойдолой берет. Анткени, биз бул куну тирандык уй булолук башкаруудан, туболукко айрылдык жана, олко душмандарын кууп чыктык. Апрел окуясына ар кимди куноолошот, бирок эч кандай факты келтире алышпайт. А чынында, жогорудагы саясатчыларды окуп корсок, алдарга чынында эле оор болуптур да. Эл ошол куну Бакиевди кетире албай калса, алар турмодон чыга албай калышмак экен.
-1
altinim
2013-04-11 00:07:38
sagun, А чынында, жогорудагы саясатчыларды окуп корсок, аларга чынында эле оор болуптур да.
ха ха ха анекдот эмеспи ия, кимге кыйын болгон ушуларгабыыыы эки козунузду жумуп эле жазып койгонсузго, жыргал ушулардыкыгоо кетирип, келтирип озулору жылбай отура беришетко мелтейип
0
best-life
2013-04-09 13:45:32
Иии айтышты да коюшту деген кептей эле даа
+1
admin_superstan
2013-04-10 11:38:33
Doni85, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
Сизге эскертүү!
0
Mirko.93
2013-04-10 16:20:28
7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель7-апрель7-апрель7-апрель7-апрель. А июнь кооголанын ким айтат! Ташиев айтат,
+2
altinim
2013-04-10 20:41:13
Mirko.93, куйбогон жерди кул кылышатта жонлечиии
кыргызды кыргыз кырса баатыр, озбектен кыргызды коргогон эчкииииииим эмес экен
0
Mirko.93
2013-04-10 16:22:57
Бийликке Ташиевдей Чыныгы патриот адам керек,
+1
narunduk
2013-04-11 17:04:10
Бийликке Атамбаевтен откон мыкты киши жок.
0
Kymyzkyz
2013-04-11 20:58:09
Бакиевдин бийлиги кулап, элдик бийлик орноду дебей, биздин бийлик орноду десе чындык болмок. Кайдагы эл кудайды карасанар болмок.
0
muxammet
2013-04-12 22:14:47
Наверное, в первые в мировой истории политическая элита представлена скорее телезвездами, чем мыслителями. они очень разные политики-телезвезды умные, глупые,добрые и злые, честные и подлые однако есть у них нечто общее; телегеничность, запоминаемость, яркий узнаваемый образ.
0
Debi
2013-04-12 22:38:46
Алиясбек, Текебаев, Сариев, Отунбаева, Атамбаев, Турсун Акун ж.б. абийирдүү инсандарыбызга элдин да, Кудайдын да батасы тийип, өмүрлүү болушсун!
0
muxammet
2013-04-14 13:59:04
баарынан да каптагаевти жоготуу зарыл
0
admin_superstan
2013-04-15 12:11:18
muxammet, aizish, эскертүү!
Кимдир-бирөөнүн абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
jyldyz84
2013-05-16 18:30:25
текебаев ага аябай позитивдуу чечкиндуу .....акылдууу принципалдууу мыкты адам !!!!
0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан