«Супер-Инфо» гезитинин футбол боюнча Суперкубогуна камылга башталды. Мелдеш 18-19-майга белгиленип, учурда катышуучу командалардын тизмеси такталууда. "Суперфутбол-2013" боюнча маегибиз ырчы Сема менен башталды.
– Сема, иштериңиз кандай? Чыгармачылыкка кайрадан билек түрө киришиптирсиз...
– Жакшы, рахмат. Билесиңерби, менин үйүмдө футболдогу жетишкендиктерим үчүн алган көп дипломдорум бар. Ал эми ырчылыкта дээрлик жок. Андыктан кайра ырчылыкка катуу кириштим. Жакында Бишкекте өткөн АФКнын чакырык кубогунун тандап алуу оюндарында «Футбол» деген аталыштагы ырымдын тушоосу кесилди. Футболду сүйүүчү катары бул спорттун күйөрмандарын ойготуу максатында ушул ырды жараттым. Ырым эл тарабынан жылуу кабыл алынып, футболдук майрамдарда «Оле-е! Оле-е!» деген ураандын ордуна колдонулса деген тилегим бар.
– Жакында «Суперфутбол-2013» өтөт. Ырчылардан түзүлгөн курама командада барсызбы?
– Ооба, быйыл сөзсүз катышам. Мен, негизи, Суперфутбол биринчи жолу 2008-жылы уюшулганда катышып, «Мыкты дарбазачы» деген наамды алган элем. 5 жылда адам катуу өзгөрөт экен, баштапкы формамды жоготуп койдум. Ошентсе да быйыл ырчылардын дарбазасын "кургак" сактоого аракет кылам.