БИШКЕКТЕ ЭЛ АРАЛЫК КВН ЛИГАСЫ АЧЫЛДЫ

Кыргызстанда Эл аралык КВН союзунун «Ала-Тоо» деп аталган аймактык лигасы старт алды. Аймактык лиганын президенти «Азия Микс» командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров. Лиганын ачылуу салтанаты 3-апрель күнү Александр Масляков кичүүсүнүн катышуусунда өттү. Ошол эле маалда орус тилдүү «Кыргызстан КВН» лигасынын президенти Евгений Акопян: «Биздин лигада өлкөбүздүн башка КВНинде ойногон командалар катыша албайт. Эгер катышса оюндан четтетилет»,- деген билдирүүсүн таратты. Демек, Акопян аймактык лиганы өзүнө атаандаш көрүп, чочулап жатат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nurik_kbt93
2013-04-08 19:29:59
Ошондо Акопян ТАМАШОУдагы балдар ойной албайт деп атат да ээ.
0
Knt
2013-04-09 11:04:02
mdaa, bilinbegen menen tamawou mn aziya mix'tin ortosunda ataandawtykpyy je koro albastykpyy bar)
0
Zverchik
2013-04-10 15:56:33
атаандаштык куч окшойк чагымда бирок жакшы жанылык
0
parus.kg
2013-04-12 17:14:33
ммм атаандаштык болуусу толук мумкун ал айтпаса да белгилуу го дейм бирок эки команда тен кучтуу командалар аларга бирдей ийгилик каалайм!
0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан