«Супер-Инфо» гезитинин гимнин жазган авторлордун бири, белгилүү рэпер Добр «Патриот» аттуу ырына клип тартты. Токмок шаарында атайын даярдыктагы аскерлердин (спецназ) катышуусунда тартылган клиптин сюжети да өзгөчө. Ырчынын спецназ жоокерлерди тартканы да бекеринен эмес, анткени ырда мекенине кызмат өтөп жаткан өлкө коргоочулары даңазаланат. Бул тууралуу Добр: «Клипти Коргоо министрлигинин алдындагы «Скорпион» атайын аскерлерди даярдоочу бригадасында тарттык. Алардын менин ырларымдын коштоосунда машыгышары мени кубантты»,- дейт.