3-апрель күнү куудул Жеңиш Айтиев кыздуу болгонун сүйүнчүлөдү. «Кыргыздардын санын көбөйтөйүн деп, балалуу болуу жагынан жаш куудулдардын астында баратам. 3 уул, 1 кызым бар эле, бүгүн Кудайдын буйругу менен дагы бир кыздуу болдум. Тууган-урукка, анан, албетте, сиздердин редакцияга чалып кубанычым койнума батпай сүйүнчүлөп жатам»,- дейт бактылуу ата.