«Бийлик оппозициянын үнүн укпай жатат». Дайыма айтылып келген ушул нааразычылыкка бүгүнкү бийлик чекит койду. 4-апрелде Бишкекте бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул жолугушууну акыйкатчы Турсунбек Акун демилгелеп, биринчилерден болуп сөз сүйлөдү.
Иш-чарага бийликтен Жоомарт Оторбаев, Экономика министри Темир Сариев, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, ал эми оппозиция тараптан «Кыргызстанды сактоо» кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев баштаган топ катышты. Буга чейин жолугушууга катышары айтылган парламенттеги оппозициялык азчылыктын өкүлдөрү келишкен жок. Ал эми Азимбек Бекназаров президент Алмазбек Атамбаев катышпаганы үчүн келүүдөн баш тарткан.
Оппозиция өкүлдөрү «Кумтөр» боюнча келишимди бузуу, Кыргызстанда иштеп жаткан Кытай жарандарынын санына квота коюу өңдүү талаптарды коюшту. Жоомарт Оторбаев мындай жолугушуулардын пайдалуу экенин белгилеп, мындан ары да өткөрүп турууну сунуштады. Кийинки жолугушуу качан болору айтылган жок.
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg