Социалдык өнүктүрүү министрлигинде «КРнын Жөлөкпул мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек стол өттү.
Кыргызстанда эркектер 63 жашында, аялдар 58 жашында пенсияга чыгышат. Алар иштеп тапкан кирешесинен мамлекетке салык төлөй турган жарандар. Ал эми Орусия, Украина, Эстония, Өзбекстан жана башка өлкөлөргө салыштырмалуу өмүр бою иштебей, бирок социалдык жөлөкпул алган адамдар Кыргызстанда 5 жылга эрте пенсияга чыгышат. Андыктан министрлик аталган топко кирген жарандардын пенсияга чыгуудагы жашын жогорулатууну сунуштады. Ага ылайык, соцпенсия алган эркектер 65, аялдар 60 жашында пенсияга чыкмакчы. Мындай демилгени ЖКнын депутаты Роза Акназарова кубаттап, «мамлекетке иштебей туруп, өлкө казынасынан көп каражат, тактап айтканда, социалдык пенсия алышууда. Алардын пенсияга чыгуу жашын жогорулатууну колдойм» деди.
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg