«Ар-намыс» партиясы жүйөсүз унутулган байыркы кыргыз улуттук буюм-куралдарын: кылыч, шамшар, канжар, бычактарды кайра жаратуу жана азем белек (сувенир) катары пайдаланышына шарт түзүү максатында чебер усталар арасындагы сынактын экинчи этабын жарыялайт. Аталган буюмдар кындары жана кемер кур менен кошо даярдалууга тийиш. Сынакка эскиздер да кабыл алынат.
Жеңүүчүнү 30 000 сом акчалай сыйлык күтөт, ал эми мыкты эскиз 10 000 сом менен сыйланат. Буюмдар партиянын азем белек фондун түзүү үчүн өнөр жай ишканасынын биринде көбөйтүп даярдоого берилет жана сыноо иретинде сатууга коюлат.
Сынак 2013-жылдын 17-сентябрында 11:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт.
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg