(Башталышы өткөн сандарда)
Министрдин «ырчы кызың даярбы, бир кече болмок, барабыз» деп сураганынан кийин жардамчысы Исмандын санаасы сан, ойлору онго бөлүнгөн. Асмандын клибине тартылып, экөө арзышып бүтүшө электе минтип министр шаштысын алууда. Эми кантип шефинин колуна сүйүктүүсүн тапшырат? «Кечеге барып, ырдап кой» десе Асман беттен алып, албууттанарын билип турат. Айласы кеткен Исман Асманды үйүнө жеткирип баратып үн катты:
– Алтышка, Асуша!
– Ов!
– Клипте келиштирип ойнодум, ээ?
Даярдаган сөзүн айталбай, башка сөздүн башын баштап жиберди жигит.
– Ооба, эми тез эле монтажы бүтсө экен, көрүүгө шаштым кетип чыдабай баратам.
– Шашпа, бир нерсени жасаарда аягы кандай болот деп ойлоп, анан башташ керек адам деген.
– Оо, мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп философ, психолог болуп кеткенсиңби?
– И...- деп күңкүлдөдү Исман кыздын тамашасы эмне жөнүндө экенин этибар албай.
– Не болду, ойго чөмүлүп калдың?
– Эч нерсе. Биздин шеф менен сен тааныш турбайсыңбы?
– Кайсы шефиң?
Асман чочуп кетти, дароо өзүн-өзү ичтен жемелеп кирди «мына сага, Асман! Жолуңдан чыккан адамга сырыңды айтып, жакын адам катары көрүп аласың да, кийин жалганы
чыкса жүрөгүң туйлап, жан дүйнөң
дүрбөлөңгө түшөт. Чала болот сага, чала!»
– Министр Ардак Рахимовичти айтам.
Ушул сөздү укканда гана бийкечтин көңүлү жай ала түшүп, жеңил дем алды.
– Аа, ооба, Зина эже аркылуу тааныйм, точнее, апам экөөбүз анын кабыл алуусунда болгонбуз. А сен ошонун помощнигисиңби?
– Ага таң калып эмне кереги бар, ошол министрликте иштейм деп айткам го сага.
– Туура, айткансың, бирок...
Мындай мүмкүнчүлүк дайым келе бербейт, жигит кепти кабыргасынан койду.
– Асуш, эртең бир кече болот экен, барып ырдап бербейсиңби?
– Кимдер келет? Кандай кече? Мейли, барайын.
Исман таң калып эле калды, «мен муну сөгөт го десем, тескерисинче, жыргап алды го. Не балээ болгон немеге кезиккем? Жеңил ойлуу дейин десең, жанына жакын жолотпойт».
Көзүнөн кубанычтын нуру төгүлүп турган керме кашты бир карап Исман ушуларды ойлоп кетти.
– Исман дейм, саат канчада болот экен? Ага да даярданыш керек да эми.
Асмандын бул сөзү ого бетер жигитти кыжырдантып, бир чети ардантып, ичиркентип ийди. Дароо жол жээгине чыга калып тормозду тээп алды. Асман түшүнбөй, көздөрүн бакырайта эмне дешин билбей катты да калды.
– Сен түшүнүп жатасыңбы, ал жакка чоң курсак чиновниктер барат, жабык кече, сен ойлогондой той эмес ал жер, элдин баары жарданып карагыдай. Анан папкечен байкелериң тийише баштайт же биздин шефке окшогондор саунага же башкага деген сунушун айтат, уялбай этпей эле!
Көзүндө огу болсо атып ийчүдөй карап, кыйкырып жаткан жигиттин сөзүнө Асман күлкү менен жооп берди.
– Чоң курсагың менен ишим эмне менин, мен ал жерге барып ырдасам болду, ой, боорум ай, боорум...
Кыз дале күлкүсүн тыя албай жатканына жаны кашайган Исман аны колунан катуу тартты.
– Болду дейм, көп күлбө, мен сага күйгөн үчүн айтып жатам. Же сен үчүн ырдоо намыстан да артыкпы?
Мына ушул сөздү башта айтыш керек болчу, Асман безге сайгандай ыргып алды.
– А сен макоо мени эмнеге ошондой жерге барышыма түртүп жатасың?! Кыйын болсоң, шефиңе дароо жок деп жооп бербейт белең?!– Менин шефим менен сүйлөшкөнүмдү кайдан билдиң?
– Кудай берген кулакты көрбөй турасыңбы? Ушул кылыгың, сөзүң үчүн да барам мен ал жерге. Мен сага көрсөтөм!
Кызуу кандуулугуна салып, кыз көгөрүп көп сөздү айтты. Жигиттин жүрөгү муздабай, кайра кыздын кайраттуулугуна, намыстуу экенине таң берип, кучагына кысты. Ошентип, бул күн, бул түн экөөнүкү болду. Жигиттин көкүрөгүнө башын коюп жаткан кыз анын жүрөгүнүн түрсүлдөп согуп жатканын угуп:
– Могу жүрөк мен деп согуп жатат, улам атымды айтып.
– Ооба, жаным, сен деп согот, бул жүрөктүн жарымы мындан ары сенде...
Жалындаган жаштардын алгачкы түнү ушинтип өттү. Көрсө, кээде ашыктык оту каада-салтты, үрп-адатты да карабайт экен. Баш айланткан махабатта беш күндүк күтүүдөн беш мүнөттүк ырахатты артык койгон учур болот тура. Сүйүүгө эс-мас болгон кыз-жигит таңды куунак тосуп алышты. Исман жанынан карыш жылдыргысы келбей, кучактап отурат.
– Кемпир, чай койчу, курсак ачты.
– Ой, тимеле муну, мен азырынча секелек кызмын!
Жүзү балбылдап турган Асман күлүп жиберди.
– Сен меникисиң, мен үчүн сен дайым сулуусуң, жашсың, жанымдасың...
Ушинтип ашыгына мактоо сөзүн айтып оозун жыя электе телефону чырылдады. Кыйлага чейин карап туруп телефонду чырылдаткан боюнча диванга ыргытты. Демейде «ким? Неге
албайсың?» деген суроону биринен сала бирин берчү адаты бар Асман үн катпай телмирет. Анткени кимдин чалып жатканын билет. Ошентсе да чыдабады.
– Балким, барып ырдап келермин?
– Жок дебедимби, жок!
– Анда сен жумушсуз каласыңбы, бул мага өчөшүп бут тоссо кантем? Баары бир колунда бийлиги бар неме да, анын үстүнө жаман ою деле жок болсо керек.
– Не мынча ишенчээк жансың? Бир жолу көрүп эле «жардам көрсөтөм» деген сөзүнө ишенип алдыңбы? Мен бул карт бөрүнү билем, беш жылдан бери. Көңүлү түшкөн кызды коё
бербей калсын. Мейли, жумуштан айдаса айдап ийсин, бирок айлыгымды берген соң кетсем болот эле.
Жигит башын тырмап, суроолоруна жооп табалбай кыйлага кыйналды. Телефон эки жолу чырылдап өчтү, бир убакта СМС келди. Элейген экөө тең телефонду тиктеп турушат. Акыры
Асман телефонду жигитке сунду.
– Ме, ал эмес болуш керек. Эгер СМС жазган шефиң болсо, анда...
«Исман, шеф жинденип жатат, эки саатка суранып кетип, эки күн жок деп. Тез келбесең, териң тескери сыйрылат. И, баса, Бешбаевдин афишасындагы ырчы кызды кечинде
кечеге барууга көндүрөт экенсиң!» Ушул билдирүүнү окуп чыкты үч сыйра.
– Мен кеттим, сен кечкиге даярдан.
– Каякка?
– Шефке. Баарын түшүндүрүп айтам, «ал кызга тийбеңиз, менин аялым» деп айтам.
Асман селейип калды.
– Жөн, кайдагы аялың? Бир кечеге барып ырдаш эле керекпи силерге?! Барам, бар айт, бирок менин да шартым бар, менде да баш бар. Менде да намыс бар.
Ачууланып кыйкырып кирген кызды араңдан зорго алаксытып, сооротту.
– Болду, жаным, болду. Сен айткандай болот, сен каалагандай болот. Мен сага ишенем, ал сага көз артса арта берсин, негизгиси мен сага ишенем.
Жетекчиси жини келгенде кызарып-татарып кетерин, кабинетке ким кирсе кууп чыгарын беш колундай билген Исман акырын эшик тыкылдатты. Ичкериден эч кандай жооп болбоду.
Катчы кызга караган жигит:
– Күн бүркөкпү, ушунчалык?
– Айтпа, минус ноль градус.
Булардын минткенинин себеби экөө министрдин кабак-кашын ушинтип мүнөздөп аба ырайына салыштырган жашыруун сыр сөзү. Бир аз убакыт өткөн соң эшикти дагы тыкылдатты.
Ошондо
гана ичкериден «да-да» деген үн чыкты.
– Уруксатпы, Ардак Рахимович.
– Уруксат, оо, эки саатка суранган бала 2 күн жок. Бүгүн келбесең, «Жди меняга» бердиртейин деп жаткам.
– Ардак Рахимович, мен, мен үйдөгү зарыл жумуштар менен жүрүп, кечирип коюңуз.
Мукактанып, эмне шылтоо айтышын билбей турган жардамчысын колун жаңсап отур деди.
– Сенин кез-кезде уктап калганыңдан башка косягың жок болчу. Кечирдим, экинчи кайталанбасын!
Министрдин мындай сөзү жигитти уялтты, чекесинен чыпылдап тер агып кетти.
– Мен баягы ишим боюнча Москвага кетип жатам. Ушундайда пайдаланып, эмгегимди эл аралык деңгээлге чыгарып албасам болбос...
Министр зеригип калганбы же кимге мактанарын билбей отурганбы, балким, башка себеби барбы, айтор, Исманга жумушу тууралуу көптү кобурап берди.
– Эртең аэропортко жеткир, таңкы саат алтыда учам.
Ушуну эле күтүп турган Исман дароо башын ийкеп чыгып кеткенге шашты.
– Шашпай тур, Болотбековага клип тарттыңарбы?
Жигит ашыгынын фамилиясын уккан соң кайра отурду шалдая.
(Уландысы кийинки санда)
Жаңыл Калыкова