КОЙ (21.03-20.04)
Апта жеке жашоодо күтүлбөгөн, бирок жагымдуу окуяларды тартуулайт. Шейшембиде болбогон нерседен чырдын чыгуу коркунучу бар. Капачылыктан арылуу үчүн сейилдеңиз, досторго барыңыз. Бейшемби – жолугушуулар күнү. Мүмкүн, сыртта иштеп жүргөн таанышыңыз келет. Жума күнү үйдөгүлөрдүн көңүлүн көтөрүп, таттуулар менен кубантыңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумушка келбей калган бирөөлөрдүн ордуна да иштеш керек болот. Баш тартпаңыз, бул үчүн татыктуу баа ала аласыз. Жеке мамиледе сүйүктүүңүздүн артын салып калганы байкалат. Себебин тактоо зарыл. Шаршембиде шашылыш сапарга чыгууңуз ыктымал. Жекшембиде активдүү эс алуу менен маанайды көтөрүү сунушталат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чыгармачыл адамдардын иши жемиштүү болот. Жаңы кызмат орду сунушталгандар баарын таразалап, жакыны менен кеңешүүсү керек. Сезимдерди катпай, ачыкка чыгарыңыз. Мүмкүн, сиз жактырган адам мамиле түзүүгө макул болот. Шейшембиде акчалуу болуп, үйдөгүлөргө белек алууңуз мүмкүн. Апта соңунда достор менен чогуу эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашыруун сырларыңызды сүйүктүүңүздөн катканыңыз менен, билинип калат. Андыктан ачык айтып, келечек үчүн пландарды чогуу куруңуз. Окулистке кайрылып, көздү текшертүү ашыкча болбойт. Бейшембиде ишкер адамдар менен тил табышуу оорлойт. Сизге жагымдуу жана тамашакөй болуу керектелет. Ишембиде тааныштар менен бир маселени талкуулоого катышасыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Иш процессин мыкты уюштуруу – ийгиликтин ачкычы болуп бере алат. Ойлонбой туруп убада бербеңиз. Аткаруу кыйынга туруп калат. Стресске кабылган учурда андан арылуу үчүн дары ванна кабыл алуу оң. Шаршемби – оор күн. Маселелерди талкуулоо, ишти бүтүрүү үчүн нары-бери чуркоо керектелет. Жума күнү айттырбай келген коноктор убаракерчилик тартуулайт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иште бир чечим кабыл алууда жамааттагылардын да кызыкчылыгын эске алуу кажет. Жеке жашоого өзгөрүүлөр аздан кире баштайт. Акчалуу болуп, үй буюмдарынын айрымдарын жаңыртуу тилегиңиз ишке ашат. Шейшембиде тааныштарга баш багып, кайсы бир иштерин бүткөрүп бересиз. Жума күнү иштер көп чыгат. Чарчоону кызыктуу фильм көрүп же китеп окуп жазган оң.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Карьера же сүйүүнү тандоо дилеммасына такаласыз. Кышы менен денеде топтолгон зыяндуу заттардан арылуу үчүн машыгуучу залга жазылыңыз. Же үйдө көнүгүүлөрдү жасаңыз. Апта ортосунда карыздарды доолашат. Апта акырында өзүңүздү жана үйдөгүлөрдү да жагымдуу сатып алуулар менен кубантууну унутпаңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада эмоцияны көзөмөлдөп, чыр чыгарбоого тырышыңыз. Таттуу, майлуу жегенди азайтып, келбетке көңүл бөлүү оң. Кызмат романдарынан баш тартуу сунушталат. Шейшембиде бирөөлөргө айласыз карыз берүүгө туура келет. Бейшембиде буюм сатып аларда сапатына көңүл бурбасаңыз, кийин кейийсиз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жаңы иш боюнча сунуш түшөт, алгач пайдасы, келечеги кандай болорун талдап көрүү кажет. Дүйшөмбүдө таасирдүү адамдар маселеңизди чечип берип, сүйүнтүшөт. Шейшембиде келгендер да, телефон чалгандар да көп болуп, жүдөтөт. Бейшембиде алыстагы туугандарга барып, ал-абалын сурооңуз мүмкүн. Ишембиде жекече эс алып, кийинки аптага энергия топтоңуз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жеке жашоодо мамилени жаңы нукта өнүктүрүү кажет. Энергия жетиштүү болсун үчүн жакшы тамактанып, убагында эс алыңыз. Тил билүүнү максат кылгандар курстарга
жазылса ыңгайлуу убакыт. Апта ортосунда документ иштери менен чуркайсыз. Жекшемби күнү эски тааныштар кечти бирге өткөзүүнү сунушташат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кыйын абалда калган жакын адамыңызга колдоо көрсөтүүңүз керектелет. Белгиленген жолугушуудан кечигүү бул – пайдалуу келишимдин түзүлбөй калганы экенин эске алыңыз. Апта ортосунда чакан кеченин коногу болууңуз мүмкүн. Дем алыш күнү бош убактыңыз үйдү иретке келтирүү, керексиз нерселерден арылуу менен өтөт.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Иште катуу көзөмөл, жаңыча иш ыкмасы кирет. Даяр болуңуз. Стресстен улам уйкусуздуктан жапа чегүүңүз да мүмкүн. Апта ортосунда жылдыздар жакшы сезимдерге жык толгон жолугушуу тартуулайт. Бейшемби – банктан насыя алууга оңтойлуу күн. Жума күнү жол кырсыгынан абайлаңыз.