«УУЛУНУН ОРДУНА 45 МИҢ СОМ КАРМАТЫШТЫ»

Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылынын тургуну, бир үйдүн жалгыз баласы Талант Турусов мындан жарым жыл мурун аскерге жөнөгөн. Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Таланттын ата-энесине «уулуңар өзүн-өзү атып алды” деген суук кабар келген...
«БАЛАМА БАНКТАН АКЧА САЛГАН ЭЛЕК...»
ЫРЫСЖАН МУРАТБАЕВА, маркумдун чоң апасы:
– Айылыбыздагы апалар уулун аскерге узатып жатып ыйласа, «эмнеге ыйлайсыңар? Мекенди сенин балаң коргобосо, менин балам коргобосо, анан ким коргойт, же эмне, уулуңар өлүмгө кетип жатабы?” деп жаман көрчүмүн. Азыр ал оюмдан кайттым. Аскерге кеткендердин көбү өлүп келип жатышат.
Талант аскерге барып, бир ай өткөн соң атасына телефон чалып, 300 сом акча сураган. Атасы экөөбүз «аскерге акчанын эмне кереги бар?” деп ойлоп, бирок сураган акчасын банктан салып жибергенбиз. Каргашалуу окуядан үч күн мурун апасынан 1000 сом сурап, аны дагы салып жибергенин билем.
Нааразы болгонум, кээ бир ЖМКлар «жоокер өзүн-өзү атып өлдү” деп такталбаган маалыматты удаа-удаа берип жатат. Командирлер иш тактала элек деп бизге, үй-бүлөсүнө так маалымат бере элек жатса, журналисттерге мындай маалыматты ким таратканы белгисиз. Талант бир үй-бүлөнүн таянары, жалгыз баласы эле.
НУРЛАНБЕК САЙНАСЫРОВ, аталаш агасы:
– Талант аскерге өз эрки менен суранып кеткен. Бизге «өзүн-өзү атты» деген табышмак болуп жатат. Сөөктү алып келгендер башында «окуудан өтүп жатып кокусунан ок жаңылды” деген, андан кийин кайра «өзүн-өзү атты” дешти, үчүнчү вариантты таптакыр башкача айтышууда. Мен деле эксперт эмесмин, бирок баланын жүрөгүнөн кирген ок бөйрөгүнүн ылдый жагын тешип чыгып кетиптир. Демек, ок жогору жактан атылган.
«КОМАНДИР ЖАШ, МЫНДАЙДА ЖЫГЫЛЫП КАЛАТ»
АСЕЛ АЛПБАРОВА, Боз-Булуң айылдык кеңешинин депутаты:
– Мен айылдын депутаты катары нааразычылык билдирем. Сөөктү алып келгендердин арасынан ротанын командирин көрө алган жокпуз. Андан дагы «командир эмнеге келген жок?” десем, «ал жаш, мындайды көтөрө албай жыгылып калат” дешти.
Аскер кызматкерлери уулун жоготкон үй-бүлөгө 45 миң сом, бир кап ун, жарым кап күрүч, суу май алып келиптир. Адамдын өмүрү акчага бааланбайт. Ата-энесине 45 миң сом эмес, тирүү баласы керек болчу.
Экинчи тараптын да оюн угуп көрүү үчүн Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарындагы №30295-аскер бөлүгүндөгү командирдин орун басарына «кырсык кандай болду?” деген суроо менен кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык. Ал аты-жөнүн айтуудан баш тартты.
– Мен жоокердин тууган-уруктарына керектүү маалыматты бердим. Окуянын кандай болгонун толугу менен айта албайм, себеби Жалал-Абад гарнизондук аскердик прокуратурасынын иликтөө тобу учурда бул боюнча иш алып барууда.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Ии апасына кыйын болуптур. Байкуш эненин журогу канга толуп отурса керек. Жаткан жери жайлуу болсун! Менин да байкем аскердик кызматта аман-эсен келсе экен ылайым.
бул окуяга анча болду катардагы жоокер сержантты анан акелинин дагы бир экон кошуп атып салган эле эсинерде болсо ошол бала туура эле кылган экен мен ошондо сразу эле ойлогом ушуга жеткезгенго деп адашпапмын. эгер чынында дедовшинадан болсо армияга барбай эле коюш керек мин коргогонун менен эч кимге алын жетпейт митингдерди басып кое албайтко анан кайдагы башка олкодо коргонуу. озуну атып олтургучо беш сержант 5командирди олтуруп анан озуну атсан точна бейишке барасын!!!!!
men_aman, Жазаардын алдында кичине болсо ойлонуу жолтоо болбойт го дейм я?
men_aman,Сен логика деген нерсени билесинби?
эмне учун мындай окуялар коп болот ,эмне учун командирлер контролдошпойт ,менин тагам рамалык да армиядан олуп келген экен (анда мен кичине элем)?деги кыргызстанда закон-чындык барбы ,ушу чондорго акча эле болсо болду экен да элди ойлошпойт!
жаман болуптур апасына нерви жука жаштар кобойду го акыркы убактарда
кантип эле атынып алсын олгонун баары озун атып алды деген шылтоо айтышат эч качан атынбай озубуз атык десенер болмок аны укан кайсы ата эне баласын аскерге жонотот ай кыргыздар не болуп баратабыз эх эч качан балдарынарды аскерге жонотпогуло ошо олтуршгондор озу коргосун мекенди ар бир адамга кудай жазасын берет
dinar_13G, Утур, чекит деген белгилерди колдонуп жазсаныз комментарийиниз кичине окулат беле?
Бул иш иликтенип буто элек болуш керек. Кандай болгон кундо да ата-энесини оор кырдаалда турганы чын.
Жаткан жери жайлуу босун! Ким кылса да Аллахым жазасын берсин!
Дал ошол аскерде кызмат отоп,иштеп келген адамдын оозунан шумдуктууларды угуп жакамды кармагам,Жаны келген жоокерлердин мурдуна,козуно насбайдан салып.ыйлабай тур деп коркутушчукен,байкуштун козунон жашы шорголоп,ун чыгарбай турганын коруп туруу озунчо кайф дейт,Анан кулактарын ийне менен тешип,жип откозуп,жиптин бир учун керебеттин аркы башына байлап,бир учун берки керебетке байлап койчу кебир мыкаачылар дейт.Бул менин бир,экигана келтирген мисалым,А эгер баарын жазсам,элдин журогунун ушун алам
Ээси бар кайдагы жомокту айтып кеткенсинер, бул ээнин кейпин кийген адамдардын эле колунан келбеди бекен деген кумон ойлор кучтуулук кылып жатат го...
Видеокамера кою зарыл,антпесе дагы коптогон жаштарыбыз олуп кете беришет.
ал солдаттын озунонда ар бир солдаттын жанында журмок беле командири
Азыркы учурда жоокерлердин колуна ок атуучу куралдарды карматпоо керек, ал учун объекттерди видеокамералар менен контролдоо керек. Азыркы учурда видеоконтроль орнотуу коп деле акча талап кылбайт. Жаш баланын тун ичинде куралчан жалгыз жургонун элестетип корсонор, шайтан азгырып ойлонбостон ар кандай иштерге барышы мумкун.
военный прократурага арыз жазсын командир ротасына. журогу слабый болсо аскер кызматында баля барбы екен ага! кудай сактасын кокус тополон болуп кетсе уйундо жатып алабы журогум слабый деп ротасын унутуп?!!!!!!!!!!...
Ээси бар дейин десең, ээси жок жерден деле тирүү кайтпай жатышат!
Канча деген жапжаш балдап олуп кетип атыгат.дедовшинанын айынан.бироосунун бетине жондон жон эле тутук тушсо, бироосу озунун куруна асынып алган, анын да себеби жок! Ошол жакта иштегендердин балдары же бир туугандары ушинтип жондон жон олуп кетсе эмне кылышаар эле.Вообще Кыргызстанда справедливость жок и эч качан болгон эмес! Чондор кресло талашып, элдин акчасын ичип жегенден башка нерсени ойлобойт! !!! ! Кудайым жазасын берсе экен.Апаны сыздатып, баласынан айрыган айбандарга мин наалат.