28-марттан 31-мартка чейин Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында баскетбол боюнча мектеп окуучулары арасында өткөн облус аралык мелдеште Нарын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама команда 3-орунга жетишти. Бул мелдешке ат салышканы Бишкек, Токмок, Балыкчы, Каракол жана Нарын шаарларынан окуучулар барышкан. Жеңишке жетишкен командалар атайын дипломдор жана медалдар менен сыйланышты. Калган командалар кызыктыруучу белектерге ээ болушту.