Акыркы кезде төрөп, баласын дааратканага же көчөгө таштап салып басып кеткен «күкүк энелер» көбөйдү. Аргасыздан жакаңды кармайсың. Мындай окуялардын ачыкка чыкпай калгандары канча... Ушундай зээнди кейиткен окуя 22-март күнү кечки саат 17:30дар чамасында Нарын шаарында катталды. Ымыркайды Нарын шаарындагы таштандыларды тазалап жүргөн кызматкерлер таштанды таштоочу челектен таап алышып, дароо милиция кызматкерлерине кабар беришкен.
«БАЛАСЫН ТАШТАГАН СТУДЕНТ КЫЗ ЭКЕН»
Окуянын чоо-жайын Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын майору АЙНУРА НУРКЫЯЗОВА төмөндөгүдөй айтып берди:
-Окуя болгон жерге тиешелүү органдар барып, шаардын Ленин көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн жанындагы таштанды салуучу челектердин биринен табышкан. Полиэтилен целлофанына салынган жаңы төрөлгөн ымыркай өлүп калыптыр. Ыкчам иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүү адам катары шаардагы окуу жайлардын биринде окуган Гүлзат Эркинбай кызы (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) кармалды. Төрөттөн кийинки абалы начар экендигинен улам Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын гинекология бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми баланы таап алышканда эле денеси жансыз экени аныкталган. Биз бул туурасында соттук-медициналык экспертизадан так маалымат чыгып келмейинче мындай же тигиндей деп божомолдой албайбыз.
Кылмышка шектүү жаран кармалганда ал баланы төрөгөндүгүн тастыктап, бирок бала өлүү төрөлгөн деп көрсөтмө берген. Бул көрсөтмөлөрдү аныктоо үчүн 23-мартта баланын сөөгү экспертизага текшерүүгө жиберилген. Эгерде бала тирүү жарык дүйнөгө келип, бирок энесинин колунан атайын каза тапканы аныкталса, анда Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүшү) боюнча кылмыш иши козголот. Эгерде бала чындыгында эле өлүү төрөлгөн болсо, анда дагы тиешелүү мыйзамдардын негизинде чара көрүлөт.
Учурда кылмышка шектүү катары каралып жаткан ымыркайдын энеси ооруканада. Анын абалын билүү үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн жетекчиси АЙЖАН КУКЕЕВА менен байланышканыбызда буларды билдирди:
-Ал кыз бизге төрөттөн кийинки шок абалында келип түшкөн. Тиешелүү дары-дармектер менен камсыз кылып, дарылап, болгон күч-аракетибизди жумшадык. Алгач абалы оор болчу, учурда жакшырып калды. Дарылануунун акыркы курстары жакынкы 2-3 күндүн ичинде аяктайт. Биз болгон медициналык жардамыбызды көрсөтүп, милдетибизди аткардык.
«КОРККОНУМДАН УШУЛ ЖОЛГО БАРДЫМ»
Адатта, мындай окуяга туш болгон адам психикалык жактан катуу жабыркаары турган иш. Нарын шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Үй-бүлөнү, балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарды коргоо боюнча бөлүмүнүн бөлүм башчысы ГҮЛМИРА СУЛТАНАЛИЕВА бул окуя боюнча мындай дейт:
-Бул окуя тууралуу маалымат түшөрү менен эле ооруканага бардык. Туугандары менен байланышып, кызды жөнү жок ашыкча жемеге алып, психикалык жактан жабыркоосуна жол бербөөнү өтүндүк. Нарында профессионал психологдордун жоктугуна байланыштуу, биз колубуздан келген кеп-кеңешибизди айтып, жардам кылганга аракет кылып жатабыз. Жалгыз бой апасы бар экен. Өзү жалгыз кыз экендиги аныкталды. «Өз макулдугум менен болгон бардыгы, бирок качан төрөөрүмдү билген эмесмин. Толготкон күнү үйдө эч ким жок болчу. Бул туурасында туугандарымдын бири да билчү эмес. Коркконумдан ушул жолго бардым” деди ал кыз. Окуяга юридикалык баа берилген соң биздин бөлүмгө тиешелүү функцияларды аткарууга даярбыз.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg