Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылы Тажик Республикасы менен чектешет. Аталган айылдын тургундарынын басымдуу бөлүгүн Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздар ээлейт. Бул аймак айыл болгондон бери элдин саны көбөйгөндөн көбөйүп, бирок турак жай курууга мамлекет тарабынан жер берилбей келет.
«БИР ҮЙДӨ 4 ҮЙ-БҮЛӨ ЖАШАЙБЫЗ»
Учурда аталган айылда турак жай курууга жер тилкеси жок болгондуктан, бир үйдө бир нече бүлө турат. Мындай шарттагы жашоону өз көзүбүз менен көрүп-билүү үчүн Кызыл-Бел айылына сапар алдык. Кызыл-Бел айылынын тургуну, Баатыр эне САЛТАНАТ ЖҮЗБЕКОВА өздөрүнүн жашоо шартын төмөнкүчө баяндап берди:– Менин 8 уулум, 2 кызым бар. Кызыл-Бел айылына көчүп келгенибизге бир топ жыл болду. Келгенде да мына ушул жашап жаткан үйдү жер тилкесин сатып алып курганбыз. «Мамлекет тарабынан турак жай курууга жер берилеби?” деп сурасак, «силер Тажик Республикасынын жарандыгын алып жүрөсүңөр” деп жер бөлүнүп берилген эмес. Кыргызстанда бир топ жылдан бери жашап, кыргыз жарандыгын алсак деле жер бериле элек. Бир үйдө 4 үй-бүлө жашайбыз. Үйүбүз 4 бөлмөлүү, ар бир бөлмөдө бирден бүлө жашайт.
Жердин баасы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп эле баратат. Балдарым да чет жакта турак жай салып, үй-бүлө багып, жакшы жашоо куруп кетүү максатында иштеп жүрүшөт. Мамлекет кичине жардам кылып жер тилкесин бөлүп бергенде жашообуз аз да болсо жеңилдейт беле?.. Өз үйүңдө кенен отуруп-тургуң келет экен. Андан да кыйыны, бир үйдө 4 бүлөнүн батып жашап кетүүсү. Неберелерим ойноп жатып урушуп кеткенде балдарына болушуп ата-энелери да кагылышып кеткен учурлар болот. Биздин айылда бизге окшоп жашаган үй-бүлөлөр четтен чыгат.
«ЖЕР ТИЛКЕСИН КАЧАН АЛАРЫБЫЗ БЕЛГИСИЗ»
Биздин кийинки жолугушуубуз Кызыл-Бел айылдык кеңешинин депутаты МАСТУРА НАДИРОВА менен болду. Ал да өз кезегинде өзүнүн айылында болуп жаткан көйгөй тууралуу айтып берди: – Кызыл-Бел айылынын тургундары бүгүнкү күндө кыйын кырдаалда жашап жатат. Айылда турак жайга бериле турган жерлер бар. Бирок түрдүү шылтоолор менен элге берилбей келет. Айыл тургундарынын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Жер берилбегендиктин кесепетинен көпчүлүк жаштар чет жактарга чыгып кетүүдө.
Мурда чек арачылар эки мамлекеттин чектешкен жеринде турар эле. Азыр болсо кыргыз чек арачылары бир канча метр ичкери кирип кетишкен да, Кыргызстанга тиешелүү жер сыртта калып калган. Тажик Республикасынын чек арачылары мурдагы ордунда эле турушат. Ошол чек арачылар кирип кеткен жерлер азыр бош турат. Бул жерлерге мурун элдер бак-дарак, эгин эгип келишкен.
Учурда өкмөткө ушул жерлерди турак жай курууга берүү талабын коюп жатабыз. Биз массалык маалымат каражаттарына кайрылып, көйгөйүбүздү эфир аркылуу айтканыбызда гана бир аз жылыш болуп, мурдагы шылтоолорсуз эле «аталган жерди 600 түтүнгө бөлүп беребиз” деп калышкан. Бирок жер тилкеси бериле элек. Баткендин көп эле аймагында чек араны чек арачылар эмес, эл коргойт. Биз турак жайсыздарга жер тилкесин бөлдүрүп берүүнү максат кылып турабыз. Бирок өкмөт тарабынан качан бөлүнүп берилет, аны убакыт көрсөтөт.
Жалпы Кызыл-Бел айылында 1200 түтүн жашайт, андан сырткары бүгүнкү күндө 600 адам мыйзамдуу түрдө турак жайга жер алууга арыз таштаган. Калган 100 адам Тажикстандан чыккан этникалык кыргыздар. Алар да Кыргызстанда жашагандыктан, жер бөлүп берүүнү суранышууда. Айылда турак жайсыз бүлөлөрдүн саны 700 түтүнгө жетсе да, эмне үчүн ушул мезгилге чейин турак жай берилбегендигин билүү үчүн Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы СҮЙҮНБАЙ УБАЕВГЕ жолуктук. – Мен бул кызматты аркалаганыма 2 айдын жүзү болду. Мага чейин иштегендер бул көйгөй боюнча кандай иш алып баргандыгын айта албайм. Жакында жер тилкесин бөлүп беребиз деген максатта турабыз.
Жогоруда айтылып кеткен көйгөйдү облустун башка райондорунан да кезиктирүүгө болот. Жаңы айыл өкмөт келип «мурдагы өкмөттүн иши эле, мен эми бул маселени чечем” дегиче 2 ай убакыт өтүп кетиптир. Учурда 1 айылда 2 айылда жашай турган эл жашап жаткан кез. Алар өкмөткө чоң үмүт менен карап, «жер тилкесин бөлүп берер” деп отурушат. Эгер айыл өкмөттөр ушинтип бири-бирине шылтап жүрө беришсе, эл качан өз турак жайына ээ болору белгисиз.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg