Кадамжай районунун борборундагы №17-орто мектебинде район аралык «Жылдын мугалими-2013» кароо-сынагы болуп өттү. Бул райондук сынакка өз айылдарындагы сынактардан жеңип келген 11 мугалим катышты. Сынактын аягында «Жылдын мугалими” деп Бабажан Айтматов атындагы №5-гимназия-мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлмама Байзакова табылды.