Баткен облусунда кытай тилин үйрөтүүчү борбор ачылат. Бул тууралуу 1-апрелде вице-премьер-министр Камила Талиева менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги Конфуций институтунун башчысы Ма Лей менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. Жолугушуу учурунда аталган институттун жардамы менен Кытайга 4 жыл ичинде 600 студент окууга жөнөтүлүп жана кытай тилинен сабак берген 800 мугалим билимин жогорулатып келгендиги белгилүү болду.