Коомчулук бул балдарды өгөйлөп, кооптонуу менен мамиле кылат. Бирок ал балдардын күнөөсү эмес. Кеп ВИЧ инфекциясына чалдыккан жеткинчектер тууралуу. Кылычбек Султанов башында турган Социалдык өнүктүрүү министрлиги ата-энелеринин же медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан ушундай дартка чалдыккан балдардын маселесин жеңилдетүү жолдорун издөөдө.
Аталган мекеме бул аптада ВИЧ инфекциясына чалдыккан балдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын категориясына кошуу демилгесин көтөрүп чыкты. Учурда өлкөдө бул дартка чалдыккан 500гө чукул балдар бар. ВИЧке чалдыккан балдардын энелери митингге чыгып, жөлөкпулду көбөйтүүнү талап кылып келишет. Аларга 3-3,5 миң сомго чейин жөлөкпул чектелген. Бирок бул сумманы тиешелүү дары-дармекке эмес, тамак-ашка да жеткирүү кыйын.
«ВИЧ инфекциясына чалдыккан балдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын категориясына кошуу демилгесин колдойм»,- деди ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева. Депутат айым айлык маянанын аздыгына карабай иштеп, ушундай чоң маселелерди көтөрүп жаткандыгы үчүн Социалдык өнүктүрүү министрлигине ыраазычылыгын билдирди. Бул министрликте иштеген кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүнү карап чыгуу керектигин кошумчалап, «эгерде мамлекетте акча жок болсо, башка каржы булактарын издөө зарыл» деди.