Жогорку Сот 3-апрель күнү учурда Башкы прокуратуранын алдындагы Тергөө департаментинин жетекчиси Жаныбек Салиевге байланыштуу козголгон кылмыш ишин кайрадан тергөө боюнча Балыкчы шаардык сотунун чечимин колдоду. Тактап айтканда, Балыкчы шаардык сотунун 2012-жылдын 5-октябрында чыгарылган чечими күчүндө калды. Окуя 1996-жылы 18-декабрда Балыкчы шаарында болгон. Э.Урманаевдин үйүнө каракчылар кирип, уулун байлап алып сабап, үйүн тоноп кетишкен.
Мына ушул каракчылыкка учурда Башкы прокуратурада Өзгөчө оор кылмыш иштерин тергөөчү департаменттин башчысы Жаныбек Салиев жана дагы бир нече адам шектүү. Окуя боюнча 1996-жылы 19-декабрда Балыкчы шаардык ИИБи тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок иш-аракетинде кылмыш составы жок деген негизде Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Жаныбек Салиев жана анын шериктерине карата кылмыш иши кыскартылган. 2003-жылы А.Рахимов аттуу жаран милиция кызматкерлери бул иш боюнча күнөөнү кыйноо жолу менен мойнуна алдырып, тергөө документтерин бурмалап жасашканын айтып арыз берген. Айтор, бул чуулгандуу окуяга 17 жылдан бери чекит коюлбай келген. Таң калычтуусу, ал кылмыш ишине негизги шектүү жаран Башкы прокуратуранын жогорку кызматына чейин иштеп жеткенинде.