Гезитибиздин мурунку сандарынын биринде алты саны аман баласы заматтын ортосунда майып болуп калган ата-эненин арманын жазган элек. Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 2 жашка чыга элек Баатырбектин жүрөгүнө катетердин сыныгы сайылып калган. Кийин ага оор операция жасалып, катетердин сыныктары алынганы менен, анын көрүүсү начарлап, сүйлөбөй, баспай, ал тургай ата-энесин да тааныбай калган. Диагнозу – борбордук нерв системинин оор гипоксистикалык бузулуусу жана талма. 15 жашка караган Баатырбекке учурда жардам бергендер көп болуп, ата-энеси чогулган каражатка Израилдеги клиникага дарылатканы алып барганга аракет кылып жатышыптыр. Баатырбектин атасы ТАЛАНТБЕК ЖОРТУШЕВ редакциябызга келип, бизге ыраазычылыгын айтып, алдыга койгон пландары менен бөлүшүп кетти:– Сиздердин гезит, сайтыңыздарга чыккандан кийин окуп-билип, көптөгөн адамдар Баатырбекке жардам берип жатышат. Сиздерге чоң ыраазычылыгымды билдирем. Көптөгөн жакшы адамдар бар экен, буюрса, дарыланууга кетүүчү каражат чогулуп калат деп үмүт кылып жатабыз, чогулуп да жатат. Айрыкча чет өлкөдөгү мекендештерибиз жардам берип жатышат. Чет өлкөлөрдөн клиника таап бергендер да бар. Көптөгөн клиникалар менен таанышып чыгып, Израилдеги бир клиникага токтолдук. Ал клиникада Баатырбектин оорусун айыктыра алышат экен. Буга чейин чогулган, анан да концерттен түшкөн каражатка уулумду ошол жакка алып барып дарылатсакпы деп жатабыз. Клиниканын доктор, профессорлору менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Кантип дарылоо программасы менен таанышып чыкканбыз, дарыланууга баш-аягы 70 миң евро кетет экен.
Азыр Баатырбектин салмагы жетпейт, андыктан 2 ай реабилитация болуп, анан 6-7 айга чейин дарылашат. Ал клиникада дарыланган балдардын келгенден баштап аягына чейинки видеолорун да көрдүк. Баатырбектей эле баспаган, сүйлөбөгөн балдарды айыктыргандары көрсөтүлгөн. Азыр алар топ тээп ойноп жүрүшөт. Буюрса, балам коляска менен барып, өзү басып келет деген жакшы үмүттөбүз. Эгер уулум айыгып калса, 13-14 жылдан бери тарткан азабыбыз 14 мүнөттөй да болбой калат эле.
Кыргызстандын жылдыздары да Баатырбекке жардам иретинде кайрымдуулук концертин уюштурганы турушат. Концертке көптөгөн ырчылар, бийчилер жана куудулдар катышмакчы. Бийчилердин көбү Баатырбек менен тең кыздар экен, алар телефон чалып, концертке биз да катышып берели деп билдиришти. Спорт Ордосунун директоруна да рахмат, бир күндүк концерттин ижарасын бекер кылып берди. 23-апрелде «Мен кыргызмын, мен баатырмын, мен жеңемин» аталыштагы чоң концерт болот, келип концерт көрүп көңүл ачып, ошону менен бирге эле Баатырбекке салымыңыздарды кошуп кеткиле деп чакырып кетмекчимин. Концертке баламды алып келебиз.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg