«Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан этти жечү көп» деген кептин аныгын эми түшүндүм. Анткени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылына чоңдордун унаасы анда-санда гана каттачу. Азыр күн сайын Лексус, Жиптер көчөнү чаңдатып тоо тараптагы айылга агылууда. Эзели мындай унаалар жүрбөгөн жолдун бактысы эмнеден ачылды дебейсизби? Жообун төмөндөн окуңуз.
НЕФРИТ ТУУРАЛУУ
«КОКУЙ, ТАШТЫ ЧОҢДОР БӨЛҮШҮП ЖАТЫПТЫР»
Кечээ жакында тоо этектеген Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын дал ортосунан нефрит ташы табылды. Бир айдан бери «Ысык-Көлдө нефрит табылыптыр» деген кеп кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна жеткендей болду. Жаңылык күндөн күнгө көбүрүп-жабырып «таш нефрит эмес экен» же «кокуй, аны чоңдор бөлүшүп жатыптыр» деген сөздөр угула баштады. Эмнеси болсо да нефритти жанынан көргүм келип, жолго чыгам дегенимде «ал ташты түп орду менен жүктөп кетиптир» деген маалымат уксам болобу?! Ошентсе да баары бир барып, айылдан жандоочуларды алып, жөнөп калдык. Алыстан эле таштын тегереги казылганы көрүнүп турат. Таш аябай чоң. Кыязы, жүз тоннага чейин бар. Үстүңкү катмары суудан бир метрдей чыгып турганы менен, ылдый карай беш метрден ашык казылыптыр. Бирок түбүнө жетпегени байкалып турат. Ошол эле учурда ар кайсы жеринде темирдин соккулары бар. Көптөр кетип болсо да алып кетүүгө аракет кылышкан экен. Жалтыраган таң каларлык таштын өңү көк, жашыл сыяктуу болуп, башка таштарга окшоштура албадык. Бизге жол көргөзүп келген ЖЕҢИШБЕК НАМАЗОВ төмөнкүлөрдү кобурады:– Ушинтип таш кайтарабыз деген ой келген эмес. Антпесек, күндө бирөө келет. Бир аз мурун «боз үй берели, ташыңарды бергиле» деп келишкен. Анан дагы бирөөлөр «трактор беребиз, мечитиңерге
15 миң сом берели» деп келишиптир. Айыл эли макул болгон жокпуз. Чоңдор келип-кетип эле жатышат. КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон Эркингүл Иманкожоева да келди. Ал «өкмөттөн комиссия түзүп, эксперттерди жиберем» деген. Комиссия түзүлүп, текшерилгенде нефритке канча элемент жетпейт же даана нефрит экени билинет. Бирок биздин айылдын бизнес жасап жүргөн жаштары кытайлык кыргызды алып келип көрсөтүштү. Алардын сөзүнө караганда, чын эле нефрит. «Лицензия алсаңар, сатып да берем» дегендер чыгууда. Бирок айыл эли нефрит мамлекетке өтсө, бизге үлүшүн бөлүп берсе дегенбиз. Ким билет, кандай болору.
Биз бул таштын баасын, баалуулугун деле билген эмеспиз. Көчөдөн 40 тоннага жакын бульдозер өтүп калды, анан күркүрөп казып башташыптыр. Алардын кызуу ишин көрүп, айылдан жаштар чогулуп келип «ташты казганга лицензияңар барбы?» десек, көрүнгөн күбөлүктөрүн көргөзүп киришти. Кимдер экени деле билинбеди.
«АЙЫЛДЫКТАР ӨЗ ҮЛҮШҮБҮЗДҮ АЛСАК ДЕЙБИЗ»
Эл баасын 30 миллион доллар деп баалаган асыл таштын үстүнө ар кимибиз туруп да, отуруп да сүрөткө түшүп, кайра жол тарттык. Чоң-Кызыл-Суу айылы Светлая Поляна айылдык округуна карагандыктан, айыл өкмөтү ЖЫЛКЫЧЫ МАМЫТКАНОВго жолугуп, кепке тарттык. – Ооба, таш кайтарууда, анткени кызыккандардын саны көбөйүп кетти. Ачыгын айтканда, айылда көп маселелер бар. Айыл көчөлөрүнө жарык орнотолу, жолдорубузду жамаачылатпай оңдосокпу, жазында тоодон аккан кыянга туруштук бергендей канал куралы дегенбиз. Анан таш өкмөткө өтсө, ал жерден пайызын, үлүшүн бөлүп берсе жакшы болот эле.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов да келип кеткен. Ал киши тийиштүү жердин бардыгына кат жолдоптур. Менимче, аракеттер жүрүп жатат. Анан ашыкча аракеттер да болуп кетип жатат окшойт. Кээ бир чоңдор келгенин бизге кабарлабай эле ташка түз өткөндөр бар. Аларды биз өз кызыкчылыгы менен келип жатат деп түшүнөбүз. Бирок элдин айтканы айткан. Ар ким бөлүп-жарып кетсе мамлекетке да, бизге да эч нерсе жок болуп калат. Ошон үчүн колдон келсе мамлекеттештирип лицензия алып, анан сатсак пайдасы чоң эле болот, буюрса.
Эсиңиздерде болсо, былтыр жай айларында Каракол шаарына жакын Ак-Суу тоосунун аскасында кытай жараны курман болгон. ӨКМ канча күн издеп, бир апта дегенде араң табылган. Элдин айтымында, ал чет элдик жаран биздин тоолорго нефрит издеп келген. Айтмакчы, нефриттин эң эле кымбат баада бааланган мекени Кытай экен. Кытайлыктар нефритти күмүштөн, алтындан артык көрүшөт. Дүйнөдөгү эң чоң 260 тонналык нефрит дал ушул Кытайда 1963-жылы табылган. Кытайлар андан Будданын айкелин жасашкан. Андан бери жүз тоннадан ашык нефрит табыла элек дешет. Биздеги нефрит болсо жүз тоннадан ашчудай көрүнөт. Орусияда таза нефриттин бир килограммы 10 миң АКШ доллары деп бааланат.
Чыңгыз Баяманов
koom@super.kg