Дамира Абдыбекова, чебер уз:«KЫРГЫЗДЫН ШЫРДАГЫН КҮБӨ ЖЕП ЖАТКАНЫНА КЕЙИДИМ»

Эл ичинде өнөр ээлери арбын. Алардын бири – колунан ийне-жибин түшүрбөй узчулук өнөрдү аркалаган чебер Дамира Абдыбекова.

– Дамира айым, узчулук өнөрдү аркалап калганыңыздан кеп баштасак...
– Союз тарап, эл жумушсуз калбадыбы. Ошол күндөрдө орус кошунабыз драптан тигилген пальтолорду, эски кийим-кечектерди таштандыга ыргытып жаткан экен. Куру намысты артка таштап «ушуларды ыргытпай мага берчи» деп сурап алып жууп-тазалап, курак курай баштагам. Бир жагынан базарларда түрктүн килемдери жайнап, биздин улуттук шырдактарды күбө жеп чатырда жатканына зээним кейиди. Убакыт өтүп курактын түрүн кооздоп жасаганым менен, аларды эч ким сатып албайт. Ушунчалык кызыгып, уктабай жасаган буюмдарымды сата албай ыйлаган учурларым болгонун жашырбайм. Акыры жалгыз кишинин колунан эч нерсе келбесин билип, он жыл мурун жыйырмадан ашык уз айымдардын башын бириктирип, «Толгонай эне» атындагы уюм түзгөнбүз.

– Уюмдун аты «Толгонай эне» деп аталып калышы жөн жерден эместир...
– Чоң энем Толгонай Көлдөн чыккан жети акенин бири Тилекмат акенин кызы. Ат үстүндө баратып тери ийлеген, уз айым болгон дешет. Угушума караганда, айтылуу манасчы Саякбай Каралаевдин кийген кийимдерин жалаң чоң энем тигип берчү экен. Ошол кишинин атынан койдук.

– Алгач курак курап баштасаңыз, азыр тикмечиликти катырып калган турбайсызбы...
– Жамааттын көпчүлүгү күндүз башка жумушта иштеп, кечкисин бул жерге келип кол өнөрчүлүк менен алектенет. Бирибиз шырдак жөрмөсөк, башкабыз чий чырмайбыз, биригип эскилиги жеткен боз үйлөрдү жаңыртып, же тескерисинче, заманбап үлгүдөгү боз үйлөрдүн ичи-сыртын жасалгалайбыз.
Баары эмгектен жана идеядан деп ойлойм. 2011-жылы облуста кол өнөрчүлүк боюнча өткөн «Тогуз кайрык» деп аталган сынакка катышып, баш байгени багындырдык. Ошондон улам кол өнөрчүлүк бизде бааланат турбайбы деп жең түрө киришип, көпчүлүктүн суроо-талабына жараша ар кандай буюмдарды жасап келебиз. 2012-жылы өткөн фестивалда биз «Эң мыкты уюм» деп табылдык.

Аталган уюмда сүрөтчү да бар. МАКСАТ САЙНИДИНОВ:
–Өзүм көркөм сүрөт жана мо­делдештирүү факультетин аяктагам. Ошол эле окуу жайда мугалим болуп эмгектенем. Ошону менен катар «Толгонай эне» уюмунда сүрөтчүмүн. Буга чейин кагаз бетине сүрөт тартчумун. Кийизге түшүрүлгөн сүрөттөрдү өздөштүргөнүмө аз эле убакыт болду. Кадимки ала кийизди жасоо ыкмасына окшош. Биринчи эскизи тандалып, кардарлардын талабына ылайык пейзаж же натюрморт жанрында жасайбыз.
Учурда кийиз менен портрет түшүргөнгө аракет кылып жатам. Айтканга жеңил, бирок кийиз ыкмасы менен адамдын мүнөзүн чыгарып, сырткы келбетин окшоштуруп түшүрүү кыйын. Ар бир буюмдун түсүн, ордун туура табыш керек. Кагазга бир саатта тарта турган сүрөттү кийиз бетине бир күн толук түшүрүшүң мүмкүн. Ар бир жүндү манжанын учу менен сезип, көңүл коюп, кумар алып, өз жүрөгүң менен сүйүп жасасаң, ал сөзсүз түрдө өзүнүн кардарын табат. Сүрөттөрүмдүн баасы түзүлгөн композициянын татаалдыгына жараша болот.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан