Мавлян Аскарбеков:«КҮНӨӨ КОНСТИТУЦИЯДА ЭМЕС, АНЫ ИШКЕ АШЫРАЛБАЙ ЖАТКАН КАДРЛАРДА»

Билими, акыл деңгээли бийик жаштар бизде аз эмес. Алардын бири – коомдук саясий турмушта активдүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан жаш саясатчы, «Эркин эл» саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун Кыргызстандын бүгүнкү абалы тууралуу ой чабытына кулак түрүп көрөлү.

Каарман жөнүндө кыскача

  • 1979-жылы Бишкек шаарында туулган
  • Үч эркек бир туугандын улуусу
  • Жакында ак жоолуктуу болду
  • Президенттик башкаруу академиясынын башкаруу адистигин артыкчылык менен бүтүргөн
  • 2011-жылдан бери «Эркин эл» саясий партиясын жетектеп келет
  • 2005, 2010-жылдардагы революциялардын активдүү катышуучусу, «Апрель баатыры»

– Учурда жаш балдардан «чоңойгондо ким болосуң?» десе, «министр, депутат же президент болом» дешет. Президент же министр болуу жоопкерчилигин коомчулукта кантип күчөтөбүз?
– Жашоодо эң маанилүү эки чечимди жаңылбай кабыл алуу керек. Биринчиси – кесипти туура тандоо, өмүр бою аны аркалап нан таап жашай турган болуп. Экинчиси – түгөйүңдү туура тандаш керек, өмүр бою жашай тургандай болуп. Мына ушул кесип тандоодо бизде абдан чоң баш аламандык болууда. Азыр жаштардын баары юрист, экономист, бажычы, салыкчы кесибин тандашат. Анткени алар ошол бажы кызматкеринин, салыкчынын жашоо-турмушун билет. Алардын көпчүлүгүнүн хан сарайы, кымбат баалуу машинасы бар. Дүңгүрөгөн той өткөрүп, «мына мен уурумун, мамлекеттин акчасына ушунча байыдым» деп жар салып, жаштарды коррупционер болууга үгүттөшөт. Биздин саясий элита маңкуртка айлангандыктан, келечек муунга туура эмес багытты көрсөтүп, туура эмес үлгү болуп жатышат.

– Кантип саясатка аралаша баштадыңыз, эмне түрткү болду?
– Мектепте окуп жүргөндө, студент кезимде коомдук иштерге активдүү катышчумун. Лицейдин президенти, академиянын активисти элем. Улуу Британияга окууга бардым. Бирок мекенимде болуп жаткан окуяларды угуп-билип, ал жакта кала албадым.
2005-жылы «Ак шумкар кут» жаштар уюму нааразы болгон эл менен кошо биринчи революцияда активдүү турдук. Тилекке каршы, жаңы бийлик эл мүдөөсүн аткара алган жок. Зээним кейип, кайрадан Лондонго кеттим. Максим баш болгон Кыргызстанды талап-тоноочулар тобу өлкөнүн байлыктарын дүңүнөн сата башташты. 2010-жылдын январында мекениме келдим. Үмүттүн шооласы өчүп, Бакиевдердин кландык башкаруусунан тажаган эл кайрадан көтөрүлдү. Анда биз, «Эркин эл» партиясы, бир топ жаштар уюмдары менен биригип бул бийликке каршы чыктык.

– 2010-жылдагы революциядан кийин Конституция өзгөрдү. Парламенттик башкарууга өтүп, жаңы систем курулуп жатат. Сиз өзгөрүүнү байкадыңызбы?
– Евразия континентинде, Борбор Азия чөлкөмүндө 20 жылдын ичинде бир гана биз бир нече башкаруу системин өзүбүздөн сынап көрдүк. Президенттик, тоталитардык, үй-бүлөлүк, кландык, парламенттик башкаруу системдерин басып өтүүдөбүз. 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алдык. Андан бери 3 жыл өтүп, эч кандай өзгөрүү байкалбайт. Конституцияны өзгөртүү менен, бүгүнкү чындык көрсөткөндөй, чыныгы өзгөртүүнү жарата албайт экенбиз. Күнөө Конституцияда эмес, күнөө жаңы Конституцияны ишке ашыра албаган эрксиз кадрларда. Конституцияны тогуз ирет өзгөрттүк. Жаңы муундун өкүлдөрү келмейин бизде өнүгүү болбойт.

– Сиздин баамыңызда жаңы жүздөрдү, тагыраагы, жаштарды бийликке алып келүү менен өлкөбүздө өнүгүү башталабы?
– Эгерде жаңы муундун өкүлдөрү бир команда менен мамлекетти башкарууга келсек, 3-5, ашып кетсе 8 жылдын ичинде кескин өзгөрүүнү ар бир жаран сезет. Анткени бизде ыкчам түрдө реформаларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Билимдүү жаштардан куру эмеспиз.

– Учурда жаштар кыймылы, жаштар түзгөн партиялар, уюмдар көп, алар бириге алабы?
– Бул орчундуу маселе, бирок биз бириге албайбыз. Анткени ар түрдүү булактардан каржыланып жаткан уюмдар бар. Батыштан, Түркиядан, Орусиядан каржыланган уюмдар улуттук кызыкчылыкты жогору коё албайт. Алардын ана башчысы Кул уулу Феликс. Ал бир кездерде айткан, «Кыргызстанды Орусиянын бир округу кылып койбойлубу?» деп. Муну эч качан унутпашыбыз керек. Биз улут үчүн, мамлекеттин жаркын келечеги үчүн чын жүрөктөн күйбөгөн жаштар менен бириге албайбыз. Сырттан каржыланып жаткан уюмдар эртең бизди алардын колуна салып бериши толук мүмкүн.

– Жаштар кыймылын жетектеп жатасыз, кандай акцияларды өткөрдүңүздөр?
– 2005-жылдан бери эле коомдук саясий турмушка аралашып келе жатабыз. Баарыбыздын эсибизден чыга элек, айрым саясатчылар Кыргызстанды ХИПК программасына киргизебиз деп чыгышкан. Мына ошондо «Ак шумкар кут» уюму, «Эркин эл» партиясынын балдары жапырт каршы чыгып, ар кандай пикет-митингдерди өткөргөн, кийин ал программага өлкөбүз кирбей калды. 2011-2012-жылдары "Мун" сектасына каршылык көрсөтүп, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Эки-үч негиздөөчүсү өлкөдөн депортацияланды, ошол сектага берилген «Ала-Тоо» паркындагы 5 гектар жер Бишкек мэриясына кайтарылган.

– Өлкөдөгү азыркы саясий кырдаалга сиздин бааңыз?
– «Коррупция менен күрөшөбүз» деп Акаев да, Бакиев да жар салып келген. Учурдагы бийлик да жар салып келүүдө. Бирок статистикага көз жүгүртсөк, канча мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш иши козголду, анын ичинен канчасы сот жообуна тартылды, кеп мына ушунда. Бир жылда 1000 кылмыш иши козголсо, анын ашып кетсе 20 пайызы сотко ашып, 5 пайызы жоопко тартылып жатат. Бул коррупция менен күрөшүү эмес. Бул деген "популисттик элди алдоо" деп аталат.

– Чет өлкөдөн билим алдыңыз, биздин тышкы саясатта эмне алсыз?
– Тышкы саясат өтө орчундуу маселе. Акаев кезинде эле көп кырдуу тышкы саясатты тандап алып, анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келебиз. Менин оюмча, биздин мамлекет тышкы саясатта нейтралдуулукту сактаган өлкө болушу керек эле. Акаев Америкага авиабазасын ачтырып, а Бакиев Орусияга барып бирди сүйлөп, Америкага барып бирди сүйлөп, Максим Бакиев болсо Кытайга барып таптакыр башканы сүйлөп, биздин тышкы саясатты талкалашты.
Энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугу сакталбай келет, күйүүчү-майлоочу майды бир эле өлкөдөн алабыз. Кокусунан 2010-жылдагыдай чек араны казак туугандар жапкандай жаап койсо эмне кылабыз? Ал эми ички саясатта трайбализм, кландык, үй-бүлөлүк, коррупциялык түшүнүктөрдү киргизип, азыркы учурда коомчулуктун да, башкаруу системинин да эң башкы көйгөйүнө айланды.

– Бийликке кандай конкреттүү сунуштарыңыз бар?
– Биринчи сунуш, эң актуалдуу чек ара маселелерин тактап, тез арада чечүү керек. Экинчиден, азык-түлүк, энергетика коопсуздугун көзөмөлдөө зарыл. Ошондой эле элдин кыжырын келтирип жаткан кадр маселесин да тезинен чечүү керек.

– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!

ИДИРЕКТҮҮ ЖАШТАРДАН КУРУ ЭМЕСПИЗ...
Кезектеги жаңы рубрика аркылуу келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштар менен коомдук саясий абал боюнча маек куруп, алардын көз карашын, оюн, демин элге жеткирип, көпүрө болууну чечтик. Алардын ичинен айрымдарын санап өтөлү.

Эдил Байсалов – элге башы көрүнгөн жаш активисттердин бири, саясат таануучу, чет өлкөлөрдө да билимин жогорулаткан. Депутаттыкка жана президенттикке талапкерлигин коюп, соңку учурда резюмеси Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги тажрыйбасы менен толукталды.

 

 


Жоомарт Жолдошев
– юридикалык «Joldoshev&Partners» компаниясын негиздеген, келечекте эл аралык аренага чыгуу тилеги бар. 2010-жылы Июнь окуясы жүз бергенде АКШда "америкалык кыялын" курмандыкка чалып, өз мекенине кайтып келе берген.

 

 


Мирсулжан Намазалиев – Борбор Азиялык эркин рынок институтунун директору. Саясат таануучулук менен токтоп калбай, чет өлкөдө кошумча билимдерди алууну улантууда. Кыргызстандагы жаңы медиа институтун негиздегендердин бири.

 

 


Тил өздөштүрүү боюнча алдына киши салбаган, ондогон тилде эркин сүйлөгөн мыкты лингвист. Экономика жана саясат боюнча Токиодогу Васеда университетинин докторанты Сейтек Качкынбаев өзүнчө партия жетектеп, алыста болсо да жүрөгү мекен деп соккон үмүттүү жаштардан. Либерал демократия багыты менен заманбап улуттук башкарууну, улуттук коомду түзүүнү максат кылат.

 

 

Эл аралык байланыштар боюнча Япониядан билим алган Чынара Эсенгул да келечектүү жаштардын катарын толуктайт. Жаштарга билим берип, университетте иштейт. Чет элдик тажрыйба менен улуттук кызыкчылыкты айкалыштыруу оюн айтып жүргөн чыгаан кыздардан. Спорт менен машыгып, кылычты мыкты пайдалана билет.

 

 


Искендер Шаршеев – Кесиби саясат таануучу, андан тышкары ишкердикти өнүктүрүү, каржылык анализ менен алектенет. Кыргызстанга эл аралык инвесторлорду кызыктыруу боюнча да ишмердүүлүк аркалап келет.

 

 

 

Жанар Акаев – журналистика тармагында бир топ ийгиликтерге жетишти. Жарандык позициясы күчтүү бул жигит "беш жылдын ичинде сөзсүз саясатка келем. Келгенде да күчтүү, пара албаган жаштардан куралган команда болуп келебиз" деген амбициясын багып жүрөт.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Мамлекетибизди кул мүнөз адамдар башкарууда” дейт Мавлян Аскарбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
dashulya
2013-04-22 13:46:01
Азаматсыз, Мавлян!Менимче сиздей жаштар коп болсо, кудай буюрса, биз Кыргызстанды гулдогон, чынында эч кимден коз карандысыз, кучтуу мамлекеттердин катарына кошобуз!Иншаалах!
0
best-life
2013-04-25 12:32:23
Бул да кайсы бир чондун, таанышы бардын баласы болгон чыгаар да. А мумкун чындап эле "таза" адамдыр.Жоомарт Жолдошев, Жанар Акаевдердин позициялары жакты.
0
Takesha87
2013-04-25 16:22:09
Эгер айткан создору чындык болсого жакшы, анан баягы Best-Life айткандай бир чондун адамы болсо иштин буткону да. Созуно турсан биз дайыма колдой беребиз.Ийгилик!!!
0
nasik198
2013-04-27 12:17:43
Ушундай жаштарды угуп умуттун шооласы жылт эте тушот.бирок. артымды карап коркуп кетем. Мезгил корсотот.ийгилик силерге.
0
Baha909090
2013-04-27 13:48:15
Менинда умутум жана тушту. Ушул жаш ага-эжекелерибиз эле калды окшойт, ишенеер.
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан