ТАСМА ТУУРАЛУУ
![]()
Тарткан өлкө – Түркия
Сценарийин жазган – Алфан Дикмен, Башак Ангигюн
Режиссёру – Cем Табак
Жанры – Драма, комедия
Башкы ролдордо – Эмре Алтуг (Кенан), Рожда Демирер (Седеф), Ахмет Курал (Метин), Замире Зейнап (Айнур), Еве Караман (Кенандын уулу) жана башкалар
Тартылган жылы – 2010-2012-жылдар
БАШ СӨЗ ОРДУНА
Бул жолу түрк тасмасына, тагыраак айтканда, кыргыз телеканалдарынын биринде жүрүп жаткан «Жашоо сүртүмдөрүнө» токтолууну чечтик. Сериал «тасмадагы окуялар ойдон чыгарылган» деп башталганына карабай, бүгүнкү күндө кары-жаштын көңүл чордонун ээлеп жатканы талашсыз. Тасманы кыргыз тилине которгон «Дөөлөт» котормо студиясынын башкы редактору Орозбек Мусакеевдин айтуусунда, бул телесериал Түркия элчилиги тарабынан кыргыз тилине которууга сунушталган. Башка тилдерге которулган эмес.
Бул тасманы алгач көргөн көрүүчү «эмне деген тасма? Каармандар обу жок немелер го?..» деп ойлошу мүмкүн. Чынында, каармандардын ар бир маеги, жоруктары адамга күлкү тартуулайт. Тереңдеп көргөн көрүүчүгө ошол күлкүнүн ары жагында турмушта кездешчү маанилүү маселелер жатканы белгилүү болот.
СТАМБУЛ КЕНАНГА БАКЫТ ТАРТУУЛАЙБЫ?
Сүйүү, көрө албастык, атаандашуу, элдин өйдө-төмөн болгон социалдык турмушу сүрөттөлгөн бул тасма Кенан менен уулу Юсуфтун Стамбулга келиши, аларды Кенандын бир кезде колледжде чогуу окуган классташы, сүйгөнү Седефтин тосуп алышы менен башталат. Үй-бүлөлүү, бир кыздуу болгонуна карабай Седефтин кайрадан Кенанга болгон сүйүүсү тутанат.
Стамбулга бакыт издеп келген ата-баланы, албетте, бир топ кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр күтүп турган болот. Кайнежеси Гонжа да аны жакшы кабыл албайт. Ал «сиңдимдин өлүмүнө сен күнөөлүүсүң! Сен айтсаң ал өлбөйт эле...» деп күйөө баласын күнөөлөгөнүн токтотпойт. Окурманда «неге?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени доктурлар Гонжа менен сиңдиси, Кенандын келинчеги Бахарга «силерге төрөгөнгө болбойт» деп диагноз коюп беришкен эле. Бирок Бахар алардын сөзүн укпай, балалуу болууну чечет. Тилекке каршы, төрөт учурунда Бахар каза таап, Кенан тырмактай уулу менен жалгыз калат. Убакыттын өтүшү менен жээни Юсуфту эч нерседен кем кылбай өстүрүп жаткан күйөө баласына ыраазы болгон Гонжа ага жакшы мамиле жасоого өтөт.
Уулунун туулган күнүнө таттуу алганы кирген Кенан дүкөндө иштеген Зейнептин жүрөгүнө чок салат. Бул сүйүүсү үчүн Кенан кесиптеши Метин менен араздашууга чейин барат. Анткени Метин да Зейнепти сыртынан жактырып жүргөн мырзалардын катарында эле.
ТАСМА КАНДАЙЧА АЯКТАЙТ?
Албетте, ар бир көрөрман үчүн каармандын алдыдагы жашоосу кызык болсо керек. Чынында, тасма кантип аяктайт, арзышкандар бири-бирине жетишеби?
Аталган тасма 2 сезондон, 72 бөлүмдөн турат. Биринчи сезон өзүнө 1-41-бөлүмдөрдү камтып, Риват менен Айнурдун баш кошуусу, Кенандын жүрөк оорусуна кабылып, ооруканага түшүшү менен аяктайт.
Баарынан кызыгы, 2-сезондо 1-сезондогу каармандардын айрымдары гана катышып, калгандары кайда калганы белгисиз бойдон калат. Тагыраак айтканда, Кенан, Метин, Риват, Айнур гана ойношот.
Бул сезон Метиндин башка мугалим кызга баш кошуусу менен аяктайт. Демек, Зейнеп Метиндин сүйүүсүн кабыл алган жок. Бирок Кенан сүйүүсүнө жетти дейин десек, анын андан аркы турмушу сүрөттөлбөй, белгисиз бойдон калат. Балким, тасманын дагы кийинки бөлүмү жаралабы, аны азырынча тартуучу топтун эч кимиси ачыкка чыгара элек.
КЕНАН – ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ЫРЧЫ
Башкы ролдогу каармандардын өзү тууралуу билгибиз келип, издөө салганыбызда көптөгөн кызыктарга ээ болдук. Мисалы, Кенан «Бу кадармы» ыры менен белгилүү ырчы болсо, Метин Түркияга белгилүү куудул.
Эмре Алтуг (Кенан, математика мугалими) – «Бу кадармы» деген ыры менен белгилүү болгон түрк ырчысы. Актёр 1970-жылы 14-апрелде Стамбул шаарында төрөлгөн. Ал Стамбул консерваториясын аяктаган соң ар кандай кечелерде ырдап келген. 2000-жылы «Мага ошол жөнүндө айтчы?!» ыры менен популярдуулукка жеткен. 2003-жылдан тарта ар кандай жарнамалык роликтерге, телесериалдарга, көркөм тасмаларга чакыруу ала баштаган. Актёр учурда жубайы, түрк модели Чагла Шикель экөө 2 уулду тарбиялап келишет.
Рожда Демирер (Элиф, адабият мугалими) – 1980-жылы 12-августта Анкара шаарында төрөлгөн. Ал 8 жашынан тарта эле телерадио тармагына ыктап, алгач ар кандай уктурууларды алып барса, кийинчерээк ар кандай балдар берүүлөрүндө иш алып барган. 2001-жылы Анкара университетинин театралдык бөлүмүн аяктап, 2003-2008-жылдар аралыгында Трабзон мамлекеттик театрында сүрөтчү болуп иштеген.
Ахмет Курал (Метин, физика мугалими) – 1982-жылы Кютахьяда төрөлгөн. Театралдык окуу жайын аяктаган Ахмет Курал бир топ жылдык эмгегинен кийин «2012-жылдын мыкты куудул актёру» деп табылган.
Дамира Арстанова
star@super.kg