ОҢ РУЛДУУ АВТОУНААЛАР ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫЙ АЛБАЙ КАЛАБЫ?

«Оң рулдуу автоунааларды колдонууга тыюу салынат» деген сөздү уккан оң рулдуу автоунаа ээлери «биз кантебиз?» деп турган кези. Ооба, чындыгында, кашыктап каражат чогултуп сатып алган унаанын кийинкиси эмне болот деп чочулагандар көп. Бирок учурда каралып жаткан мыйзам баарына эмес, болгону аталган автолор менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат экен. Анын себеби эмнеде?

МЫЙЗАМГА ТҮШҮНДҮРМӨ
Жакында ЖКнын транспорт, байланыш жана курулуш комитетинде «Автоунаалар жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам депутаттардын колдоосуна ээ болуп, президентке жөнөтүлдү. Эгер президент тарабынан колдоо тапса, анда 1 жылдан кийин оң рулдагы автоунаалар такси кызматынан алынат. Бирок оң рулдагы автоунааларды Кыргызстанга ташып келүүгө жана жеке жарандардын өзүнүн айдап жүрүүсүнө чек коюлбайт. Эмне себептен баарына чек койбой, болгону жүргүнчү ташууга чек коюп жаткандыгын аталган мыйзам долбоорун палатага алып чыккан комитеттин жетекчиси, депутат ЖУСУПАЛИ ИСАЕВ мындайча түшүндүрдү:

– Эгемендикти алгандан бери, тилекке каршы, автоунаалар боюнча мыйзам кабыл алынган эмес. Азыр ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден унаа бар. Унаа жөнүндө мыйзам жок жашоо бул – биздин эл мыйзамсыз жашоо менен калыптанып калган деген сөз. Жаңы мыйзам долбоорунда оң рулдуу автоунаалар жөнүндө да каралган. Эмне үчүн дегенде, бир мамлекетте бир тараптуу эле жол эрежеси бар. Жол кыймылынын эрежеси боюнча да китеп бирөө эле. Ал сол рулдуу автоунааларга ылайыкталган. Ал эми биз Кыргызстанда эки, мындайча айтканда, япондордун жана кыргыздардын мыйзамы менен жашап жатабыз. Мына ушундан улам жол эрежесинде баш аламандыкты алып келүүдө.

 

«МЫЙЗАМГА БИЗНЕСМЕНДЕР КАРШЫ ЧЫГЫШУУДА»
– Эреже бузуулар боюнча анализ жүргүзүү үчүн МАИ кызматкерлерине тапшырма бергенбиз. Анализде көрсөтүлгөн бир мисалды айтайын. Мына, шаар ичиндеги таксиге отурдуң. Жолдо баратып бир жерден токтотуп, түшүүгө туура келип калды. Такси жол четине токтоду. Бирок сен каягынан түшөсүң? Түшөйүн десең капталыңда машина өтүп жатат. Эмне, айдоочу биринчи өзү түшүп, анан ал тараптагы эшиктен сени түшүрөбү? Мындайча айтканда, сени жолдун так ортосуна түшүрүп жатпайбы.
Эми биз жүргүнчү ташып эмгектенгендерге дароо эле тыюу салып жаткан жокпуз. Эгер жүргүнчү ташып иштейм десе, 1 жылдын ичинде автоунаанын рулун сол жагына которсун. Рулду которууга
1000 доллардын тегерегиндеги каражат кетет. Буга айдоочулар деле, эл деле даяр деп ойлойм. Бул мыйзамга карата учурда оң рулдуу автоунаа ташып келгендер «биздин укугубузду бузуп жатасыңар» дешүүдө. Бирок, тескерисинче, алар Кыргызстандын жарандарынын укугун бузуп жатышат. «Мыйзамдын демилгечиси болгон депутаттар сол рулдуу автоунаалардан турган алыска жүргүнчү ташуучу каттамдарынан акча аз түшүп калгандыктан, бул мыйзамды киргизип жатышат. Себеби оң рулдуу автоунаалар чоң атаандаштыкты жаратууда» деген ойго мен такыр кошулбайм. Анткени демилгечи топтогу бир да депутаттын андай жүргүнчү ташып иштеген ишкана же бизнеси жок. Биздин көздөгөнүбүз – жол кыймылын иретке келтирүү,- деген оюн билдирет эл өкүлү Жусупали Исаев.

«МИНИВЭН ТАКСИЛЕРГЕ ТЫЮУ САЛСА ДЕЙБИЗ»
КРнын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага инспектору ЭДИЛ БАЛТАБАЕВге кайрылдык:
– Биз дагы алыскы Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын сыяктуу каттамдарда оң рулдуу автоунаалардын ичинен минивэндерге жүргүнчү ташып кызмат көрсөтүүгө тыюу салуу сунушун киргизгенбиз. Себеби алыскы жолдо баратып, алдындагы унааны ашып өтүүдө, карама-каршы тараптан же артынан келаткан унааны байкоодо айдоочуга кыйынчылыкты жаратат. Анын кесепетинен жол кырсыктарына кабылып жатышат.
Ошондой эле минивэнге 7-8 киши батат. Ал жолдо баратып кокус кырсыкка учурап калса, анын баары жабыркайт. Айрым учурда каза болуп жатат. Мен өзүм дагы оң рулдуу автоунаа айдап жүрдүм. Айдоочу оң жагында отургандыктан, биздин жолдордо бир топ эле ыңгайсыз. Андыктан минивэн таксилерге тыюу салса дейбиз. Алсак, республика боюнча жалпы 1240 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 197 киши каза тапса, 1812 киши жаракат алган. Булардын ичинен оң рулдагы автоунаалар катышкан 227 жол кырсыгы катталган. Анда 31 киши каза таап, 372 киши ар кандай жаракат алган.

«ДЕПУТАТТАР ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КӨЗДӨП ЖАТЫШАТ»
ЭРКИН БАЯМАНОВ, «Ата Журт» фракциясынын бөлүм башчысы, оң рулдагы автоунаанын айдоочусу катары мыйзам долбооруна каршылыгын төмөндөгүчө билдирет:
– Мыйзам, биринчиден, туура эмес кабыл алынган. Анткени депутаттык фракцияларда каралган жок, коомдук угууларда талкуудан өткөн жок. Экинчиден, азыркы учурда завод, фабрикалар иштебейт. Мыйзам күчүнө кирсе, оң рулдуу автоунаалар менен жан баккандарга оор болот. Алар ишсиз калышат. Мындан улам көмүскө иштөөгө жол ачылат. Шашкасын алып салат да, эл ташып жүрө беришет. Мунун айынан мамлекетке салык түшпөй калат.
Оң рулдагы автоунаалардан жол кырсыгы көп катталып жатат дешүүдө. Бул туура эмес. Эрежени сактасаң, оң болобу же сол рулбу, жол кырсыгына эч кандай таасирин тийгизбейт. Менимче, алар өз кызыкчылыгын көздөп жатышат. Себеби алыскы аймактарга жүргүнчү ташыган кичи автобус каттамдарына айрым депутаттар ээлик кылат. Мына ошолорго 7 орундуу таксилер атаандаштык жаратканынан улам келип чыгууда деп ойлойм. Анткени япондордун унааларынын жылы жаңы, бардык шарттары бар. Ал эми кичи автобустарда эч кандай шарт жок. Жүргүнчү болсо жаңыларына качырат. Кичи автобустарга эл аз түшүп, пайда аз болуп калгандыктан ушул мыйзамды көтөрүп чыгып жатышат деген ойдомун.

СТАТИСТИКА
Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында автоунаалар жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланып, анда Кыргызстандагы автоунаалардын саны боюнча маалымат берилген. Алсак, республика боюнча жалпы 890 миң 532 даана автоунаа бар. Алардын 600 миңден ашууну жеңил автоунаа, 92 миңи жүк ташуучу автоунаа, 6 миңи автобус, 5 миңи кичи автобус. Ал эми оң рулдуу автоунаалардын саны 52 миң 360 даананы түзгөн.

СӨЗ СОҢУНДА...
Ал эми оң рулдуу автоунааларды такси катары эмес, жеке адамдар өз иштери үчүн айдай берсе болот. Бирок мында суроо жаралат. Эмне алар жана сол рулдуу автоунаа ээлери таксилерден айырмаланып, жол эрежесин баары сакташабы? Таксилерге тыюу салса эле оң рулдагы автоунаалар сүзүшпөй, кырсыктын саны азаябы? Алыс жолго каттап жаткандардын такси же такси эмес экенин кантип айырмалашат? Же жүргүнчүлөрдүн чекесинде "такси жалдап баратат" деген жазуу барбы? А балким, 50 миңден ашуун автоунааны сол рулга алмаштырууда түшө турган пайда кимдир бирөөлөрдү кызыктырып жаткандыр?.. Деги эле бул оң рулдуу автоунааларга тыюу салуу кимге пайда, кимге зыян?

Кубаныч Сыдыков

«Супердин» сурак бурчу
ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮҮ КЕРЕК?

Кенжебек уулу Жумакалый, айдоочу:
– Жол кырсыктары сабатсыз айдоочулардын көбөйүп кеткендигинен улам көп катталып жатат. Айрыкча айдоочулук күбөлүктү сатып алган рулдагы айымдар көбөйдү. Алар биринчи эле оң рулдуу унааларды сатып алышат. Эгерде 10 күнгө рейд жүргүзүп, айдоочу айымдарды көчөгө чыгарбай койсо, жолдо бир топ кырсыктар азайып калгандыгын байкашмак.

Топчубай Калыев, инженер:
– Тиешелүү органдар айдоочулардын баарын окутуусу керек. Күбөлүктү сатып алышып, чала сабаттуулуктун айынан кырсыктар көбөйдү. Айдоочулардан эле көрө бербей, алар жүрүүчү жолдорду да кеңейтип, аң-чөнөгүн түздөп койсо жакшы болмок. Себеби жөнөкөй чуңкурдан айланып өтөм деп, кырсыкка кабылып калышы мүмкүн.

Чыңгыз Мирзаев, жеке ишкер:
– Мисалы, ИИМде же МАИде иштеген бир эле тууганың болсо, ал сага эң оңой жол менен жана тез аранын ичинде күбөлүк алып берет. Азыр баары эле оң рулдуу унааларды айдап калышпадыбы. Мындай унааны башкарган айдоочу капталдан келаткан унааны көрбөй калып сүзүшүп кеткен учурлар да көп кездешет.

Арзыгүл Жумабекова, жеке ишкер:
– Маршруткалар көбүрөөк жол эрежелерин бузушат. Аларга "аялдамаларга гана токтоп жүргүнчүлөрдү салыш керек" деген талап коюш керек же алардын баарын токтотуп салып, чоң автобустарды киргизүү зарыл. Бир күндө бир нече ирет эреже бузуп кармалган маршруткалардын айдоочуларын кезиктирсе болот.

Сайкал Асейинова, усулчу:
– Байкаганымдан рулдагы аялдар жол эрежелерин көп бузушат. Алар кырсык учурунда да паникага көбүрөөк алдырып, кооптуу учурларда алсыз келишет. Аял болобу, эркекпи, дегеле күбөлүк алып жатканда өзүнүн коопсуздугу үчүн деле жогорку квалификацияга ээ болгондо гана жолго унаа башкарып чыкса дейм.

Алия Акунова, педагог:
– Коррупцияны жоймоюнча буга окшогон маселелер өлкөбүздө жоюлбайт. Акчаң болсо бир сааттын ичинде айдоочулук күбөлүк жасатып алса болот. Себеби мамлекет ушундай деңгээлге келип калган. Жыл сайын айдоочуларды МАИ кызматкерлери, тиешелүү органдар сынактардан өткөрүп турса болмок.

Аким Эмилбеков, юрист:
– Коррупциянын баарын МАИ кызматкерлери жасап жатат. Эгерде эреже бузуп, МАИчиге түшсөң, акча карматып, бошонуп кете бересиң. Мындайга барган айдоочу кайра эреже бузбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Ал үчүн жолдорго камераларды орнотуп, МАИ кызматкерлерин алып салыш керек деп эсептейм.

koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Оң рулдуу автоунаалар жүргүнчү ташый албай калабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Tentek1
2013-04-22 15:35:02
Bul myizam tuura emes,azyr Kyrgyzstanda 70 paiyzy on ruldagy avtounaalar anan el tashyp ui bulosun bakkandar kantip ookat kylyshat.Deputattar eldi oiloboi kaira elge but tozushat eh Deputattar deputattar.
0
knk
2013-04-22 19:27:36
Жолдорду кеңейтиш керек. Бишкек-Ош жолу 4 машина бата турган болуш керек. Болбосо жанагы жүк ташуучу машиналардан ашып өтүү кыйынга туруп, ошондон авария көп болууда.
0
Ilaiz.kerben
2013-04-22 22:23:07
Эл озун проблемасын озу бутуруп атат депутатар аралашбай эле койсун
0
Ilaiz.kerben
2013-04-22 22:46:28
Ошол он ролду автоуна айдап таксистер уй булосун багып жатат окмоттон эчнерсе сурабай наборот ошолор падент алып нолог толойт окмотко кайра
0
Nasyrkg
2013-04-23 08:51:00
Пр.рулъ.машынага асылгандан мурун кыргыз.н ошол маш.н донгологун чыгара алабы.же дтп болгон жарандын чыгымын мамлекет толоп берипжатабы,мамлекетке,депутаттарга караганда 1пр.рулъ.бир уйбулону багып жатат.андай кыйын депутат экен анда япония м-н келишим тузуп солрулдуу машына чыгартып бербейби.элозу сатып алат.праваны 28жаштан жогору бериш керек.
0
Мэри
2013-04-23 11:18:31
Рулду которууга 1000 доллардын тегерегиндеги каражат кетет экен. Эмне азап, кошумча чыгым болуп, андан коро башка эле сатып алган жакшы да. А негизи ошондой которуу биздин практикада болгон бекен?..
0
Mirko.93
2013-04-23 16:41:33
республика боюнча жалпы 890 миң 532 эле авто унаа бар экен да ееее, :))))) ошонун 500 мини мини ошто б.со керек.
0
PROS
2013-04-23 21:08:00
Кан соргучтардын ойлоп тапканы бул. Эх, чондор качан элдин канын соргонду токтотосунар?! Качан элди ойлойсунар?! Зыяндан башка пайданар жок! Мыйзамды биринчи озунордон баштасанар болмок. Таасын айтылган соз бар эмеспи, биринчи озунду уруп кор, оорубаса, анан башканы ур деген. Пр.руль автолорду жок кылгандан мурда, депутаттардан кол тийбестикти алып салыш керек!
0
Taalaibek.
2013-04-26 00:37:23
ЭРКИН БАЯМАНОВ менен Аким Эмилбеков, юристин создоруно кошулам.
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан