Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошоп, өлкөдөн тез арада чыгып кетүүсү боюнча Болот Шер баштаган депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын жыйындары жабык эшик артында өтүп, жыйынтыктары ачыкка чыга баштады.
ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯНЫН БИРИНЧИ ЖЕМИШИ
Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер Шамиль Атаханов Азиз Батукаевдин иши тергелип бүткүчө кызматын убактылуу тапшырды.
Үлкөн аткаминердин мындай кадамга баруусуна уулуна байланыштуу маалыматтын ачыкка чыгышы себеп болду. «Ата мекенчи» депутат Жоомарт Сапарбаев «мыйзамдагы ууруну» Грозныйга алып кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлегенин айтып чыккан. Вице-премьер бул маалыматтын калп экенин билдирди. «Биз Данияр Атахановду чартердик бортту жөнөтүүгө тиешеси бар деп так айта албайбыз, анткени берилген документтерди тыкыр изилдеп жатабыз»,- деди Болот Шер.
КЫЗМАТЫНАН КОЛ ЖУУЧУЛАР КИМДЕР?
Атахановдон сырткары депутаттык комиссия башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов, адистешкен прокурордун жардамчысы Кубат Жуматаев жана Нарындагы №4-тергөө изоляторунун башчысынын милдетин аткаруучу Т.Абылгазиевди да кызматтан убактылуу четтетүүнү өкмөткө сунуштады. Бирок Зарылбек мырза өз каалоосу менен эч кандай кызматтан убактылуу четтөөгө барбай турганын билдирди. Ошондой эле комиссия медициналык корутундуну чыгарган врачтар менен акыйкатчыны да жыйынга чакырышат.
Соңку маалыматтарга караганда, Азиз Батукаев Чеченстанда эмес, Орусияда отурукташмай болуптур. Мунун айынан бул өлкөдөгү миңдеген кыргыз мигранттарына зыянын тийгизиши мүмкүн деген кооптонуулар пайда болуп жатат.
Эльвира Караева
koom@super.kg