Кыргызстандын мурдагы Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов 15-апрелде камакка алынды. УКМК билдиргендей, 2011-жылы Эсенаманов төрагалык кылган кен байлыктарды пайдалануу боюнча комиссия Көк-Жаңгак көмүр кенин иштетүүгө өкмөт менен макулдашпай туруп 4 лицензия берген.
Буга байланыштуу экс-министр «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда. Эсенаманов 27-майга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармалат.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg