2013-жылдын 12-13-апрелинде Баткен ОИИБинин, Кадамжай РИИБинин жана Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн оперативдик иликтөө иштери болуп өттү. Натыйжада диний-экстремисттик уюмга тиешеси бар деп 10 адам шектелип кармалып, алардын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.
Кадамжай району боюнча аталган уюмга тиешеси бар деп өзбек улутундагы 6 атуул кармалган. Алардын бири Махирохан Парпиеванын үйүндө диний-экстремисттик багыттагы 16 даана диск, 6 даана баракча, 5 даана киптепче жана 68 даана ар түрдүү араб, өзбек тилинде жазылган китеп, баракчалар табылган. Калган бешөө Кызыл-Кыя шаарынын атуулдары. Жогорудагы фактылардын негизинде кылмыш иши козголуп, 3 адам убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg