КАДАМЖАЙДА МЕКТЕП КУРГАНГА ЖЕР ЖОК

Кадамжай районунун Ормош айылындагы жалгыз орто мектеп – бүгүнкү күндө Бирлик айыл өкмөтүндөгү 3 айылдын окуучуларынын билим уясы. Аталган айылга келип билим алган Сур айылындагы окуучулардын ата-энелери демилге көтөрүп, айылга ашар жолу менен башталгыч мектеп курууга бел байлашкан. Бирок жердин жоктугунан мектептин курулушу башталбай калган.
Аталган мектепке кошуна айылдардан окуучулар 4-5 чакырым алыстыктан келип кетишет. Анан да үч айылдын балдары бириккенде мектепке батпай да калышат. Мектептин директору Султан Ташбаев мындай дейт:
– Өз балдарынын ушундай катаал шартта билим алып жатканына ичи күйгөн ата-энелер демилге көтөрүп, Сур айылына ашар жолу менен болсо да мектеп курууну чечкен. Бирок мектеп курганга жер жок. Башкача айтканда, мамлекет тарабынан Сур айылында социалдык объекттерге эч кандай жер тилкеси бөлүнгөн эмес, бардык жерлер жеке менчикке өтүп кеткен. Өз күчүбүз менен болсо да мектеп куралы деген элдин демилгесин колдоп, бирок жер бөлүп бере албаган айыл өкмөттүн ишине элдин кыжыры келүүдө. Жергиликтүү эл мурда жерди бө­лүштүрүү мыйзамсыз болгонун айтышууда. Сур айылынын тургундары «мына ушундай жетекчилердин айынан өлкөбүз өнүкпөйт. Эгерде жакынкы күндөрдө бул маселени чечпесе, митингге чыгып, жол тосууга аргасыз болобуз» деп эскертишти.

Бегайым Тажыбай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
BORN.kg
2013-04-22 22:57:06
Чынын айтсам Кадамжайда Сур, Ормош деген айылдардын бар экенин укпапмын... Кайсыл айыл окмотко карайт? Мен Кадамжайлыкмын, ошон учун тан калып жатам...
0
nelli
2013-04-27 01:34:25
BORN.kg, Айдаркенге карайт.
0
Ankel
2013-04-23 11:52:59
Birlik aiyl okmotuno karait, Aidarken tarapta
0
ilgez
2013-04-23 19:38:33
кантип эле айыл жергесинде жер жок болсун ?? же эмне баары менчикке отуп кеткенби ?? менчикке откон учурда да балдардын келечеги учун бере албайбы ??
0
niko-nuku
2013-04-25 00:01:42
Атамбаев сакура кочотун отургузайын десе,ал жери эбак эле жеке менчике отуп кеткени билинди.Эми мектеп салалы десе,бугада жер жок...Ал эми казактарга каркыра,кытайга узонгуукууш,орустарга жакында Ыссык Кол/кудай сактасын/,,деги бизге,жаштарга,келечектеги муунга бирдеме калганбы???Эки миллиард доллар карыздан башка?
0
7N-SK
2013-04-26 06:45:02
Kelechek jashatardyn kolunda, a jashtarga mektep jok okugany, a mektepke jer jok kurgany! Azamattar.
0
ma4ak
2013-04-26 14:00:14
Уят эле кыйратып атабыз дейт биздин башчылар,бирок нени кыйратып атат билбейсин. Озубуз курабыз деген бир мектепке жер таап бере албай..... Тушунбойсун эмне болуп атканын.
0
manas1987
2013-04-28 11:35:16
ушул баткен обласын которуп мамлекет жакшы конул бурганда жакшы болмок
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан