Жайыл районунда «уруш учурунда күйөөсүн өлтүргөн» деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. 20-апрелде Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө белине бычак сайылып жабыркаган Кара-Балта шаарынын 32 жаштагы тургуну келип түшкөн. Дарыгерлер канчалык аракет кылышпасын, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Бул кылмыш боюнча «киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектелип маркумдун 37 жаштагы аялы колго түшүрүлгөн. Иликтөөдө белгилүү болгондой, ошол күнү эрди-катындын ортосунда чыр чыгып, аялы ушул кадамга барган.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg