ЫРЛАРЫН САТУУНУ КААЛАБАГАН ИВАН ДОРН

Өзгөчө стили, оригиналдуу ырлары менен тез аранын ичинде жаштардын көңүлүн бурдуруп, кызыгуу жараткан ырчы Иван Дорн табышмактуу жеке жашоонун ээси. Популярдуулукка ээ болгон атактуулардын көпчүлүгү элге сырын ачып беришсе, биздин бул каарманыбыз сырдуулугу менен айырмаланат.

Толук аты-жөнү – Дорн Иван Александрович
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 17-октябрь
Туулган жери – Орусия,Челябинск шаары
Кесиби – Ырчы, музыкант, телеалпаруучу, спортчу
Ырлары – «Стыцамэн», «Бигуди», «Түндүк жаркырагы» («Северное сияние»), «Көк, сары, кызыл менен» («Синими, жёлтыми, красными») жана башкалар

АЙДООЧУ БОЛГУСУ КЕЛГЕН ИВАН ДОРН
Иван Дорн Орусиянын Челябинск шаарында төрөлгөн. 2 жашында атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлөсү менен Украинанын Славутич шаарына көчүп келишет. Иван 2-класска чейин атасынын Ерёмин деген фамилиясын алып жүргөн. Андан соң апасы Лидиянын фамилиясы Дорнго өтүп алган. Себеби атасы аларды таштап кеткен. Ошентип, күйөөсүнө таарынган апасы баласын анын эч нерсеси менен байланыштырбоону чечет.
Ырчы балалыгы тууралуу: «Славутич шаарында 8 бала бакча бар болчу. Ар бир бала бакчадан бирден бала тандалып, алар майрам күндөрү эл алдына чыгып өнөрлөрүн тартуулоочу. Апам дайым мени ошол 8 баланын катарына кошуп, ырларды үйрөтөр эле. Ал менин алгачкы жана акыркы продюсерим болуп кала берет. Эң алгач сахнага 6 жашымда, «Славутичтеги алтын күз» фестивалында кадам таштагам. Бала кезимде айдоочу болгум келчү. Автобуска жүргүнчүлөрдү салып, каалаган жерлерине жеткизип, анан микрофондон улам кезектеги аялдаманы эскертип туруу мен үчүн кызык көрүнчү. Азыр деле өкүнбөйм, музыка – менин жан дүйнөм. Ырчы болуш менин тагдырыма жазылган»,- деп келет.

«ПАРА НОРМАЛЬНЫХ» ТОБУНАН ЭМНЕГЕ КЕТКЕН?
Иван 11-класста окуп жүргөндө апасынын сунушу менен Орусиянын «Жылдыздар фабрикасы-6» теледолбооруна катышып, алдыңкы 20 катышуучунун катарын толуктайт. Аталган теледолбоордун акыркы турунда жеңилип калат. 2006-жылы Иван Киевдеги И.К.Карпенко-Карый атындагы Улуттук театр, кино жана телевидение университетинин кинематография факультетине тапшырат. Студент кезинде алпаруучулук жагынан өзүн сынамакка М1 телеканалына келип, көп ийгиликке жетишет. Дал ушул жайдан кесиптеши Анна Добрыдневаны жолуктуруп, экөө «Пара нормальных» дуэтин түзүшөт. 2008-жылы 4-октябрда аталган дуэт «Бактылуу аякташын ойлоп табам» («Я придумаю happy end») ырлар жыйнагын жарыкка чыгарат. 2010-жылы Иван Дорн аталган топтон чыгып кеткен. Иван топтон кеткен себебин келишимдин бүткөндүгү жана жеке өзү мындан да чоң ийгиликтерди жаратып, бийиктиктерди багынта тургандыгы менен түшүндүргөн.

«МЕН ЫРЛАРЫМДЫ САТПАЙМ»
Айткандай эле, тез аранын ичинде популярдуулукка жетишип, бардык жерде болгон концерттеринде жана ал ырдаган клубдарда билеттер түгөнүп, элдин көптүгүнөн ырчы өзү сахнага жол таппай калган учурлар болууда. «Мен ырларымды радиого «коюп бергиле» деп алып барбайм жана сатпайм. Иштеп чыккан ырларымды интернет аркылуу жайылтып жиберем. Күйөрман да издебейм. Ал жакта каалоочулар табитине жараша ырларды угушат, клубдарда да коюшат. Эгер чыгарма угуучуларга жага турган болсо, кайдан болсо да таап алат. Аларды качан күйөрмандарым жаттап бүтүп калганда гана радио, телевидение өздөрүнө угарман топтоо үчүн аргасыздан коюшат. Клип тартуу деле ушул сыяктуу. Даяр продукциямды интернет булактарына жүктөйм, бир аз убакыт өткөндөн кийин көгүлтүр экрандан көрүп калам. Демек, жаштар арасында талантымды кадырлагандар көп»,- дейт ырчы.

«СТЫЦАМЭН» КАНЫКЕЙДИН «НОСОНТЭСИ» СЫМАЛ...
Адатта, оригиналдуу ырчылар өздөрүнө гана тиешелүү сөздөрдү, кийинүү стилин, өзүн-өзү алып жүрүүнү ойлоп таап, коомчулуктан өзгөчөлөнүп турушат. Мындай ой айтылганда ата мекендик шоу-бизнесте Каныкей эске түшөт. Ал өзүнүн «Носонтэ» ырынын маанисин сураган адамга жан дүйнөсүндөгү аталышы жок сөздөр менен түшүндүрүп жүрбөйбү. Ал эми сөз болуп жаткан Иван Дорндун «Стыцамэн» ырынын котормосу жок, бирок аныктамасы стилдүү, клубдарда жана сайрандарда коомчулукту «жардыра» турган ачык-айрым, тартынбаган жигит деп түшүндүрөт. Учурда Иван Дорндун ыры жаңырбаган клубду кезиктирүүгө мүмкүн эмес. Анын ырлары жаштардын табитине шайкеш келип, ачык-айрым, көңүлдүү эс алууга чакырган, позитивдүү мотивдер, жаргондор менен коштолот.
Ивандын жеке жашоосуна кайрылсак, башка жылдыздар сыяктуу дайым ар бир кадамынан коомчулукка кабар бербестен, сыр сактап келет. Анын ким менен сүйүү мамилесин куруп, кандай шартта жашап жатканын өзүнөн учкай гана угууга болот. Учурда 5 жылдан бери классташы Анастасия Новикова аттуу бийкеч менен сүйүү деңизинде сүзүп жүргөн чагы. Бирок ага бул тууралуу суроо узатса башка бир кызыктуу нерселерди айтып жатып кутулуп кетет. Ивандын ордуна анын болочоктогу кайненеси Елена Новикова «күйөө балам Иван Дорн кызым Настя менен беш жылдан бери мамилелеш болуп, бирге жашап келишет. Экөө тең бойго жеткен адамдар. Кандай жашаса өздөрү билишет. Ал эми никелешүү үчүн каттоого тургула деп кеп баштоо ата-энелер үчүн эмес» деп түшүндүргөн. Экөөнүн туруктуу сүйүү мамилесин Ивандын кесиптеши «Пара нормальных» тобунун ырчысы Анна Добрыднева дагы тастыктап, аларды таттуу түгөйлөрдүн катарына кошорун айткан.

Гүлжан Асанкожоева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
shazi
2013-04-29 15:28:43
Жагат ушу ырчы ырлары соонун.
0
shustro_bystro
2013-04-29 17:19:14
от души ырчы,ырларынын баары суперррр!!!
0
Ula672112
2013-04-29 23:22:14
ВИКТОР ЦОЙ жонундо да жазгылачы супер инфо!
+1
admin_media
2013-04-30 10:04:08
Ula672112,
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
konfetka_love
2013-05-03 18:31:42
maga ozgocho Bigudi ayabaijagat!
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан