Чүй облустук ИИББинин кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн рейд учурунда бир нече жашыруун борделдер табылды. Кейиткени, сойкулук менен алектенген деп кармалгандардын арасында кош бойлуулар да, күйөөсү барлар да жолукту.
СОЙКУЛАР ҮЧҮН МЫЙЗАМ ЖОК
12-13-апрель күндөрү Чүй ОИИББинин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери СОБРдун кызматкерлери болуп «Өспүрүм» аталыштагы сойкулук менен алектенген жаш өспүрүм кыздарды аныктоо, алардын сойкулукка берилип кетүүсүнө бөгөт коюу, притондорду аныктоо боюнча рейд өткөрүштү. Анын алкагында облустагы көптөгөн сауна, сойкулар иштеген мейманканалар текшерилди. Маалымат сыртка чыгып, сауналардын жетекчилиги мекемелерин жаап салбашы үчүн рейд жашыруун пландалып, райондордогу кесиптештерине да айтылган эмес. Себеби сауналарга «крыша» болгон милиция кызматкерлери да жок эмес.
Мындан бир нече ай мурун ошол убактагы Ички иштер министри Шамиль Атаханов да сауналарга, сойкуларга «крыша» болгон милиция кызматкерлери жөнүндө фактылар бар экендигин айткан эле. Ошентсе да рейд болуп жатканын угуп, көпчүлүк сауналар жабылып калган. Жалпысы 15-20 сауна, шектүү 3-4 мейманкана текшерилип, 30дай кыз-келин кармалып, ал эми өздүгүн аныктоочу документтери жоктордон 5 кыз «приёмник-распределителге» камалган. Рейд журналисттер менен чогуу өткөрүлгөндүктөн, бир да сауна-мейманкананын ээси келип, чечишип кеткен жок, бирок телефон чалып «разводить» эткенге аракет кылгандар болду. Сойкулар үчүн атайын мыйзам жок болгондуктан, кармалгандардын манжа издери алынып, каттоого алынат да кайра эле коё берилет. Андан соң алар кайра өз иштерин уланта беришет.
НИКЕ ШАКЕГИН ТАГЫНЫП ИШТЕГЕНДЕР ДА ЖОЛУКТУ
Милиция кызматкерлери кайсы жерде кандай сауналар бар экендигин алдын ала аныктап алышкан. Алардын көпчүлүгүндө сойкулар жашашкан. Кээ бирлеринде жыгач сөрүлөрдө жатып иштешсе, кээ бир жерлерде кыздар саунанын бир бөлмөсүнө коюлган 2 ярустуу темир керебеттерде тыгылып кир шейшептерде жашашкан.
Сойкулардын орточо жашы 18-20 жаш болсо, бирок арасында жашы өтүп калгандары, жакында эне болом деп тургандары да бар болуп чыкты. Торсоюп чыгып калган курсагы да сойкулук менен иштөөгө жолтоо болгон эмес. Кармала берип көнүп калышканбы, айтор, кээ бирлери формачан кирген милиция кызматкерлеринен да, камералардан да оңтойсузданып калышкан жок. «Мындай туруп берейинби же мындайбы?» дешип камерага «позага» туруп беришкендери да болду.
Кармалгандардын арасында жаш өспүрүмдөрдөн тартып, нике шакегин тагынып, 2-3 баланын энесимин дегендерге чейин болду. Сокулук районундагы бир саунада иштеп жаткан 16 жаштагы өспүрүм кыз кармалган. Аны милиция кызматкерлери ата-энесине алып барып тапшырышканда, алар кызынын бул жолдо иштеп жатканын билбегенин айтып ооздору ачылган.
Рейддер дайыма өткөрүлүп турганы менен, кармалгандарга карата эч кандай чара көрө алышпайт. Ал үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Болгону притон кармаганы үчүн мекеменин администраторун жоопкерчиликке тартуу мүмкүн. Бир канча убактан кийин анын ордуна башкасы иштей бермекчи. «Эмне үчүн бул кадамга бардың?» деген суроого сойкулардын дээрлик бардыгы «жумуш жоктугунан, акча тартыштыгынан» деп жооп беришет. Бирок илгери деле мындан оор жашоо, ал тургай ачарчылык заман болгон. Анда деле
кыздар денесин сатпастан таза эле жашап келишкен. Ошондуктан турмуштук көйгөйгө жамынып, ушундан келип чыкты деш бул – жөн гана арамзалык, жалкоолук...
ДҮЙНӨЛҮК СТАТИСТИКАДА
Дүйнөлүк статистикага таянсак, мыйзамсыз адам трафиги киреше алып келүү жагынан баңги бизнеси жана курал сатуудан кийин үчүнчү орунда турат. Чет өлкөгө алып кетүүнүн эң көп таркагандары – «бийчилик», «фотомоделдик», «тейлөө кызматтары» жумуштары. Барган соң кыздардын паспорт, телефон, акчаларын алып коюп, билет, тамак-ашка болгон карыздарын актап бүткүчө бекер иштетишет. Карызын өмүр бою актай албашы да толук мүмкүн. Акча талап кылбашы үчүн кээ бир сутенёрлор кыздарды баңгиликке берилтип койгон учурлар да кездешет. Андайлар акча эмес, доза жана тамак үчүн гана иштеп калышат. Анча-мынчасы гана ийгиликтүү болуп ири притондорго туш келип акча таап келбесе, калгандары андан ары жок болушат.
Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:«СОЙКУ БОЛГОНЧО АБЫШКАГА ТИЙИП ЖАНЫН БАГУУ АБЗЕЛ»
Коомубуздагы бул терс көрүнүштү кандайча токтотууга болот же шариятта кандай жаза болот деген соболубузга дин аалымы ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ төмөндөгүдөй жооп берди: – Сойкунун тапканы шарият боюнча арам деп таанылат. Уурулук кылып, коррупция менен же мародёрлук кылып, чочко багып тапкан сыяктуу эле арам оокат. Ал тамак менен бала-чаканы багууга болбойт.
Экинчиден, шариятыбызда сойкулук менен жан баккан эркекпи же аялбы, айырмасы жок, эгер үй-бүлөлүүлөр болсо таш бараңга алынып, өлтүрүлөт. Алардын тирүү жашаганга укуктары жок болуп саналат. Анткени үй-бүлөлүү болуп туруп коомду бузуп жатышат. Ал эми бойдоктордун ар бирине жүздөн балак уруп, анан үйлөнтүү керек. Учурдагы заман менен алганда, сойкулук менен алектенгендин ордуна эгерде тыйынга муктаж болуп турса, акчасы көп абышкаларга турмушка чыксын. Эгер эркектин кучагына муктаж болуп турса, анда экинчи же үчүнчү болуп эрге тийсин. Эркектер да сойкуга барып, өз аялынан башкалар менен ойноштук кылуунун ордуна ошол аялды экинчи, үчүнчү же төртүнчү кылып никелеп алсын. Адал болот! Адамдар бир нерсени түшүнбөйт. Сени менен жаткан сойку сенден башка менен да жатат, аны менен жатмак турсун өбүшүүнүн өзү канчалык жийиркеничтүү.
Үчүнчүдөн, сойкулуктун түбүн соолутуу үчүн ыймандан башка жол жок. Жумушсуздукту шылтоо кылалы десек, курсагы ток сойкулар бар, демек, маселе Кудайдан коркууда турат. Ошондой эле шарият өкүмдөрүн мыйзам аркылуу киргизүү керек. Сойкуларды таш бараңга алып уруп өлтүрсөк, калгандары сопу болуп калат. Башка жолу жок.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg