Жалал-Абад шаарындагы №3-орто мектепте «Куунак жашоого умтулуу» деп аталган иш-чара өттү. Мектеп директору Мендирман Эламановдун айтымында, 5-8-класстар арасында ден соолукту даңазалаган спорттук оюндар, үгүт чаралары өткөрүлүп, ал иш-чарага мектептин мугалимдери, ата-энелер катышты. Өзүнүн жөндөмү, таланты менен өзгөчөлөнгөн окуучулар диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Иш-чаранын өтүшүнө ата-энелер демөөрчүлүк кылган.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg