Планетаны кара тумандай каптап бараткан илдеттердин бири – баңгилик. Баңгизатына кара куурайдан жасалган заттар да кирет. Дүйнөдө кара куурайдан жасалган баңгизаттарды 144 миллиондон ашык адам колдонот.
Кара куурайдын бөлүнүшү
Атайын айдап өстүрүүчү түрү, индиялык түрү (ганджа) жана жапайы (отоо чөп түрүндөгүсү) түрү бар.
Жылуу климатта өскөн кара куурай көбүрөөк чайыр бөлүп чыгара тургандыктан, андан жасалган зат аң-сезимге көбүрөөк таасир берет (психоактивдүү заттар).
Посконь, матерка
Куурайлардын эркеги посконь деп, ал эми ургаачылары матерка деп аталат. Эркектеринин бою узун, өзөгү ичке, жалбырактары суюк, эрте гүлдөйт. Ургаачысынын бою кыска, жалбырактары коюу жана кеч гүлдөйт. Дал ушул ургаачыларынын акыл-эсти тумандатуучу күчү чоң болгондуктан, андан жасалган зат кымбат бааланат.
Кара куурайдын колдонулушу
Мурда...
Уругу татымал катары колдонулчу.
Көптөгөн өлкөлөрдө кендирден (кара куурай буласынан) кагаз, кийим, бут кийим, аркан, жип, парус жасалчу.
Кара куурайдан алынган эфир майы косметика каражаттарынын курамына кошулчу.
Мал жана тоок чарбачылыгында тоют катары пайдаланылган.
Учурда...
Кара куурайдан дары жасалат.
Францияда, Испанияда, Италияда өстүрүлгөн кара куурайдан жогорку сорттогу кагаздар чыгарылат.
Кытайда кара куурайдын өзгөчө сорту айдалат. Мисалы, “Ягээр” корпорациясы эле бир жылда 5000 тонна кара куурай өстүрүп, өнөр жайларга текстиль үчүн сатат ж.б.
Кыскасы, кара куурай – татымал, кийим, дары...
Кара куурайдан жасалуучу заттар
Марихуана. Бул анаша деген ат менен да белгилүү. Кара куурайдын кургатылып, майдаланган түрү. “Марихуана” – португал сөзү, бизче “мас кылуучу” дегенди билдирет. Марихуана кара куурайдын үстүңкү бөлүгүнөн (жалбырагы менен сабагы) жасалат.
“Бошки”, “шишки” – ургаачы кара куурайдын гүлдөрүнүн кургатылганы.
“Шала”, “шалва”, ”палки” – майдаланган кара куурайдын эленгенден кийинки калган упадай майдасы.
“Химка” – кара куурай тундурмасы(экстаркты).
Гашиш (шарас, анаша) – кара куурайдын чайырынан жасалат. Бул пластилин деп да аталат.
Гашиш майы. Өсүмдүк майы катары тамак-ашка же лак, боёктун курамына кошулушу мүмкүн.
Ушулардын ичинен марихуана боюнча кененирээк сөз кылабыз.
Марихуана
Марихуананы тартууда жана жыттоодо колдонулуучу буюмдар:
Канжа. Бул пайп (англисчеден которгондо “канжа”), девайс (англисчеден которгондо “чегүүгө ылайык буюм”) деп да аталат. Дүкөндөрдөн сатып алууга болот.
Пипетка. Медициналык пипетканын ичине жогорку сорттогу марихуана салынып чегилет.
Кальян. Бул жөнүндө айтпасак да белгилүү.
Бульбулятор. Пластикалык бөтөлкөдөн колдо жасалат.
Желим бөтөлкө. Суусундуктун желим бөтөлкөсүн алып, анын оозун ортосунда тешикчеси бар фольга менен жабышат. Анан бөтөлкөнүн түбүн зажигалка же башка нерсе менен тешет. Бул кандайдыр бир даражада канжанын ролун ойнойт. Марихуана бөтөлкө ичине салынып, чегүүгө өтүлөт.
Колдонулушуна жараша бөлүнүшү
“Косяк”. Колдо жасалуучу сигара. Кагазга марихуананы ороп тартышат.
“Пирог” же “сагыз”. Пресстелген марихуана. Муну чайнашат. Баңги соодагерлери муну көбүнчө кара куурайдын калдыгынан жасашкандыктан, таасири анча эмес. Ошол үчүн арзан дагы.
“Корабль” (“куча”). Сабагы, уругу менен кошо кургатылганы. Кагазга оролуп же ичи бошотулган папироско салынып чегилет. Марихуананын булардан башка да колдонуу түрлөрү бар.
Адамга таасири
Марихуананы колдонгон соң анын таасири дароо эле сезилет. Баңгизат мээге барып, анда 2-4 саатка чейин бийлигин жүргүзөт. Эгер марихуана суусундукка же тамак-ашка кошулуп кабыл алынса (мисалы, пирогго), анда таасири кечирээк (адатта 1 саатта) башталат да, адамды эс-мас кылуусу 4-12 саатка чейин созулат.
Чеккенде бир нече мүнөттөн соң жүрөк баттан сого баштайт (мүнөтүнө 90-120 ирет). Көздүн кан тамырлары кеңейгендиктен, анда кан толуп, көз кызарат. Тил булдуруктайт. Баңгизат мээге жеткенде адамда магдыроо (эйфория) келип чыгып, ооз кургайт. Адамда ачка болгондогудай сезим пайда болот. Бир канча убактан соң магдыроо тарап, адамдын денеси жанчылгандай болуп, уйкусу келет. Кээде марихуананын таасири коркууга, бир нерседен шектенүүгө же паникага түшүүгө жеткирет.
Чоң дозасын кабыл алгандардын көзүнө ар нерселер көрүнөт. Кээ бирөөлөрдө шизофрения оорусу келип чыгуусу да ыктымал. Марихуана тартуу өпкөнүн жана дем алуу органдарынын рагынын келип чыгышына жеткирүүсү мүмкүн. Анткени анын түтүнүндө тамекинин түтүнүнө караганда зыяндуу заттар 50-70 пайызга көп. Баңгизат артериалдык кан басымды жогорулаткандыктан, инфарктка кабылуу коркунучу да чоң. Кош бойлууларда бойдон түшүү же баланын өлүү төрөлүшү күтүлөт. Төрөлгөн күндө да дени сак төрөлүшү күмөн.
Баңгизаттарга каршы күрөш
2007-жылы Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги жана баңгизаттарды токтотуу боюнча ыкчам тобу (MOBITS) тарабынан 117 килограмм героин, 26 килограмм апийим, 673 килограмм марихуана, 33 килограмм нашаа алынып жок кылынган.
2008-жылы 55 килограмм героин, 27 килограмм апийим, 184 килограмм нашаа, 754 килограмм марихуана жок кылынган.
2009-жылдын 26-июнуна чейин 600 килограмм баңгизат алынган. Мунун 250 килограммы апийим жана героин.
Кызыктуу фактылар
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg