23-апрелде Нарын шаарындагы Сагымбай Орозбаков атындагы китепканада «Айылдык китепканаларга китеп белек кыл!» деп аталган акция болуп өттү. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарада облус башчысынын орун басары Чынара Абдыраимакунова, шаар мэри Баатырбек Жээналиев жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип куттукташып, белекке китеп тапшырышты. Мындан сырткары китеп белек кылуу үчүн жергиликтүү акын-жазуучулар, шаар тургундары келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор жаш муунду тарбиялоодогу китептин ролу жөнүндө ой-пикирлерин айтышты. Аталган акция аптанын аягына чейин созулат.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg