1-май күнү Бишкектеги кичи футбол майдандарынын биринде «Ырчылар» курама командасы Суперфутболго карата кезектеги машыгуусун өткөрдү. «Команданын көпчүлүгү мурунку күнү «Реал» – «Боруссия» беттешин көрүп, бүгүн уктап калышыптыр. Машыгууну ушундай аз сандагы киши менен өткөрүп жатабыз»,- дейт команданын капитаны Бактияр Токторов. Бул машыгууда ырчылар Асел Кадырбекова, Айпери Сыдыкова, «Биз» тобунун толук курамы жана башка ырчылар болушту. Машыгуу маалында Асел менен Айпери сезимдери менен бөлүшүп кетишти.
АЙПЕРИ СЫДЫКОВА, чабуулчу:
– Мен үйдө интернет менен отуруп жеңил жумуштарга көнүп калыптырмын. Бүгүн Бактияр байке менен күйүккөнчө чуркап, машыгуунун жаагын айрыдык окшойт. Мен үчүн спорт чоочун эмес. Мурун баскетбол ойноп жүрчүмүн. Эми өзүмдү футболдо сынап көрмөкчүмүн.
АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА, чабуулчу:
– Машыгуу жагып жатат. Негизи, мен спорттон өтө алыс болчумун. Мектепте окуп жүргөндө деле «ооруп калды» деген аныктама жаздырып, дене тарбия сабагына катышчу эмесмин. Бийлеп, ойноп жатып катуураак кыймылдан эле буту-колумду ооруксунтуп алган күндөр болгон. Топтон да корком. Азыр ошол фобияны жеңип, Суперфутболго катышууну чечтим. Тааныштарыма айтсам, «сен эле футбол ойноп кал» деп жатышат. Ишендире кетейин, былтыр Айперинин ойногонун көрүп, менде кызыгуу пайда болгон. Буюрса, быйыл өзүм ойнойм.
МАРАЛ КОЙЧУКАРАЕВА, «Актёрлор» командасынын оюнчусу:– Моюнга алып коюшум керек, футбол көргөндү жаман көрөм. «ЮАР-2010до» футбол түшкө кирди го. Вувузелалардын үнү телевизордон угулуп, таанышыңа чалсаң «футбол көрүп жатам» деп... Айтор, катуу көңүл калган. Бирок футбол ойногон жагат. Командага чакырышты эле, ойноону чечтим. Бизде бир гана максат бар, өз күчүбүздү майданда сынап көрүү.
ФАРИДА КАРБОСОВА, «Ырчылар» командасынын оюнчусу:– Футболду жакшы ойнойм деп айта албайм. Бирок чуркап, алдоо ыкмаларын билем. Мен, негизи, волейбол боюнча окуучу кезде мектептин командасынын башында турчумун. Волейбол боюнча мелдеш уюштурсаңыздар, анда өзүм биринчи болуп колдоп, команданын капитаны болгонго да даярмын. Суперфутболду уюштуруучуларга, анда ойноочу командаларга ийгилик каалайм. Мен азыр концерт менен алаксып, машыгууларга барбай калып жатам. Капитаныбыз Бактияр байке ойнотпой койбосо болду...
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg